Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Бээжин: Кыргыз элчилеринин Жузеппе Кастилионе тарткан боёк сүрөтүнүн чоо-жайы


Жузеппе Кастилионе тарткан кыргыз элчилердин сүрөтүнүн бөлүгү. 1758.
Жузеппе Кастилионе тарткан кыргыз элчилердин сүрөтүнүн бөлүгү. 1758.

Кытайда кыргыз элинин көөнө жана орто кылымдардагы тарыхы түгүл, жаңы доордогу тарыхы боюнча да мол маалымат сакталып келет. Алардын бири – теги италиялык болгон жана цин-манчжур падышасына кызмат өтөгөн сүрөтчү Жузеппе Кастилионе тарткан сүрөт. Тарыхчынын блогу.

Сүрөтчү тууралуу кыска маалымат

Жузеппе Кастилионе (орусча Джузеппе Кастильоне; италиялыкча Giuseppe Castiglione; кытайча 郎世寧; кыргызчага бул ханзуча жаңы ысым “Лийаң Шыниң деп транскрипцияланат) – сүрөтчү жана христиан динин таркатуучу, теги италиялык.

Ал цин-манчжур сулалеси бийлеген Кытайдагы ак сарай сүрөтчүсү болуп калган жана кытайлык боёк сүрөт тартуу өнөрүнө европалык таасирди ширелткен даңазалуу сүрөткер болгон. Аны көркөм өнөр аркылуу элдердин маданий көпүрөсүн курууга өз кышын кошо алган данакер катары бааласак болот.

Ал 1688-жылы 19-июлда Италиянын Милан шаарынын Сан Марчеллино (San Marcellino) бөлүгүндө туулган. (Салыштырсак, бул доордо Ала-Тоодогу кыргыздар ойрот хандыгына каршы өз эгемендиги үчүн салгылашып жаткан, ал эми цин-манчжур сулалеси бийлеген Кытай ал кезде Чыгыш Теңир-Тоо менен тикелей иши жок Чыгыш мамлекети болгон.

Жузеппе бала чагында жергиликтүү сүрөтчүлүк өнөрканасында (Bottega degli Stampatori) таалим алган.

1709-жылы (19 жашында) ал христиан дининин иезуит агымына кирген. Римдеги католик чиркөөсүнүн ичинен диниятчы эркектердин өзгөчө тобу (тарыкаты же ордени) катары 1534-жылы негизделген бул агым илим, агартуу жана католиктик динди тынч жайылтуу мүдөөлөрүн жүзөгө ашырган.

Өзүнүн урааны “Кудайдын куттуу даңкына карай” (“Ad majorem Dei gloriam”) деген сөздөр менен чечмеленген бул агымдын өкүлдөрүнө динди бекем карманбастан, байистүү болуп, айдыңдык (секулярдык) жашоо таризин өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берилген.

Иезуиттердин бир катар өкүлдөрүн кайсы бир деңгээлде айдыңдыкка, билимге, өнөргө жана элдердин достугуна чакырган мусулман сопулардын (суфийлердин) айдыңдык катмарына окшоштурууга болот. Сопулардын мындай катмарына Кожо Акмат Йассави, Акмат Йүгнеки, Жалалиддин Руми, Ажы Бекташ Вели ж.б. кирет эмеспи.

Жузеппе иезуит болсо да, эч качан дин кызматкери болуп дайындалган эмес. Ал тек гана иезуит тобуна анын карапайым мүчөсү – “карапайым бир туугандардын” бири – катары кошулган. Тек гана салыштырмалуу аны сопу эшендердин мүриттерине (карапайым жолдоочуларына) окшоштура алабыз. Атайын дин кызматкери болбогон соң, мындай жөнөкөй иезуит өкүлдөрү диний жөрөлгөлөрдү жүргүзүү сыяктуу милдеттер менен байланган эмес.

XVII кылымдын соңунан тартып цин-манчжур Кытайынын падышасы (императору) өзүнүн ак сарайына европалык иезуит сүрөтчүлөрдү ишке ала баштаган.

XVIII кылымдын башында Кытайдагы иезуиттер тобу Батыш Европадагы диндештеринен Бээжиндеги падышалык ак сарайга дареметтүү иезуит сүрөткерин жөнөтүү суранычын билдиришкен.

Жаш жана таланттуу сүрөтчү жана иезуит Жузеппе Кастилионе мырза дурус талапкер катары табылган. Ал өзү да бул чакырууну кабыл алган.

Оболу ал 1710-жылы португалдык Коимбра шаарына келип, мында шаардын жаңы ири чиркөөсүнүн бир канасын өз сүрөттөрү менен жасалгалаган.

1715-жылы августта ал Кытайдын Макао жергесине келип, ошол эле жылдын соңунда цин-манчжур сулалесинин байтактысы Бээжин шаарына келип жеткен.

Жузеппе Кастилионе “Каңши” (“Гүлдөгөн жана Нур чачкан”) деген башкаруу урааны бар жалпы кытайлык төртүнчү манчжур императорунун кабылдоосунда болгон кезде, уламышка караганда, падышанын көзүнчө куштун татынакай сүрөтүн тарткан экен.

(Бул манчжур тектүү падышанын ураан аты -- девизи орусча транскрипцияда Канси деп берилет; анын манчжурча өз аты Айсингөро Сүйанйе; 1654–1722; ал тактыда алты жашынан тартып, жалпысынан 1661–1722, б.а. өмүрүнүн соңуна чейин отурган).

Кастилионе падыша Айсингөро Сүйанйе (“Каңши”) өлгөндөн кийинки такты мураскорлорунун тушунда да ак сарайдагы сүйүктүү сүрөткер катары кызмат өтөгөн.

Каңшиден кийин “Йоңчжэн” (“Телегейи тегиз жана адилет”) ысымы менен такка отурган падыша Айсингөре Инчжэн (1678–1735; такта отурган мезгили – 1722–17350-жж.) аз сандуу этносторго жана келгин иезуиттерге кысым көрсөткөн, бирок сүрөтчү Кастилиони анын учурунда деле бакыбат жашаган.

Ал эми Кытайдагы цин-манчжур сулалесинин өзгөчө кубаттуу доорунда өкүм жүргүзгөн Айсингөро Хунли (башкаруудагы ураан аты “Чианлоң” – “Кебелбес жана Даңазалуу”; орусча транскрипциясы “Цяньлун”; өмүр жылдары – 1711–1799; такта отурган мезгили – 1736–1795-жж.) деген падышанын мезгилинде Кастилионе өзгөчө сый-урматка жана даражага ээ болгон ак сарай сүрөтчүсүнө айланган.

Жузеппе Кастилионе 1766-жылы 17-июлда Бээжин шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү жогорку сый-урмат менен акыркы сапарга узатылып, иезуиттердин Бээжиндеги көрүстөнүндө жерге берилген.

Манчжур ханы Нурхачинин аскерлери Кытайдын Миң сулалесинин калайыгын багындырган учур. 1621-24-жж. сүрөт.
Манчжур ханы Нурхачинин аскерлери Кытайдын Миң сулалесинин калайыгын багындырган учур. 1621-24-жж. сүрөт.

Борбордук Азиядан келген кыргыз жана башка элчилердин кабыл алынышын тартуу

Алтай тектүү элдердин бири болгон манчжурлар бийлеген Цин сулалесинин мамлекети 1757–1758-жылдары Чыгыш Теңир-Тоо, Жуңгария жана Тарим ойдуңу тарапка илгерилеп, акыры мындагы Жуңгар хандыгы (1635–1758) биротоло ойрон болгон.

Дал ушул 1750-жылдардын соңунда кыргыз жана казак элчилери цин-манчжур мамлекетинин байтактысы Бээжин шаарына келишкендиги тууралуу кытай жазма булактары кыйла даана чагылдырышкан.

1758-жылы кыргыздын сарыбагыш уруусунун төбөлдөрүнүн бири Черикчи-бий Темир уулу жетектеген кыргыз элчилери (саяктан Түлкү Айт уулу, солтодон Нышаа, саруудан Бореке уулу Акбай ж.б.) Кытайдын императору Чианлоңдун расмий кабыл алуусунда болуп, ага белек-бечкек тапшырган.

Бул элчилер жөнүндө Кытайдын Цин доорундагы жазма булактарында таасын чагылдырылган.

Маселен, “Чиң (Цин) сулалеси жосундары” деген эмгекте Чианлоңдун 23-жылы “Черикчи, Толчубайлар кан сарайга саламга келген”, деп жазылган.

(Караңыз: – Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. – 442-бет. Кыргызча арап арибинде).

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү: Шинжаң эл баш басмасы; Шинжаң эл басмасы, 2014. — Кыргызча жана ханзуча текст камтылган китептин кыргызча мукабасы.
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү: Шинжаң эл баш басмасы; Шинжаң эл басмасы, 2014. — Кыргызча жана ханзуча текст камтылган китептин кыргызча мукабасы.

Мындагы Толчубай – ысымы жаңылыш (окшоштурулуп) жазылган кыргыз өкүлдөрүнүн бири. Аны Түлкү бий деп оңдоп окууга болот.

Дал ушул кыргыз элчилеринин Бээжиндин сыртындагы падышалык Муран (Мулан) коругунда расмий кабыл алыныш аземи Жузеппе Кастилионе тарабынан боёк сүрөткө чагылдырылып калган (төмөнүрөөктө толук баяндалат).

Айрым замандаштарыбыз кээде интернет жайытында (кытайлык кыргыздар кыскартып айткандай, тордо) цин-манчжур ак сарайынын сүрөтчүсү Жузеппе Кастилионенин көркөм мурасын кыргыз тарыхчылары мурда билген эмес дегендей таризде жазып жүрүшөт.

Менимче, бул сүрөтчү тууралуу Анвар Байтур жана Галина Супруненко сыяктуу кытай жазмаларын окуп-изилдеген аалымдарыбыз XX кылымда эле кабардар болушкан.

“Тартар” ("татар", б.а. Чыгыш Теңир-Тоодогу түрк элдеринин) элчилери Кытайдын Цин (Чиң) сулалесинин императору Чианлоңго аргымак тартуулоодо. 1757-жылы Жузеппе Кастилионе (1688–1766) тарткан сүрөт.
“Тартар” ("татар", б.а. Чыгыш Теңир-Тоодогу түрк элдеринин) элчилери Кытайдын Цин (Чиң) сулалесинин императору Чианлоңго аргымак тартуулоодо. 1757-жылы Жузеппе Кастилионе (1688–1766) тарткан сүрөт.

Аргымак тартуулаган элчилердин сүрөтү

Ал эми 1996- жана 1998–2000-жылдары Улуу Британиянын борбору Лондон шаарындагы илимий китепканаларга барып жүргөн чагымда бир англис тилдүү эмгектен Жузеппе Кастилионе тарткан кыргыз элчилеринин сүрөтү деп сыпаттама берилген чыгарманы көрүп калдым.

Аны 2000-жылы кесиптешим, досум Кыяс Молдокасымов менен калемдешип жазган китепке да киргиздим.

Ж.Кастилионе 1758-ж. тарткан элчилердин сүрөтү окуу куралында. 2000.
Т.Чоротегин менен К.Молдокасымовдун “Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин)” деген китебинин (Бишкек, 2000) 73-бетинде 1757-жылы Ж.Кастилионе жараткан сүрөт камтылып, анда “кыргыз элчилери тартылган” деп сунушталган.

Бул түстүү боёк сүрөт өтө узун (жайык) тартылгандыктан, анын түп нускадан фото көчүрмөсүн толугураак көрүү үчүн окурмандарды береги шилтемедеги № 3 жана № 4 барактарга назар салууга чакырам: wmf.org/sites/default/files/article/pdfs/pg_24-30_qianlong.pdf

Жогорудагы сүрөттүн чагылдырылышынын окуясы андан ары да өнүктү.

2005-жылдан кийин бир ирет казактын белгилүү чыгыш таануучусу, профессор Меруерт Абусейитова эжеке менен эл аралык илимий жыйында баарлашып калып, андан Бээжинде сакталган бир катар ханзу (б.а. кытай) жана манчжур тилдериндеги булактардын казак жана башка чыгыш түрк калктарына таандык маалыматтары Казакстанда атайын жыйнакта иргелип жарык көргөндүгү жөнүндө уктум.

Баарлашуу маалында Меруерт эжеке жогорудагы сүрөт казактарга таандык экендигин айтканда, чындыгында, бир аз таң кала да түштүм. Өзүм өткөн кылымда окуган англисче басылмада ал сүрөт даана эле кыргыз элчилеринин Кытай падышасы тарабынан расмий кабыл алынышын чагылдырган деп жазылган, деп ага айттым.

Меруерт эжеке өзү орто кылымдардагы фарсы жана чагатай жазмаларын түп нускасында иликтеген таланттуу булак таануучу. Ал дагы өз оюн берген жок.

Кызык, “Википедия” дагы бул сүрөттү жарыялаган жана анда төмөнкү кыска аныктама коштолуп жазылган:

Handscroll of the Qianlong Emperor receiving tribute horses from Tartar envoys (soon after the conquest of Xinjiang)”.

Анын кыргызча аныктамасы: “Тартар (“татар”, б.а. Чыгыш Теңир-Тоодогу түрк элдеринин) элчилери Кытайдын Цин (Чиң) сулалесинин императору Чианлоңго аргымак тартуулап жаткан учур”.

1757-жылы Кастилиони тарткан делген ушул сүрөттү Францияда сакталган жеринен көрүп келүү өтүнүчү менен бир кыргыз тарыхчы агайга кайрылдым. Ал Парижде жүргөн эле. Бирок ал агайым да шарты жок алиги шаарга бара албай кайтты.

2012–2018-жылдары, Кытайдын ШУАРындагы кыргыз тарыхчылары жана башка айдыңдары менен кыргызстандык илимпоздордун өз ара саякат куруп, байма-бай кезигишүүлөрүнүн бир алтын терезеси ачылган чакта (буюрса, бул терезе кайрадан ээн-эркин ачылып калгысы бардыр) мен кытайлык кыргыздардын ичинен илимий усулу жана тактыгы жаатында айырмаланган бир катар окумуштууларга жогорудагы сүрөт жөнүндө суроо-сопкут берип кайрылып жүрдүм.

Акыры 2015-жылы мага ханзуча билген тарыхчы адис, ШУАРда жашаган Зайыр Жумаш иним жооп жазып, жогорудагы сүрөттү чын эле кыргызга таандык деп так кесе айтууга болбой тургандыгын, бул жаатта башка да ханзу булактарын изилдеген адистер менен талкуулагандыгын билдирди.

Албетте, Меруерт эжекеники туура чыккансыды. Бирок акыркы чекитти коюу үчүн заманбап чыгыш таануучу адистер бул сүрөттүн түп нускасындагы ханзуча жана манчжур тилиндеги тексттерди кайрадан көздөн кечирүүсү абзел.

Англисче “тартар” деген этностук аталыш ханзуча кантип жазылды экен? Балким, бул сөз менен казактар гана эмес, 1703-жылдан тартып Жуңгарияда байырлап калган калмак кыргыздар (азыркы Тарбагатай кыргыздары) деле туюнтулушу ыктымалдыр?

Бул жаатта Жаркын Турсун сыяктуу бээжиндик илимпоздордон да жооп күтөбүз.

Бээжиндин жанындагы Муран коругунда кыргыздын сегиз элчиси Кытайдын Цин (Чиң) сулалесинин императору Чианлоң менен учурашып жаткан учур. Бээжиндин теги италиялык ак сарай сүрөтчүсү Жузеппе Кастилионе (1688–1766) 1758-ж. тарткан сүрөттүн жалпы көрүнүшү
Бээжиндин жанындагы Муран коругунда кыргыздын сегиз элчиси Кытайдын Цин (Чиң) сулалесинин императору Чианлоң менен учурашып жаткан учур. Бээжиндин теги италиялык ак сарай сүрөтчүсү Жузеппе Кастилионе (1688–1766) 1758-ж. тарткан сүрөттүн жалпы көрүнүшү

Кыргыз элчилери башка сүрөттө чагылдырылган

Тарыхчы Зайыр Жумаш өзүнүн 2015-жылдагы башка катында даңазалуу ак сарай сүрөтчүсү Жузеппе Кастилионе кыргыздардан барган элчилерди дагы боёк сүрөттө чагылдырган, деп жазып, ал түгүл ал сүрөттүн түстүү фотосун да жиберди.

Бул панно боёк сүрөт “Чийанлоң хандын (б.а. императордун) Муран аңчылык майданындагы бадалдуу жерде кыргыз төбөлдөрү менен көрүшкөндө жазган ырына арналып чийилген сүрөт” деп аталган жана Чиаңлоңдун тактыдагы 23-жылы (1758-жылы0 тартылган.

Сүрөттүн көлөмү чоң (348×424 сантиметр). Ал азыркы тапта Кытай Эл Республикасынын Байыркы аксарай музейинде сакталып турат.

Боёк сүрөттүн аныктамасында “кыргыз” этноними таасын берилген экен.

Ал эми “Муран коругу” – Бээжиндин сыртындагы цин-манчжур падышасы аңчылык, салбуурун кылып эрмектей турган атайын корук жай болгон. Аны кытайча “Мулан Вэйчаң” (Mulan Weichang) деп айтышат.

Бул эски корук жайгашкан жерлер азыркы тапта КЭРдин Хэбэй вилайетине караштуу Чэндэ шаардык аймагынын Вэйчаң Манчжур-Монгол автоном үйөзүнө карайт.

Муран коругунда кыргыздын сегиз элчиси Кытайдын Цин (Чиң) сулалесинин императору Чианлоң менен учурашып жаткан учур. Бээжиндин теги италиялык ак сарай сүрөтчүсү Жузеппе Кастилионе 1758-ж. тарткан сүрөттүн чордондук бөлүгү.
Муран коругунда кыргыздын сегиз элчиси Кытайдын Цин (Чиң) сулалесинин императору Чианлоң менен учурашып жаткан учур. Бээжиндин теги италиялык ак сарай сүрөтчүсү Жузеппе Кастилионе 1758-ж. тарткан сүрөттүн чордондук бөлүгү.

Кастилионе тарткан бул сүрөттүн чордондук бөлүгүнө назар салсак, сүрөттүн оң жагындагы ала ат минип, алдыга суурулуп чыгып, жогорку мансабы сезилип турган төбөл – император Чийанлоң өзү.

Бул манчжур падышасынын бет маңдайында турган жалгыз киши – жолборс терисин тартуулап турган солон тектүү жоокер.

(Солон эли – эвенк элинин бир этносу. Солондор да тунгус-манчжур тилдеринин биринде сүйлөгөн эл. Азыр алардын айрым топтору КЭРдин Хейлуңжан вилайетинде, б.а. тарыхый Манчжуриянын чордондук бөлүгүндө, жана КЭРдин Ички Монгол автоном районунда байырлашат. Чыгыш Теңир-Тоого жана Жуңгарияга 1750-жылдардын этегинде көчүрүлгөн солондор өз эне тилин унуткарышканы айтылат.

Батышка көчкөн солондорго коңшу болуп цин-манчжурдук чек аралык кароолдо кызмат өтөө үчүн көчүрүлүп келген шибээлер (сибо) болсо Кытай Алтайын байырлап калышкан жана өз эне тилин азыркы күнгө чейин сактай алган. Бул жөнүндө фин чыгыш таануучусу, профессор Юха Янхунен (Juha Janhunen) ж.б. тилчилер жазып келишет.

Зайыр Жумаштын айтымында, бул солон жоокеринен өйдөрөөктө тизилип турган он кишинин солдон оңго санагандагы сегизи – элчи болуп келген Черикчи жана башка кыргыз төбөлдөрү.

Алардын оң тарабындагы эки киши болсо Бээжиндеги ак сарайдын кыргыз элчилерин кабыл алуу иштери боюнча тапшырмасын аткарып жүргөн манчжур төбөлдөрү.

Ошентип, Бээжиндеги ак сарай сүрөтчүсү Жузеппе Кастилионе кыргыз элчилерин да боёк сүрөткө тарткандыгы биротоло тастыкталды.

Дал ушул факттын таасири менен, балким, жогоруда англисче текстте “тартар” (“татар”) деп белгиленген элчилерди да Батыш адабиятында айрым авторлор “кыргыз элчилери” катары сыпаттап калышкандыр.

Болочокку илимий милдеттер

Бээжиндик жана бишкектик тарыхчылар, синологдор, булак таануучулар жана археологдор өз ара кызматташуусун улантып жатышат.

Кыргызстандын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдун маалымдашынча, ушул тапта кытайлык булак таануучулар топтогон ханзу жана манчжур тилдериндеги айрым жаңы булактардын топтому кыргыз тилине которулууда.

Бул жазма даректер жана башка маалыматтар дагы жогорудагы сүрөттөрдүн жаралуу доорун тактап чагылдырган орчун маалыматтарды сунуштайт деп үмүттөнөбүз.

Мисалы, Кастилионенин кыл калемине таандык боёк сүрөттөрдүн бири аркылуу кыргыз элчилери 1758-жылы Бээжинге жеткендигин жана Муран коругундагы шаан-шөкөттүү кабыл алууга катышкандыгын кошумча тастыктай алдык десек болот.

Чыгыш булактарын жаңыча изилдөөдө кыргыз, казак, уйгур, өзбек, ханзу, монгол, манчжур, тибет жана башка чыгыш таануучулардын орток иш-аракети да зарыл экендигинде шек жок.

Ал эми Жузеппе Кастилионе болсо Борбордук жана Ички Азиядагы кыргыз жана башка түрк калктарынын дипломатиялык тарыхынын айрым барактарын көркөм сүрөт аркылуу чагылдырган чыгаан сүрөткер катары Азиянын көркөм өнөр тарыхында жана тарыхнаамасында өзгөчө орун алып кала бермекчи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG