Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Фицо менен Путиндин жолугушуусунан кийин Словакияда нааразылык акциясы өттү


Словакиялыктар өкмөт башчы Фицонун орус президенти Владимир Путин менен жолукканына наарызылыгын билдирип жатышат. 23-декабрь, 2024-жыл. Братислава.
Словакиялыктар өкмөт башчы Фицонун орус президенти Владимир Путин менен жолукканына наарызылыгын билдирип жатышат. 23-декабрь, 2024-жыл. Братислава.

Словакиянын баш калаасы Братиславда бир нече миң киши премьер-министр Роберт Фицонун Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон күтүүсүз жолугушуусунан кийин өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Фицону "Саткын!" деп атап, "Менин өкмөт башчым эмес!" деген ураандарды чакырып турушту.

Айрымдар Фицонун Москвагы сапары аларды таң калтырганын айтышты.

Митингге катышкан Словакиянын мурдагы премьер-министри Эдуард Хегер словакиялыктар өлкөсүнүн аброюн коргоо үчүн аракеттениши керек экенин айтты.

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен 22-декабрда жолугушкан.

"Би-Би-Си" жазгандай, Фицо Путин менен Украинадагы согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселесин талкуулаган.

«Владимир Путин менен узак маектешүүдө биз Украинадагы кырдаал, согушту тезирээк тынчтык жолу менен аяктоо мүмкүнчүлүгү жана Словакия менен Орусиянын ортосундагы мамилелер жөнүндө пикир алмаштык. Мен бул мамилелерди нормалдаштырууну көздөйм. Мындан тышкары, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына 80 жыл толгондугуна байланыштуу иш-чаралар да көмөк көрсөтөт», — деп жазды Роберт Фицо Фейсбук баракчасына.

Ал Москвага болгон сапары украин президенти Владимир Зеленскийдин газ транзити тууралуу айткандарына жооп болгонун билдирди.

Словакия Орусиянын газын Украина аркылуу алат. «Газпром» менен Украинанын «Нафтогаз» компаниясынын транзиттик келишими быйыл аяктайт. Зеленский Киев бул келишимди узартууга ниети жок экенин айткан.

Фицо эгерде Украина Орусиянын газын өз аймагы аркылуу өткөрүүгө уруксат бербесе, эки өлкөнүн ортосунда карама-каршылык жаралышы мүмкүн экенин белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG