Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:33

Ирандагы шайлоодо реформатор менен консерватор алдыга чыкты


Талапкерлер Масуд Пезешкиян менен Саид Жалили.
Талапкерлер Масуд Пезешкиян менен Саид Жалили.

Иранда 28-июнда өткөн президенттик шайлоодо, алдын ала эсептер боюнча, реформатор Масуд Пезешкиян менен консерватор Саид Жалили алдыга чыкты. Бул тууралуу ирандык Tasnim агенттиги кабарлады.

Соңку маалымат боюнча Масуд Пезешкиян 10,4 миллион, Саид Жалили 9,5 миллион добушка ээ болду. Ал эми Мостафа Пурмохаммади – 3,4 миллион, Мохаммад Багер Галибаф 0,2 миллион добуш алганы айтылууда.

Оппозиция шайлоону “цирк” деп атап, бойкот кылууга чакырган.

Иранда добуш берүү укугуна ээ жалпы 61 миллион шайлоочу бар. Бирок буга чейинки шайлоолордо добушканаларга элдин 49 пайызы гана келген.

Талапкер жеңишке жетүү үчүн берилген добуштардан 50% кем эмесин алышы керек.

Шайлоонун экинчи айлампасы 5-июлга белгиленди. Ирандын тарыхында президенттик шайлоо бир гана жолу - 2005-жылы гана эки айлампа менен өткөн.

Шайлоого катышып жаткан талапкерлер баары тең эркек саясатчылар, көбү катаал позицияны кармангандар, айрымдары «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» менен байланыштагылар.

Бул өлкөдө шайлоону бийлик көзөмөлдөйт, талапкерлерди катаал саясатты карманган бийлик өкүлдөрүнөн турган, шайлануучу эмес, дайындалуучу атайын орган тандап, чыгарат.

64 жаш курагында каза болгон Эбрахим Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG