Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Экономика

Sorry! No content for 9 Октябрь. See content from before

бейшемби 6 Октябрь 2005

Кыргызстандын энергетика тармагында кризис уланууда. Буга негизинен пайдаланган энергия үчүн төлөбөстүктөр себеп болууда. Март ыңкылабынан кийин тармактагы абалга өзгөчө көңүл бурулат деген үмүт акталган жок.

Энергетика тармагындагы кризис мурунку бийлик учурунда күч алган. Андан чыгуу максатында энгергетика боюнча вице-премьер-министр деңгээлинде президенттин атайын өкүлү дайындалган. Бирок тармакта өзгөрүү болгон эмес. Жаңы бийлик 40% ашып бараткан жоготууларды кыскартуу талабын койгон менен, натыйжа алып келүүчү чараларды көргөн жок.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка адистер кризистен чыгуу үчүн энергетика тармагында башкарууну өзгөртүп, аны бирдиктүү компанияга айлантууну, же энергетика министрлигин түзүүнү сунуштаган. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Президенттин энергетика боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Батыркул Баетов тармактын абалын мындай баалады:

- Бүгүнкү күндө керектөөчүлөр бөлүштүрүүчү компанияларга 2.5 миллиард сом карыз болсо, бөлүштүрүүчү компаниялар өндүрүүчү жана электр энергиясын берүүчү эки компанияга 5 миллиард сомго жакын карыз. Ошону менен абал өтө оор. Ал өзгөрүүсүз, ошол бойдон калып жатат.

Абалдан чыгуу үчүн тартип керек. Бирок ал камсыз болбой жатат деген Батыркул Баетов, энергетика боюнча атайын өкүлчүлүк да жабылды, эми тармак менен тыгыз иштеген орган калбады, деген тынчыздануусун билдирди.

Мурунку бийлик тушунда энергетика тармагы менен тыгыз иштеген Базарбай Мамбетовдун айтымында, энергетика тармагы өлкөнүн экономикасынын арка бели, эгерде бул тармакта абал оңолбосо илгерилөө болбойт. Мамбетов да тармактагы кризисти башкаруунун начардыгы менен байланыштырат:

- 40 пайызга чейин электр энергиясынын уурдалып, жоготулуп жатканы башкаруу проблемасына байланыштуу. Жаш, таза адамдарды энергетика тармагынын жетекчилигине коюп, алардын алдына аткара турган ишти так аныктап бербей жатабыз.

Ал энергетика тармагындагы кадр саясатын сынга алды:

- Эң чоң электр станциялар компаниясы, улуттук электр тармактар ишканасы, андан сырткары «Түндүкэлектро», «Жалалабадэлектро», «Ошэлектронун» жетекчилигине мурда коррупцияга малынып, анын чок ортосунда отурган адамдардын коюлушу эле, президент менен премьер-министрдин тармакты оңдоого эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөтүп турат.

Азыркы кезде Кыргызнефтитрейдерлер бирикмесин жетектеп жаткан Базарбай Мамбетовдун пикиринде, Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен Казакстанга электр энергиясын 2 центтен сатуу пайдалуу болмок. Бул боюнча өкмөттүн план-позициясы иштелип чыккан эле. Бирок аны ишке ашыра албай, Орусияга арзан баада электр энергиясын сатууга аргасыз болуп жатабыз, деп белгиледи.

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык форумда эң артта калган өлкө деп табылды. Бул жыйында 116 мамлекеттен келген талдоочулар биздин өлкө Тажикистандан да артта деген бүтүмгө келишкен. Жергиликтүү айрым байкоочулар да кыргыз экономикасы 24- марттан кийинки жарым жыл ичинде өтө начарлап кеткенин айтышууда.

Дүйнөлүк форум Кыргызстанды экономикасы эң начар, КМШдагы эң арткы өлкө катары белгиледи. Учурда Кыргызстан граждандык согушту баштан кечирген Тажикстандан да артта калыптыр. Элдир-селдир экономиканы 24-марттагы бийлик алмашуудан кийинки оор кырдаал, башаламандык, стабилдүүлүктүн жоктугу ого бетер туңгуюкка кептегендей түрү бар.

Көпчүлүк байкоочулар ыңкылаптан кийинки алты ай Кыргызстанды ого бетер тукулжуратып койгонун айтышууда. Марттагы революциядан кийин президенттик шайлоону, ант берүү аземин баштан кечирген Кыргызстанда дале өкмөт курамы толук белгилүү боло элек. Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов жалаң саясий иш-чаралар менен алектенген революциядан кийинки бийликтин экономикага колу жетпей жатат дейт:

- Шайлоо жеп жүрдүк, анан инаугурация дедик. Эми болсо парламентти таратабыз деп чуркап жүрүшөт. Эл болсо терең үмүт менен Бакиев менен Куловдон көзү өтүп, карап турат. Азыр тез арада өкмөт токтоосуз экономиканы колго алышы керек. Антпесе ансыз да буга чейинки 15 жылды жоготуп алдык, дагы 15 жылды бекерге кетирүүгө акыбыз жок.

Кыргызстанда бул соңку алты айда экономикалык өнүгүү бир пайызга да жеткен жок. Ал эми Аскар Акаевдин тушунда статистикалык маалыматтар экономикалык өнүгүү 6-7 пайыз болгонун көрсөтүп турушчу. Байкоочулар бул абдан жаман көрсөткүч деп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов өлкөдө стабилдүүлүктүн жоктугу жана менчикти криминалдык жол менен тартып алуу өңдүү жагдайлардан улам инвесторлор чочуп атканын белгиледи:

- Экономикалык өнүгүү 2-3 пайыз болгондо да артка чегинүү болот. Ал эми 1 пайыз кырдаал өтө жаман экенинин белгиси. Азыр өлкөдө стабилдүүлүк жок. Анын үстүнө менчик бөлүштүрүүнүн криминалдык деңгээлге чыгышы инвесторлорду чочутуп жатат.

Учурда ишкерлер бийликтен эң ириде өлкөдө стабилдүүлүк орнотууну суранып жатышат. Ишкерлердин айтымында, коомдо тынччылык жана стабилдүүлүк болмоюн чакан жана орто бизнес жасаганга мүмкүн эмес. ЕврАзЭс ишкерлер кеңешинин төрагасы Токтосун Мадияровдун пикиринде, бүгүн ишкерлерди башка түйшүктөр да басууда:

- Күйүүчү, майлоочу майлардын кымбатташы экономикага терс таасирлерин тийгизээри бышык. Анын үстүнө Кыргызстандын коңшу Өзбекстан менен мамилеснинин начарлашы да тескери жыйынтыгын көрсөтөт. Быйыл, мисалы, газ берээр-бербеси белгисиз. Бул жагдайлар ишкерлик үчүн кыйынчылыктарды алып келет.

Бирок айрым талдоочулар бул көрүнүш мыйзам ченемдүү деген да байкоолорун ортого салышууда. Мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев революцияны баштан кечирген өлкөлөрдө экономикалык мындай артка чегинүү болот дейт. Бирок бүгүн чукул чараларды көрбөсө, 1-2 жылдан кийин өтө оор күндөр келээрин эскертет. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын эксперттери кыргыз экономикасы быйыл эки эсе начарлайт деген божомолун жарыялашкан.

Эксперттердин айтымында, быйлыкы төрт айда ички дүң продукция 1 пайыз гана болуп отурат. Ал эми былтыркы дал ушул төрт айда бул көрсөткүч 7 пайыз болчу. Европа банкынын эксперттери мындай начарлоого март ыңкылабынын түздөн түз таасири бар экенин белгилешкен.

Талдоочулар азыркы бийлик бүгүндөн тарта экономикага шымалана киришсе экен, деген пикирлерин айтып жатышат. Премьер-министр Феликс Кулов болсо Орусияга болгон сапары учурунда журналисттерге «экономикалык керемет бир заматта болуп кетпейт», - деди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG