Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Экономика

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын «Газпром» концерни шаршембиде 13 миллиард долларга «Милхауз кэпитэл» деген инвестициялоочу топтон «Сибнефти» компаниясынын акцияларынын 73 пайызын сатып алуу үчүн келишим түзгөнгө жетишти. «Газпром» сатып алып аткан акциялар акысын төгүш үчүн батыш банктардан карызга акча алууну көздөп атат. «Милхауз кэпител» ээси - орусиялык ишкер жана Чукотканын губернатору Роман Абрамович.

«Сибнефти» компаниясынын акциясын сатып алууну анализчилер Орусиядагы ишканалар биригүүсүндөгү эң ириси дешет. Ал ошондой эле Владимир Путин айткан мамлекетте отун менен энергетика тармагын жакшыртуу талабын аткаргандык болду. «Газпром» эми жалпы алганда 300 миллиард доллар байлыгы бар өлкөдөгү эң бай концерн болуп калмакчы.

«Газпром» башкармасынын төрагасы Алексей Миллер буларга токтолду:

- Бул келишим жөнүнчө гана колдогу акцияларды бирин бирине кошуу эмес. Энергия кубатынын ар кыл түрүн сатуу менен биз эми кыйла ыкчам саясат жүргүзө алабыз. Натыйжада компаниянын натыйжалуулугу жана анын базардык баасы кыйла жакшырат.

«Газпром» бул жолку кеп байлашуу негизинде «Сибнефти» компаниясынан 72,663пайыз акция сатып алат. Ал эми «Милхауз кэпитэл» (Milhouse capital) компаниясы андан 13 миллиард 91миллион доллар киреше табат. Анын кожоюну, Чукотканын губернатору жана лондондук футболдук клубдун ээси Роман Абрамович анча кирешенин дээрлик көбүн алат дешет.

Экономикалык анализчи Мария Зативасова айтканга караганда:

- Албетте, Абрамович бери дегенде, сатыкка түшкөн 72 пайыздык акция кирешесинин 40 пайызга чукулун алат. Бирок азыркы туштагы «Милхауз кэпитэл» компаниясынын акция кармачулары мындан ары байлыгын Орусиялык тармактарга кошушу мени күмөн санатат, кантсе да алар эми чет өлкөлөргө кошот.

Буга дейре эле Абрамович колундагы кайсы бир орусиялык акцияларды бүкүлү пулга айлантып салган. «Аэрофлот» компаниясынын акцияларын сатып ийген. Ошого карабай ал Орусиядан кетпей тургандыгын улам айтып келатат. Мурунку аптада болсо аны Чукотканын админстрациясынын жетекчилигине кайра да көргөзүлсүн кагазы Кремлге келип түшүп, ал кагаз Орусия президентинин астында жатат.

Орусиялык биржа корунун төрагасы Олег Сафонов болсо сатыкка коюлган акциялар базардык баасы көкөлөп кеткенин айтат:

- Бул жаңылыкты базар жакшы кабылдады. Ошондуктан «Газпром» акциясы арбын сатылып, баасы күн санап өсүп баратат.

Аналитиктер болжолунда, мындай кадамды, Кремл бийлиги өлкөдө кара май өндүрүүчү тармакты күчтөнтүү үчүн жаcап атат. «Сибнефти» компаниясын мамлекеттин карамагындагы «Газпромго» өткөрүү менен Орусия өз жериндеги кара май өндүрүүнүн 30 пайызын колуна алат. Эмне дегенде орусиялык өкүмөт бир эле «Газпром» концерндин 50 пайыз акциясын кармап турат дешет.

«Сибнефтини» мамлекеттик концерндин сатып алышын «Труд» гезити «советтик пландуу экономикага карай жаcалган кадам», - деп баалады. Дагы бир аналитиктер баамында, мындай аракет кийинки он жыл ичинде бийликтин «Газпромду» болуп көрбөгөндөй эбегейсиз тармакка айлантып, 1991-жылы чачылып калган Советтер Союзу бар кездегидей газ менен кара май сатылышын ортого коюп, мурдагы таасирин калыбына келтирүү дымагынан улам болуп атат.

Акыркы жумада Кыргызстанда мунайзаттын баасы мындан бир ай мурункуга караганда 1-1,5 сомго кымбаттады. Мунай баасынын көтөрүлүүсүн коомчулук жыл сайын күз мезгилиндеги жыйын-теримге байланыштырышууда. Ал эми нефтетрейдерлер дүйнөлүк базарда мунай кымбаттагандыгынан улам, анын илеби Кыргызстанга да келип жеткендигин айтып жатышат.

«Альянс» мунай компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда мунайдын баасы акыркы жумада орточо эсеп менен бир сомго көтөрүлдү. Компания мунайдын баасы келерки жумада дагы кымбаттаарын билдирген. Эксперттердин айтымында, мунайдын баасы бир гана Кыргызстанда көтөрүлгөн жок. Мындай абалга мунай көп чыккан өлкө болгонуна карабастан Орусия да кептелди. Бирок өткөн жумада бийликтин кысымы алдында мунай магнаттары жыл акырына чейин бензинге жана дизелдик күйүүчү майга бааны көтөрбөө тууралуу жалпы бүтүмгө келишкен. Бирок бул Орусиянын өзү үчүн гана. АКШнын мунай өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгү жайгашкан аймактарынын табигый кырсыктан жапа чегиши да мунайдын дүйнөлүк баасына таасирин тийгизди.

Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетовдун айтымында канткен менен бизде мунайдын баасы Орусияга жана айрым Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан:

-Кыргызстанда да күйүүчү май кымбаттады. Бирок Орусия, Казакстан жана Тажикстанда бизге салыштырмалуу 1,5 –2 сомго кымбат болуп жатат. Күйүүчү май жалпы дүйнөлүк базарда кымбат болуп аткандан кийин, биз бааны арзандата албайбыз.

Мындан жарым жыл мурда да Кыргызстанда дизелдик күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке унаа каттамдарынын айдоочулары иш ташташкан. Бирок ал убакта бийликтин кийлигишүүсү менен баа арзандатылып, унаа акысы ошол калыбында калтырылган. Мунай сатуучу ири компаниялардын бири «Мунай мырза» ишканасынын жетекчиси Улан Базаркуловдун айтымында, мындан нефти сатуучу компаниялар гана чыгымга учурады:

-Биз убактылуу дизелдик күйүүчү майдын баасын көтөрбөй туралы деп сүйлөшүп, жалаң чыгашага иштедик. Биздин компания 5 млн. сом чыгым тарттык.

Кыргызстандагы мунай ташып саткан ишкана ээлери салыктын көптүгүнө нааразы. Улан Базаркуловдун сөзү боюнча, күйүүчү майдын кымбат болуусу салыктын түрлөрүнүн жана өлчөмүнүн көптүгүнө да байланыштуу:

- Салыкты азайтуу керек. Азыр НДС көп, 20%. Мындан сырткары жергиликтүү салыктар бар. Ошолорду карап, түрүн жана өлчөмүн азайтуу зарыл.

Ал эми айдоочулар күйүүчү майга баанын дагы жогорулоосунан улам, жалаң чыгашага гана иштеп калышканын айтышат. Шаардагы унаада жол акы мындан 6-7 жыл мурдагы 5 сом бойдон калууда. Айдоочулардын көпчүлүгү унааларды ижарага алып иштетишет. Атын атагысы келбеген айдоочунун сөзү боюнча, эгер күйүүчү май кымбат болуп, жол акы көтөрүлбөсө, шоопурлар дагы иш таштоого барууга аргасыз болушат:

- Эгер жол кире көтөрүлбөсө, унааларды токтотобуз. Мындан элге да, бизге да зыян. Ошондуктан жолакыны көтөрүү керек. Башка жол жок. Май баары бир арзандабайт.

Кыргызстандын өзүндө мунай дээрлик өндүрүлбөйт. Кочкоратадагы мунай өндүрүү ишканасы жылына ашып барса 50 миң тонна мунай өндүрөт. Бул жалпы Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсүнүн 10 пайызын да жаба албайт. Эксперттедин айтымында, мунай баасынын өсүшү адатта өлкөдө инфляциянын өсүшүнө алып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG