Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

Курск облусундагы дрон чабуулунан беш киши набыт болду


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Орусиянын Курск облусу 29-июнга караган түнү дрон чабуулуна кабылды. Аймактын губернатору Алексей Смирнов Городище кыштагындагы турак-жайларга жасалган дрон чабуулунан беш киши өлүп, эки адам оор абалда ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Курск облусундагы чабуул боюнча кабарлаган жок. Мекеме түндө Тверь, аннексиялап алган Крым, Белгород жана Брянск облустарына жасалган дрон чабуулдары жок кылынганын кабарлады.

Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусиянын айрым аймактары байма-бай адам курмандыктары жана кыйроолор менен коштолгон дрон чабуулдарына кабылып келет. Орусиянын Куралдуу күчтөрү аларды атып түшүргөнүн кабарлайт. Украина дрон чабуулдары жөнүндө үн катпайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG