Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Экономика

Sorry! No content for 14 Октябрь. See content from before

шейшемби 11 Октябрь 2005

Өкмөт 2006-жылга өлкөнүн бюджетин 7-сентябрда карап, долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу тууралуу чечимге келген. Парламенттин тиешелүү комитети аны өткөн жумада карап, он күндүн ичинде кайрадан иштеп чыгууга өкмөткө кайтарды.

Келерки жылга бюджет долбоорунун киреше бөлүгү 19 миллиард 349 миллион сом, чыгашасы 19 миллиард 825 миллион сом, деп каралган. Натыйжада бюджеттин тартыштыгы 476 миллион сом болуп чыккан. Инфляция көлөмү 2006-жылы 4.5 пайыздан ашпайт, ички дүң продукты 5 пайыз өсүш берет, деп болжолдонгон.

Мына ушундай параметрдеги бюджет Феликс Кулов толук кандуу премьер-министр болуп дайындалып, ал эми калган өкмөт мүчөлөрү милдетин аткаруучу болуп турган кезде жактырылган. Бирок долбоорго ошол кезде эле бир катар министрлердин милдетин аткаруучулар нааразычылыгын билдирип, вице-премьер-министр Адахан Мадумаров болсо тартышсыз бюджет кабыл алууну сунуштап чыккан. Мындай каршы пикирлерге карабай, бюджет долбоору негизинен жактырылып, парламентке жиберүү чечими кабыл алынган эле.

Бюджет долбоору Жогорку Кеңешке түшкөндөн көп узабай бюджет жана финансы комитети аны өкмөткө кайтарып жиберди. Комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков бул чечимдин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Ар бир министрлик, агенттиктердин чыгаша, кирешеси бюджетте чагылдырылыш керек. Өкмөт жиберген долбоордо андай болбой калган. Ошондой болсо да, биз бюджетти кайтарган жокпуз. Кайра иштеп чыгып, алып келсин деп жөнөттүк. Анан киреше бөлүгүнө ыраазы болбодук. Андан сырткары бюджет түзүүдө мурдагы принциптер сакталып калган. Өкмөт экономика келерки жылы 5 пайыз өсөт деп, кирешени 3-4-миллиард сомго жылдагыдай көбөйтүп койгон. Биз билебиз, киреше бөлүгүн 7-8-миллиард сомго көтөрүүгө болоорун.

Ахматбек Келдибековдун айтымында, эгерде өкмөт бюджеттин ушул бойдон өзгөртүүсүз алып келсе, анда анын парламентте жактырылышы күмөндүү. Алгач өкмөт «Салык» кодексине өзгөртүү киргизип, ошонун негизинде келерки жылдын бюджет долбоорун түзүүсү керек, дейт Ахматбек Келдибеков:

- Айыл чарба продкуциясынан кошумча нарк салыгын алып салабыз, пайда салыгын 10 пайыз, киреше салыгын да 10 пайыз төмөндөтөбүз деп президент да, премьер-министр да айткан. Бирок алардын баары бизге киргизиле элек. Биз Салык кодексине өзгөртүү киргизип, анын баарын бюджетке камтышыбыз керек. Азыр мына ушундай өзгөртүүлөрдү кабыл албай эле, бюджетти кабыл алып койсок, анан январга карай салык боюнча өзгөртүүлөр кирсе, бюджетти кайрадан түзөбүзбү? .

Ал эми депутат Марат Султанов аткаруу бийлиги бюджет түзүүдө президенттик шайлоонун алында элге берген убадаларын эске алыш керек эле деген пикирин билдирди:

- Мурун өкмөт башкача айткан эле. 5 миллиард кошумча каражат табабыз, ошонун эсебинен социалдык абалды оңдойбуз, жапа чеккендерге жардам беребиз, иппотекалык насыяларды берип, үйлөрдү кура баштайбыз деген көптөгөн программалык билдирүүлөр болгон. Ошолордун көбү бюджетке кирбей жатат. Биз ошондуктан, бюджет менен кошо программаңарды да алып келгиле деп жатабыз.

Бюджетти кайтарууга табийгат кырсыктарынан жабыркагандарга атайын каражаттын каралбашы да себеп болду, деп белгиледи Марат Султанов.

Каржы министрлигинен болсо Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча бюджет кайрадан иштелип чыгып жатканын билдиришип, бирок анда парламентарийлердин талаптары канчалык орундалаары тууралуу азырынча маалымат бере алышпастыгын айтышты.

Каржы министри Акылбек Жапаров 7-сентябрда өкмөт жыйынында бир катар министрлер өздөрүнө каржылоону көбөйтүүнү талап кылып чыкканда, «акча жок» деген жооп менен абалдан чыккан эле. Эми депутаттардын талабына кандай жооп болот, аны убакыт көрсөтөт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ооган өкмөт өкүлдөрү чет элдик инвестицияларды тартуу максаты менен АКШда жүрүшөт. Расмий Кабул америкалык инвесторлорду өлкөдө каттоодон өткөрүү оңойлотулуп, ыңгайлуу салык системасы киргизилип, жагыштуу инвестициялык климат түзүлө турганына ишендирүүгө аракеттенүүдө. Азык-түлүк өндүрүшү, туризм жана текстиль индустриясына инвестиция тартууну көздөгөн Кабул инвесторлорду өткөн үч жылдын ичинде өлкөнүн экономикасы 20 пайыздык жылдык өсүшкө жеткендигине, өсүштүн мындан аркы темптери пастабай тургандыгына ишендирүүдө. Ооган өкүлдөрү ал тургай инвестициялык климат кошуна Борбор Азия жумурияттарыныкынан да жагыштуу боло турганын айтып жатат.

Ооган өкмөтүнүн айтымында, өткөн эки жылдын ичинде өлкөдө жалпы наркы 1 миллиард 300 миллон долларды түзгөн 3 миңден ашуун жаңы инвестициялык долбор каттоодон өткөрүлдү. Бул инвестициянын жарымына жакыны чет элдик инвестолордон келди.

Ооганстандын соода министри Хедаят Амин Арсала Вашингтондогу кабарчыбыз менен болгон маегинде өлкө Казакстандын мунайын же Түркмөнстандын газын Пакистанга ташып жеткирүү өңдүү энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү ролго ээ болушу мүмкүн экенин белгилеп, мындай деди:

- Куурлар Ооганстандын аймагы аркылуу өтөт, анткени бул Пакистан менен Индияга бара турган эң кыска жол. Ошону менен бирге эле Ооганстан Борбор Азия менен Түштүк Азиянын ортосундагы көпүрө болуп бере алат. Мен муну менен Орусиядан Индияга бараткан жолдогу сооданы өнүктүрүү үчүн баарыбыздын ыңгайлуу абалда турганыбызды айткым келет.

Ошону менен бирге эле ооган министри өлкөлөрдүн конкреттүү атын атабастан, Борбор Азиялык кошуна мамлекеттер аркылуу транзиттик жүк ташуунун шарттары азырынча өтө ыңгайсыз экенин нааразы болуу менен белгиледи.

Кабулдук жетекчилердин көз карашында, Ооганстандын табигатынын кооздугу менен жапайы айбанаттар дүйнөсү өлкөдө экологиялык туризмди уюштуруу үчүн өтө ыңгайлуу:

- Эгерде биз биргелешип иштесек, Ооганстанда жана бүткүл региондо туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Менимче коопсуздук анчейин деле чоң маселе эмес.Бул проблеманы өлкөнү көрбөй-билбей туруп, көтөргөн кишилер бизди таң калтырат, -деди Арсала.

Бирок ошогон карабастан, коопсуздук маселеси чет элдик инвесторлор үчүн маанилүү проблема болуп кала берүүдө. Өткөн жаздан бери эле өлкөнүн ар кайсы жерлеринде орун алган куралдуу кагылыштардан 12 000ден ашык киши курман болду. Алардын көбү талибан согушкерлери болгондугу болжолдонот. Мунун акыркы эле мисалы: 10-октябрда Кандагарда болгон жардырууда белгилүү командирлердин бири, президент Хамид Карзайды колдогон Шах Ага жана дагы үч согушкер курман болду. Шах Ага АКШы колдогон Түндүк Альянстын мүчөсү болгон. 2001-жылы АКШ Түндүк Альянстын жардамы менен Талибан режимин бийликтен сүрүп чыккан.

Бирок Ооганстандын Инвестицияларга Колдоо көрсөтүү Агенттигинин башчысы Омар Захливал өлкөдөгү коопсуздук проблемасы маалымат каражаттарында туура эмес чагылдырып жатат, деп белгилейт:

- Ооба, анда-мында кагылышуулар болуп турат. Бирок адамдар кадимкисиндей эле жашап жатышат. Бизге келип, инвестиция жасап, ишкердик кылып жаткан бизнесмендер бар. Ооганстанга барган үч жылдын ичинде коопсуздук проблемаларынан улам өлкөдөн кетип калган чет элдик инвесторлорду көрө элекмин. Бул чыныгы абалдын индикатору.

Учурда Ооганстанда НАТО баштаган эл аралык бейпилдик күчтөрдүн 12 миң, АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн 20 000дей аскери кызмат өтөөдө. Келерки жылы НАТО баштаган күчтөрдү Ооганстандын түштүк аймактарында да жайгаштыруу пландаштырылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG