Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:18

Ноокатта шайлоого карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Шайлоодо добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоодо добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 30-июнда №5 Ноокат округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.

Аймакта 54 шайлоо участкасы уюштурулду, 9 талапкер катышып жатат.

28-июнда Ноокат районундагы селден алты кишинин өмүрү кыйылды. Табигат кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1300 киши коопсуз жерге чыгарылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, айрым күч органдары куткаруу иштерине катышты.

30-июнда №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Шайлоого үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышууда. 10-июнда башталган шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-июнь таңкы саат 8:00дө аяктады.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Абдурахманхажи Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG