Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

Борбор Азия

Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шектелген жаран соттолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:58 0:00

Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Ош облусунун Араван райсоту Украинадагы согушка катышкан деп шектелген адамды беш жылга кести. Президент Жапаров "7-апрель ынтымагы" коомуна бир гектардай жер бөлүнүп берилгенин, ага Апрель окуясынан жабыркагандар үчүн фабрика курула турганын билдирди.

"Дивандын" 1-бети
Махмуд Кашгари Барскани 1072–1077-жж. арапча жазган “Дивану лугати т-турк” эмгегинин көчүрмөсүнүн алгачкы бетинин жогорку бөлүгү.

Ката маалыматка негизделген Кашгари Барсканинин “Диванынын” быйылкы мааракеси тууралуу блог.

Быйыл айрым жерлерде Махмуд Кашгари Барсканинин көөнөргүс эмгеги болгон “Дивандын” жазылышынын 950 жылдыгы майрамдалып жатат. Арийне, анын эмгеги толук жазылып бүткөн жыл – 1077-жыл болчу. Демек, “Дивандын” бүткөрүлүшүнүн 950 жылдык мааракеси 2027-жылы гана белгилениши керек. Тарыхчынын блогу.

Чалкеш мааракелик даталар кезиге калып жатат

Айрым тарыхый инсандардын өмүр жолун терең талдабастан, алардын мааракесин эрте же кечирээк дата менен өткөрүп салган учурлар жок эмес.

Алардын айрым жаңылыш дата менен маараке өткөрүлүп калган учурларын архивдик маалыматтарды казган тарыхчылар ашкерелеп келишет.

Бир мисал келтирелик. Мээнеткеч тарыхчы Кыяс Молдокасымов бир ирет: “Төрөгелди баатырдын да төрөлгөн, өлгөн жылдары туура эмес экен. Ал 1808–1875-жылдары (67 жаш) жашаптыр. Мурда 1798/99- – 1869/70-жылдар деп жазылып келген”, – деп “Фейсбуктагы” барагына жазып чыкты.

Чын эле, колдогу маалыматтарга негизденип, 1990-жылы ыраматылык Бейше Үрстөнбеков агайыбыз менен бирдикте жарыкка чыгарган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” деген эмгегибизде жана андан кийин дагы кыргыз элинин сарыбагыш уруусунун курамындагы черикчи уругунун манабы болгон жана Ормон хандын кол башчысы катары да белгилүү Төрөгелди Абайылда уулунун туулган жана өлгөн датасын “1798/1799 – 1868-1870” деп көрсөткөнүбүздү моюнга алуу керек.

Кыяс мырза айтылуу ак таңдай акын Токтогул Сатылган уулу Шибердеги сүргүндөн 1910-жылы эмес, 1905-жылы эле кайткандыгын Иркутск жана башка шаарлардагы м урдагы падышалык оторчулардын архивдик маалыматтарына негизденип далилдеп чыккан. Бирок айрым адабиятчылардын китептеринде “Токтогул Шиберден 1910-жылы кайткан” деген эски маалымат алигиче жолуга калып жүрөт.

Ал эми чыгарманын жаралыш доору тууралуу ар кыл жоромолдордун башка бир мисалына келсек, 1943–1947-жылдары Кыргызстандагы окумуштуулар жана айдыңдар “Манас” эпосунун шарттуу 1100 (бир миң бир жүз) жылдыгын маараке кылып белгилөө үчүн аракеттенишкен.

Алар 840–925-жылдар аралыгындагы Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн алгачкы кубаттанган жылдарын мааракеге негиз кылышкан. Арийне, 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин сталиндик режимге орус эмес элдердин баатырларын жана дастандарын маараке кылып майрамдоонун зарылчылыгы жок болуп чыккандыктан, 1947-жылы бул маараке өткөрүлбөй калган.

Ал эми 1995-жылы, мурдагы президент Аскар Акаевдин режими маалында, Кыргызстандагы президенттик шайлоо зарылчылыгынын айынан “Манас” эпосунун шарттуу 1150 жылдыгы эмес, шарттуу миң жылдыгы сунушталып, кеңири майрамдалган.

(Арийне, 1995 санынан миң деген санды алып салсак, 995-жылы кыргыз тарыхында эч кандай олуттуу деле окуя катталган эмес болчу. Олуттуу мааракелик окуянын көмүскө жүйөөсү – А.Акаевдин кайрадан президент болуп шайланышы үчүн жалпы элдик назарга ээ болуусунун зарылчылыгы эле).

Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси деле А.Акаевдин 2000-жылы кайрадан президент болуп шайланып калышына огожо болуу үчүн сунушталган.

Айтор, тарыхый окуяларды жана тарыхый инсандардын туулган жана өлгөн даталарын гана эмес, тигил же бул чыгармалардын жазылуу доорун дагы факттарга негизденип кылдат иликтөө өзгөчө талап кылынат.

Ибрагим Бакиров Кашгари Барсканинин сүрөтүнүн жанында. 24.5.2020.
Сүрөтчү Ибрагим Бакиров чыгаан илимпоз Махмуд Кашгари Барсканинин өзү чийип тарткан шарттуу сүрөтүнүн жанында. 24.5.2020.

Махмуд Кашгари Барскани – ким?

Борбор шаарларынын бири Баласагын (азыркы Бурана шаар чалдыбары) болгон, түштүктөгү борбору – Кашкар шаары болгон айтылуу мусулмандык түрк мамлекети – Карахандар каганаты XI кылымда дүйнөлүк маданиятка эки берметти сунуштаган.

Алардын бири – акын, ойчул, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” – “Куттуу бийлик” же “Кут билим” (1069–1070) эмгеги болсо, экинчиси – Карахандар каганатындагы түрк калктарынан чыккан туңгуч түрколог, диалектолог, фолклор таануучу, этнограф жана картограф Махмуд Кашгари Барскани 1072–1077-жылдары арапча жазган “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) эмгеги болгон. (Мындан ары бул эмгекти кыскача “Диван” деп гана эскеребиз).

Эми мындагы экинчи айдың тууралуу азыноолак маалымат бере кетелик.

Дүйнөгө түркологиялык көөнөргүс энциклопедияны арап тилинде калтырып кеткен илимпоз – Махмуд Кашгари Барскани.

Махмуддун атасы – Хусейин, ал эми чоң атасы – Мухаммед болгон.

“Дивандын” бир нече жеринде Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн тектүү жерден чыккандыгын жазган. Өзү, болгондо да, Карахандар кагандыгын негиздеп, мамлекетти бийлеп келген санжыргалуу бабалардын урпагы экендигин ал кыйыр белгилейт.

Маселен, «Бул китептин автору Махмуд айтат: ушул эле жагдайдан улам биздин эмир бабаларыбызды (огуздар) «хэмир» дешчү», – деген саптар “Диванда” бар. Махмуд өзүнүн чоң атасы Махмуд жана бабалары башкаруучу Карахандар сулалесине таандык экендигине сыймыктанган.

Эмгегинин дагы бир жеринде ал өзүнүн ак сөөк, демек, тектүү экендигин баса белгилейт:

“Мен өзүм алардын (карахандык түрктөрдүн. – Т.Ч.) тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү таза тетигинен, ак сөөк тектүүсүнөн, найзасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн – огуз, чигил, йагма, кыргыздардын калааларын жана талааларын изилдедим, алардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум”.

Омелян Прицак менен Тынчтыкбек Чоротегин. Киев ш. 1995-ж.
Украин чыгыш таануучусу, профессор Омелян Иосифович Прицак жаш кыргыз кесиптеши Т.Чоротегин менен. Украина ИАсынын Чыгыш таануу институту. Киев ш. 1995-жылдын июлу.

Махмуд Кашгари Барсканинин жеке санжыралык тизмеси тууралуу илимде алгачкы ирет таасын жоромолун жазган көрүнүктүү украин чыгыш тануучусу, академик Омелян Прицак (Омелян Йосипович Пріцак, Omeljan Pritsak; 07.4.1919 – 29.5.2006) анын Карахандар сулалесине таандык экендигин тастыктайт.

992-жылы Баласагындан чыгып, алгачкы ирет Саманийлердин Бухара шаарын басып алууга жетишкен Аруун (Харуун) ибн Сулайман ибн Сатук Буура каган, академик О.Прицактын далилдөөсүнө караганда, Махмуд Кашгаринин өз бабасы эле.

“Дивандын” бир жеринде төмөнкүдөй саптар бар: “Бул китептин автору Махмуд айтат: ушул эле жагдайдан улам (тактап айтканда, үндүү “а” тыбышы менен башталчу сөздөрдүн алдына огуз тилинде “х” тыбышын кошуп айтуудан улам. – Т.Ч.), алар биздин эмир бабаларыбызды “хэмир” дешчү. Себеби огуздар “эмир” деп айта алышпайт. Алар... “хэмир” деп сүйлөшөт. Ал эми түрк өлкөлөрүн Саман уулдарынан (Саманийлерден) жеңип алган биздин эмир атабыз “Бахаркин” деп аталчу экен”. (Бул даана эмес жазылган “Базаркин” сөзүн “Чагры-тегин” деп окууга да болот).

Бул Аруун ал-Хасан ибн Сулайман – Карахандар каганынын үй–бүлөсүнөн чыккан таасирдүү өкүмдарлардан болгон. Анын “Буура–хан” деген титулу да бар эле. Карахандардын өкүлдөрү тактыга отурганда “Буура-хан”, “Арслан-хан” сыяктуу кошумча ысымдарды алышчу. Аларды калк атынан айтпай, тек гана бул титулун айтып, ыйбаа кылып жүрчү салт да болгон.

Сатук Буура-кагандын урпактары көбөйө берип, XI кылымдын алгачкы чейрегинде эле алардын баарына бирдей бийлик жетишпей калган. Андыктан кээлери чакан аймакка бек болсо, кээлери ири чөлкөмдөрдү башкарышкан. Айрым чөлкөмдөрдүн өз алдынча кеңири укуктары болгон.

Маселен, Ысык-Көл аймагынын башкы шаары Барсканды бийлеген дубандык бек өз алдынча тыйын чектирип, өз атын жаздырууга укуктуу болгон. Албетте, бул тыйындарга карахандык жогорку кагандын ысымы да кошумча түшүрүлчү.

Карахандардын биздин күндөргө чейин сакталган аймактык тыйындарынын арасында бир канча барскандык тыйындар да учурайт. Алар 1048–1058-жылдардын ортосунда чегилген экен. Бул доордо Ысык-Көлдү бийлеген бек “Шамс ад-Давла Арслан-элик” (“Дөөлөт Күнү Арслан – Мамлекет башкаруучу”) деген титулга ээ болгону алиги тыйындардан айгинеленет.

Бирок анын азан чакыргандагы ысымы кандай экени тыйындарга түшүрүлчү эмес. Анын атын тыйындагы маалыматты башка булактарга салыштыруу аркылуу гана аныктоого болот. Академик Омелян Прицак жана Өмүркул Караев сыяктуу кыргыз окумуштуулары (бул саптардын ээи да) ушул барскандык бекти Махмуд Кашгари Барсканинин өз атасы Хусейин ибн Мухаммед деп көрсөтүшөт.

Махмуд Кашгари Барсканинин элеси. Автор – И.Бакиров. 24.5.2020.
Махмуд Кашгари Барсканинин элесинин шарттуу боёк сүрөтү. Автор –– Ибрагим Бакиров. 24.5.2020.

Бабабыз Махмуд Ысык-Көлдө туулуп-өскөн

“Диванда” Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышындагы Барскан шаары тууралуу маалыматтардын биринде: “Махмуддун атасы ушул шаардан болот” (“wa minha abu mahmudin”), – деген эң баалуу кабар камтылган.

Махмуд Кашгари Барскани башка түрк журттарына караганда Ысык-Көл аймагы тууралуу, ошондой эле Барскандын жергиликтүү тургундарынын салты, диалекттик айырмачылыгы, чарбасы, ашуу-белдери ж.б. жөнүндө кененирээк маалымат берет.

Ал түгүл, Махмуд Кашгари Барскани “Диванга” дүйнөнүн тегерек картасын да тиркеген. Анда жердин чордону катары Ысык-Көл жана аны курчаган Теңир-Тоо аймагы көрсөтүлгөн (башка мусулман картографтары жердин чордону катары Жакынкы Чыгышты, арап жерлерин, анын ичинде Меке менен Мединаны көрсөтүшчү).

(Кошумча караңыз: Çorotegin T. Mahmud Kaşqari Barskaniyə görə Barskan şəhəri və onun sakinləri (XI əsr) // Mahmud Kaşğarlı: Beynəlxalq elmi jurnal. Bakı, 2023. I Cild. No 1. – S. 84–97).

Махмуд Кашгари Барсканинин дүйнө картасы.
Махмуд Кашгари Барскани арапча жазган “Дивану лугати т-түрк” эмгегиндеги дүйнө картасы.

Миң жылдай илгери “Диванда” көрсөтүлгөн жер-суу аттарынын көпчүлүгү азыр да Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын башка аймактарында күнү бүгүнкүгө чейин сакталган. Бул жагдай да окумуштуунун биздин атажуртубузда туулуп-өскөнүн, аймакты дурус билгенин тастыктайт.

Маселен, “Бедел-Арт – Уч (шаары) менен Барскандын ортосундагы бир ашуунун аты. Өтө опурталдуу ашуу”, – деген маалымат учурайт. Азыр да Ысык-Көлдөн Чыгыш Теңир-Тоого кетчү бул ашууну кыргыздар Бедел деп аташат.

Бул “Бедел-Арт” топониминдеги “-арт” сөзү борбордук азиялык элдердин ичинен кыргыз тилинде топним түзүүчү куранды сөз (топоформант) катары кеңири сакталган. Мисалы, Кыргызстандын Нарын облусунда Кочкор менен Жумгалдын ортосунда Кыз-Арт деген бел бар.

Ат-Башынын Чатыр-Көл өрөөнүнөн Улуу-Чатка кетчү дабан болсо азыр дагы миң жыл илгеркидей эле Торук-Арт (Торугарт) деп аталат.

“Диванда” да бул ашуунун көөнө аталышы эскерилген. Баласагындан жана Барскандан Кащкар тарапка кетчү кербен миң жыл илгери Торугарт аркылуу өткөн, азыр да автоунаалар Кыргызстандын түндүгүнөн КЭРдин ШУАРына караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна Торугарт аркылуу катташат.

О. Прицак ж.б. окумуштуулардын жоромолунда, Махмуд Кашгари Барскани өзү Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында 1029–1038-жылдардын аралыгында кагандык сулалеге (династияга) таандык үй-бүлөдө туулган.

 Махмуд Кашгаринин дүйнө картасынын бөлүгүнүн кыргызча котормосу. 1997-ж.
Махмуд Кашгари Барсканинин эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.

Сулалелик кайгылуу окуялардан соң, Махмуд жер кезген

Махмуддун чоң атасы Мухаммед ибн Кадыр-хан да өз чоң атасы Аруун сыяктуу эле “Буура-хан” титулун алган. Мухаммед ибн Кадыр-хан дароо эле бийликке келе койгон эмес. Анын атасы Кадыр-хан Жусуп өз доорунда Хотан шаарын жана анын айланасын басып алып, өлкөнү чыгыштагы ири мамлекетке айландырган.

Кадыр хан Жусуп 1024-жылдан тартып улуу кагандык тактыда отуруп, 1032-жылы каза болгон. Анын үч уулунун ортончусу Мухаммед такты талашкан күрөш маалында Чыгыш Карахандардын улуу кагандык даражасын өз агасы Арслан-хандан тартып алган.

Арап тарыхчысы Ибн ал-Асирдин (XIII кылымдын башы) жазганына караганда, оболу Арслан-хан иниси Мухаммеддин жергиликтүү аймактык бийлигин тартып алууга аракеттенген. Бирок жеңилип гана тим болбостон, тактысынан да айрылган.

Мухаммед Буура-хан Карахандар каганатын бийлеп калган соң, “Кавам ад-даула” (“Мамлекеттин таянычы”) деген кагандык ылакап атты алган.

Мухаммед Буура-хан көзү тирүү кезинде эле мураскорун аныктоону чечкен. Алсак, улуу баласы Хусейин Чагры-тегинге улуу кагандык тактыны өткөрөөрүн айткан.

Бул окуя арап тарыхчысы Ибн ал-Асир (XIII кылымдын башы) тарабынан мындайча чагылдырылган:

“Андан соң Буура-хан бийлик тизгинин Хусейин Чагры-тегин деген ысымдуу улуу баласына өткөрүп берди. Аны өзүнүн калайык алдында жарыялаган мураскору кылып койду”.

Демек, бул окуя Мухаммед Буура-хандын көзү тирүү учурга, 1057–1058-жылдардан кеч эмес мезгилге туура келет.

Улам жаңы бийлик баскычына көтөрүлгөн сайын караханийлик урпактардын даражалык аты (титулу) да жогорулап турган. Хусейин (“Чагры-тегин”) дагы зоболосу көтөрүлгөн кезде “Арслан-тегин” жана “Арслан-элик” деген атка да конгон. Барскан шаарын жана Ысык-Көлдү башкарган бул инсан 1048–1058-жылдардын аралыгында чектирген тыйындарда “Арслан-тегин” жана “Арслан-элик” титулдары менен учурайт. Айрым тыйындарга Хусейин өзүнүн бул аттарынан тышкары жогорку каган болгон өз атасынын “Буура-хан” деген наамын да кошумча чектирген.

Хусейиндин мураскор жарыяланышына Мухаммед Буура-хандын токолу (кичүү аялы) каршы чыккан. Бул тууралуу тарыхчы Ибн ал-Асир төмөнкүдөй маалымат калтырган: “Ал эми Буура-хандын дагы бир аялы бар эле. Анысынан да хан уул көрүп, ал али кичине эле. Бул окуя (байбиче канышадан туулган Хусейиндин мураскор жарыяланышы) алиги аялын кыжырдантты да, ал аны (Буура-ханды) ууктуруп салууну чечти...”.

Айтмакчы, “Диванда” да Махмуд Кашгари бул окуяга тиешелүү маалымат келтирген:

“Сыгун-Самур – бир жайдын аты. Бул жерде Буура-ханга уу ичирилген”.

Демек, Суусамыр деген атын ушул күнгө чейин сактап калган жайлоодо (Баласагын шаарынан ал анча алыс эмес) Мухаммед Буура-хан ууктурулуп өлтүрүлгөн.

Бул козголоң маалында Буура-хан, анын үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөсү, алардын ичинде бир тууганы Арслан-хан да өлтүрүлгөн. Тарыхчы Өмүркул Караев бул ордо козголоңу 1056–1057-жылдарда уюштурулган деп жазган. Ал фарсы тарыхчысы Бейхаки (XI кылым) калтырган маалыматка таянып ушундай жыйынтыкка келген.

Махмуд Кашгаринин атасы Хусейин дагы дал ушул ордо төңкөрүшү маалында өмүрүнөн айрылган.

Мына ушундай татаал тагдыр Махмуд Кашгари Барсканини өз ата журтунан качууга аргасыз кылды.

Мусулман чөлкөмдөрүн кезген аалым

Махмуд Кашгари Барсканинин ар кыл түрк калктарын кыдырып, тилдерин, маданиятын иликтеши ушул ордо төңкөрүшүнөн соң башталган.

Алыскы аймактарда жүргөндө ал “Кашгари” деген ныспа алат. (Ныспа – туулган, жашаган, таалим алган же кезген жайына байланыштуу берилген шарттуу кошумча ысым. Маселен, Карахандар каганатынан ал-Алмайи, ал-Баласагуни, ал-Кашгари, ал-Кубави, ал-Оши, ас-Самарканди, ат-Тарази, ал-Узженди, аш-Шаши сыяктуу ныспалары бар аалымдар чыккан).

“Кашгари” ныспасы кеңири мусулман чөлкөмдөрүнө мыакты дайын болгон. Анткени Махмуд Кашгари Барскани өзү да байырлап кеткен жана Теңир-Тоонун түштүк ыптасында жайгашкан Кашкар шаарынын Чыгыш Карахандардын баш калаасы катары саясий мааниси XI кылымдын экинчи жарымында кескин өсөт. Ансыз да бул шаар б.з.ч. II кылымдан бери Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан тогуз жолдун тоому катары Чыгыш менен Батышка таанымал болчу.

Махмуд Кашгари Барскани өзү түздөн-түз кыдырган жерлер катары азыркы Ысык-Көл, Чүй, Борбордук, Батыш жана Чыгыш Теңир-Тоо, Жети-Суу, Ак-Тоо (Чыгыш Памир), Тарим ойдуңу, Хорасан, Фергана, Мавераннахрды айта алабыз. Ал Барскан, Баласагын, Кочкор-Башы, Өзгөн, Кашкар, Бухара, Нишапур, Багдат сыяктуу шаарларда болгону талашсыз.

Махмуд Кашгари өзү барбаган, бирок өз картасында же «Диванынын» текстинде эскере кеткен тарыхый жана уламыштык аймактар да арбын. Алардын арасында тарыхта болгон өлкөлөр - Жабарка (Жапон өлкөсү), Син менен Масын («Манас» дастанында - Чын-Мачын), тактап айтканда, Түндүк жана Түштүк Кытай, ошондой эле Индия, Рус (киевдик Рус) бар. Ал эми “Мажар” (XI к. мадйар – венгр өлкөсү) топоними “Диванда” кыскараак түрдө “ал-Маж” деп жазылып, акыркы “ра” (ر) тамгасы көрүнбөй калган.

Махмуд Кашгари Барскани өзү дүйнөнүн түстүү, тегерек картасын чийип, “Диванга” тиркеп койгон. Картанын жогору жагында – чыгыш, түп жагында – батыш, оң жагында – түштүк, сол жагында – түндүк тарап көрсөтүлгөн. Мурда баса белгилегенибиздей, бул картанын чордондук бөлүгүндө Ысык-Көл жана Теңир-Тоо тоо кыркасы жалпы дүйнөнүн чордону (ортоңку бөлүгү) катары жайгаштырылган.

Демек, бабабыз түзгөн бул дүйнө картасы – Борбор Азиялык түрк калктарынын өкүлү жаратып, өз элинин дүйнө таанымын чагылдырган эң алгачкы картографиялык чыгарма болуп саналат. Анын мындай карталык үлгүсү кийинчерээк мусулман картографиясында эч ким тарабынан кайталанган эмес.

“Диванга” байланыштуу мааракелер жөнүндө

Үстүбүздөгү 2024-жылы айрым илимий уюмдар айрым өлкөлөрдө “Дивандын” жазылгандыгынын 950 жылдык мааракесин белгилешүүдө.

Кыргызстандагы илимдин кээ бир “аткаминерлери” бул мааракелерге катышып жүрүшөт.

Эскерте кетсек, 2017-жылы (б.а. мындан 7 жыл илгери) Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия, Кыргызстандын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фонду жана бир катар жергиликтүү жана эл аралык илимий шериктер биргелешип, Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванынын” 1077-жылы жазылып бүткөндүгүнүн 940 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде расмий белгилешкен.

Демек, бул эмгектин жазылып бүткөндүгүнүн 950 жылдык мааракеси эми 2027-жылы белгиленүүгө тийиш болчу.

Ал эми иши кылып мааракени эңсеген илимдеги аткаминерлер үчүн 7 жыл мурдагы окуянын эч кандай мааниси деле болбосо керек.

Кашгари Махмуд. Түрк тилдеринин сөздүгү / Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков. – Бишкек, 2011–2012. – Том 1–3.
Кашгари Махмуд. Түрк тилдеринин сөздүгү / Которгондор: Т.Токоев, К.Кошмоков. – Бишкек, 2011–2012. – Том 1–3.

“Диванга байланыштуу мааракелер” жазылган жылдар

Бул көөнөргүс эмгек 1072-жылы жазыла башт аган. Ал тууралуу окумуштууларда эч кандай талаш кеп жок.

1074-жылы (хижра жыл санагы боюнча 466-жылы) Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн “Диван” эмгегинин алгачкы гана редакциясын аяктаган.

“Дивандын” кириш бөлүмүндө Махмуд Кашгари Барскани өз чыгармасын Багдатта отурган Аббасийлер халифи ал-Муктадиге белек катары сунууга ниет кылып жаткандыгын арапча жазган:

би-расми-л-хазрати... ал-Муктади би-Амриллах Амири-л-муминиин ва халифати Рабби-л-'ааламиин...

(Бул чубалжыган татаал сүйлөмдүн бөлүгүн толугураак которуп берели:

“Касиеттүү, Пайгамбардык, Имамдык, Хашимийлик, Аббасийлик биздин Сейитибиз (же Кожоюнубуз) жана биздин Мырзабыз Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади би-Амрилланын – исламга ишенгендердин эмиринин жана ааламдардын Кожоюнунун халифинин – кашына алып келүү ырасмысын жасоо үчүн...”

(Караңыз: Kâşgarlı Mahmud. Divänü... / Tıpkıbasım. Ankara, 1990. – S. 319b; Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги – түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак / Илимий ред. Т.Н.Өмүрбеков, К.С.Молдокасымов. – Бишкек: “Турар”, 2017. – 376 б., сүрөт, карта. – Б. 98–99).

Мында эскерилген халиф ал-Муктадинин толук ысымы – Абу-л-Касым 'Абдуллах ибн Мухаммад ал-Муктади. Ал – Аббасийлердин жыйырма жетинчи халифи жана ал чоң атасы ал-Ка'имдин ордуна халиф кызматына 467-хижра жылы / 1075-ж. апрелде келип, 487-хижра жылы / 1094-ж. февралда дүйнөдөн өткөн.

Ал эми хижра жыл санагы боюнча 466-жылы (1074-жылы) болсо Мухаммеддин уулу Абулкасым Абдулланын халифтик кызматка олтураары тууралуу түкшүмөлдөөгө да эрте болчу.

Демек, Махмуд ал-Кашгари «Диванды» ага арноо ниетинде болгонун эске алсак, “Дивандын” акыркы редакциясынын бүтүрүлгөн убактысы эч качан 1075-жылдан (467-хижра жылынан) эрте эмес болчу, деп баса белгилей алабыз.

Жогоруда айтылган хижранын 466-жылы деген дата, бир чети, китепти жазуунун алгачкы редакциясынын датасы болушу мүмкүн, экинчи чети, америкалык заманбап кашгари таануучулар жана “Диванды” англис тилине илимий которгон котормочулар Р.Данкофф менен Ж.Келли божомолдошкондой, “469-жыл” деген сан көчүрмөчү ас-Сави ад-Дымашкы тарабынан 1266-жылы жаңылыш көчүрүлүп, 466-жыл деп тек гана жаңылыш жазылып калган окшойт.

Арапча алты (٦) жана тогуз (٩) деген сандарды (өзгөчө кол жазма китептерде) алмаштырып жаңылыш окуп жана ката көчүрүп алуунун ыктымалдыгы да эске алынышы абзел.

Дагы бир олуттуу маалыматты айта кетелик. “Дивандын” башка бир жеринде мындайча кызыктуу билгилик (маалымат) учурайт:

Нек йылан – улуу / ажыдаар (орусча «дракон». – Т.Ч.). Нек йылы – он эки жылдык мүчөлдүн бир жылынын түркчө аталышы. Ал эми ушу китепти жазып бүткөнүбүздөгү төрт жүз алтымыш тогузунчу жыл – дал ушундайча аталган жыл”.

(Караңыз: Kâşgarlı Mahmud. Divänü... / Tıpkıbasım. – S. 257a; Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги... – Б. 101).

Дагы бир жылнаамалык жагдайды кошумчалай кетүү зарыл.

466-хижра жылы азыркы григорийлик жыл санак (календарь) боюнча 1073-жылдын сентябрынан 1074-жылдын октябрына чейин созулган. Бирок бул жыл түрктөрдүн (анын ичинде кыргыздардын) жылан жылына эч туура келбейт.

Жылан жылы – хижра жыл санагы боюнча 469-жылдын экинчи жарымы – хижра 470-жылдын биринчи жарымына (азыркыча 1077-жылга) туура келмек.

Демек, күн жылсанагына негизденген карахандык түрктөрдүн 12 жаныбардын аталышына негизделген жылдарынын аталышы башкы көрсөткүч катары кабыл алынса, анда 1077-жыл (жылан жылы, эскиче айтканда, “нек йылы”) – “Дивандын” жазылышынын аяктаган жылы болуп саналат.

“Диванда” бул эмгек жазылып бүткөн жыл аяктаса, андан соң кайсы жыл баштала тургандыгы да мындайча ачыкталган:

“...ал эми бул жыл өтсө – төрт жүз жетимишинчи жыл – “жылкы жылы” башталат”.

(Караңыз: Kâşgarlı Mahmud. Divänü... / Tıpkıbasım. – S. 87b).

Мындагы жылкы жылы (“йүнд йылы”) төрт жүз жетимишинчи (470-) хижра жылынын калган мезгилин өзүнө камтуу менен башталат.

1077-жылдын өзү хижранын 469-жылынын акыркы бөлүгүн жана 470-хижра жылынын алгачкы бөлүгүн өзүнө камтып турат.

Хижранын 469-жылынын алгачкы бөлүгү григорийлик 1076-жылдын акыркы айларына (түрктөрдөгү “нек йылынын”, б.а. улуу жылынын акыркы айларына) таандык болсо, ал эми хижранын 469-жылынын соңку бөлүгү григорийлык 1077-жылдын алгачкы айларына (түрктөрдөгү жылан жылынын алгачкы айларына) шайкеш келген.

Демек, хижранын 469-жылы бир эле учурда “нек” (улуу) жылына да, жылан жылына да таандык болуп калып жаткандыгы – хижранын Айдын Жерди айланышына карап, орток түрк жыл санагынын Жердин Күндү айланышына карап эсептелген айырмачылыктары менен тыгыз байланыштуу.

Григорийлик жыл санак менен алганда, хижра боюнча 470-жыл христиандык 1077–1078-жылдардын тийешелүү бөлүктөрүнө туура келет.

Айтмакчы, түрк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын жана Карахандар мамлекетиндеги жалпы түрк этносторунун он эки жаныбардын атына байланыштырган жыл санак системасы күн календарына негизделгендиктен, азыркы тапта орозо айы күн календары болуп саналган григорийлик жыл санак боюнча улам башка айларга туура келип жаткан сыяктуу эле, орто кылымдардагы түрк элдеринин күн жылсанагына негизделген жыл аталыштары менен ай жыл санагына негизделген хижра санагынын жыл көрсөткүчтөрү улам кошумча тактоону талап кылган, бирок эч ким бул он эки жаныбарга байланыштуу (“мүчөлдүк”) күн календарына таандык жыл санактын жылдарынан адашчу эмес.

Корутундуласак, чыгыш таануучулар Ахметзаки Велиди Тоган, Роберт Данкофф, Жеймс Келли ж.б. сунуш кылган жана ушул саптардын ээси ырааттуу колдоого алган илимий тыянакка караганда, Махмуд Кащгари Барсканиге таандык көөнөргүс эмгектин – “Дивандын” жазыла башташынын жана жазылып бүткөрүлгөндүгүнүн так жылдары катары 1072–1077-жылдарды көрсөтүү тарыхый чындыкка төп болуп саналат.

Кашкари Махмут. Дивану лугати-т түрк / Которгондор: И. Абдувалиев, Т. Ахматов, А. Оморов, И. Султаналиев, М. Толубаев. – 2013. – Т. 1–2. Которгон: А. Оморов. Т. 3. 2016.
Кашкари Махмут. Дивану лугати-т түрк / Которгондор: И. Абдувалиев, Т. Ахматов, А. Оморов, И. Султаналиев, М. Толубаев. – 2013. – Т. 1–2. Которгон: А. Оморов. Т. 3. 2016.

“Дивандын” авторунун өлгөн жылы жана бейити жайгашкан жери белгисиз

Карахандар доорунун эң чыгаан окумуштууларынан болгон Махмуд Хусейин уулу Кашгари Барсканинин качан жана кайсы жерде өлгөндүгү, сөөгү кайсы жерге коюлгандыгы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Орто кылымдардагы жазма мусулман булактары бул жаатта эч кандай илик болчу ынанымдуу маалымат калтырышкан эмес.

Ал эми КЭРдеги айрым шинжаң-уйгурстандык окумуштуулар Кашкардын жанындагы Опол кыштагында кийинки эле доордо (XVII–XVIII кылымдарда) курулган бир күмбөздү Махмуд Кашгариге таандык деп 1980-жылдардын башында жарыялашкан. Бирок бул маалымат илимий негизге ээ эмес экендиги далилденди. Бул күмбөз Жуңгар хандыгына жана андан кийин цин-манчжур баскынчылыгына каршы күрөштөргө жигердүү катышкан жергиликтүү сопу-кожолордун биринин эле күмбөзү болгон.

Жалпыласак, Махмуд Кашгари Барсканинин 1072–1077-жылдары арапча жазылган көөнөргүс илимий чыгармасы жалпы түрк калктарынын, – анын ичинде кыргыздардын жана башка борбордук азиялык түрк элдеринин, – орток маданий жана илимий мурасы болуп саналат.

Т.Чоротегиндин китебинин мукабасы. 2017.
Т.Чоротегиндин “Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак” китебинин мукабасы (Бишкек: “Турар”, 2017).

P.S.

Эгерде 2024-жылы 24-июнда Бишкекте болуп өткөн кашгари таануу багытындагы эл аралык илимий жыйынга биз да катышкан болсок (негедир, Эл аралык Түрк академиясынын биздин илимий баяндамабызды кошуу тууралуу сунушун Түрк Тил Курумунун өкүлдөрү четке каккан экен), анда дал ушул ойлорубузду бүгүнкү илимий шеринеде дагы ортого салмакчы элек.

Бүгүнкү илимий шериненин ачылыш аземинде Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси, тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев өз сөзүндө биздин кашгари таануу жаатындагы жеке салымдарыбыз жөнүндө жылуу сөз айткандыгы үчүн аны алкагым келет.

Албетте, бул блогдо да камтылган илимий пикирлерибизди 1986-жылдан бери ар кыл тилдерде ырааттуу чагылдырып келебиз, ошондуктан жыйынга катышпадык деп олуттуу капачылыгыбыз деле жок. Ушул жыйынды уюштурууга катышкан Кыргызстандын УИАсындагы жетекчи өкүлдөр аман эле болушсун!

Бирок калпыс дата менен маараке уюштуруудан болочокто дагы сак болуу чакырыгы менен ушул блогду кечеңдетпестен жарыялоону эп көрдүк.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG