Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

"ЕБ соодага гана эмес, адам укуктарына да көңүл бурат"


Европарламенттин депутаты Петрас Ауштревичюс
Европарламенттин депутаты Петрас Ауштревичюс

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгиядагы сапарынын жүрүшүндө “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду. 

Ошол документтин мааниси, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, жалпы эле Евробиримдик менен Борбор Азиянын кызматташтыгы тууралуу Европа парламентинин депутаты Петрас Ауштревичюс менен маектештик.

Еврошаркет бул документ эки тараптуу байланыштарды бекемдөө багытындагы маанилүү учур болгонун билдирди. Ал эми Еврокомиссиянын төрайымынын орун басары Валдис Домбровскис келишим соода жана экономикалык алака-катыштын жаңы барагын ачканын белгиледи.

- Бул келишим тараптар үчүн эмнеси менен маанилүү?

- Экономикалык көз караштан алганда ооба, бул келишимди эки тараптуу мамилелердеги маанилүү учур деп сыпаттасак болот. Себеби Кыргызстанга Еврошаркет менен сооданы тарифсиз жүргүзүүгө же төмөн тариф соодасын арттыруу өңдүү артыкчылыктарды тартуулайт. Мен бирок бул документтин Биримдик менен Кыргызстан үчүн маанисин экономикалык гана көрсөткүчтөр менен баалоодон алысмын. Менимче, кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү келишим буга чейин эле даярдалып, жактырылышын күтүп жатат, качан күчүнө кирерин билбейм. Түшүнгөнүмө караганда, жактыруунун создугушу шаркет президент Жапаровдун саясатына, өкмөттүн ички саясатына толугу менен канааттанбаганынан кабар берет. Ошон үчүн бир четинен биз болочок сооданы оптимисттик баалашыбыз мүмкүн, бирок соодадан да маанилүү нерселер бар. Мен демократияны жана Кыргызстандагы саясий абалды, Кыргызстандын Орусияга каршы санкциялар жаатындагы саясатын айтып жатам.

- Бул келишимге тараптардын адам укуктарын жана жарандык эркиндиктерди сактоо принциптери да камтылган. Еврошаркет Бишкектин ошол принциптерге берилгенин кантип баалайт?

- Европа биримдиги үчүнчү өлкөлөр менен соода же экономикалык келишимдерди түзгөндө адам укуктары маселесине сөзсүз көңүл буруу чечимин кабыл алган. Башкача айтканда, адам укуктарынын абалына ар тараптан байкоо салуу соода келишимдеринин маанилүү бөлүгү болуп калды. Ошон үчүн жыл сайын тигил же бул өлкө менен адам укуктарынын абалын талкуулап жүрөбүз.

Европа комиссиясы, Европарламент, көз карандысыз уюмдар бул чөйрөдөгү өзгөрүү, жылыштарга жакындан көз салат. Кеп соода тууралуу гана жүргөн жок. Өлкөдөгү жалпы абалга баа берилет. Эмне дегенде Евробиримдик үчүн кырдаалга ар тараптан байкоо салууда саясий демократиянын, адам укуктарынын критерийлери абдан маанилүү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел. Брюссель, 25-июнь 2024-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел. Брюссель, 25-июнь 2024-жыл.

- Өткөн жылы Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция кабыл алган. Сиз ошол документти колдогондордун бирисиз. Кыргызстан бийлиги ошондо аны “объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген” деп четке каккан. Сиздин баамыңызда бир жылдан кийин Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы канчалык өзгөрдү?

- Тилекке каршы адам укуктары жана демократиянын абалы Кыргызстанда начарлап жатат. Начарлаганы ачык эле көрүнүүдө. Чет өлкөлөрдүн таасириндеги же чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды кабыл алуу бейөкмөт уюмдарды, жарандык коомдун активисттерин чектеп койду.

Жарандык коомго, адам укуктарын коргоочуларга, жарандык активисттерге басым-кысым, куугунтуктоо уланып жатканына күбө болуп келатабыз. Менимче, Европарламенттин резолюциясы муну так эле белгилеген, объективдүү жазылган. Биз укук коргоочулардын куугунтукка кабылганын мисал келтирип, ысымдарын резолюцияга камтыганбыз. Ошон үчүн кыргыз жетекчилигинин ошол документти четке какканын кызматаштыкка дилгир эмес, Еврошаркет менен алакаларда эскичил көз караштарды карманат деген ишарат катары кабыл алам. Европарламенттин жаңы курамы Кыргызстандагы абалга жакындан байкоо саларын айта алам. Өлкө бийлигинин демократиялык критейрилерди көз жаздымда калтырышына, Орусияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүсүнө жол бере албайбыз. Бийлик анын баасын төлөш керек жана төлөйт.

- Бир жыл мурун сиз Европа комиссиясын ВСП+ (Жалпы жеңилдиктер системасы) берген соода жеңилдиктерин баалоо маалында Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу кырдаалды көңүлгө алууга үндөгөнсүз. Жогоруда айтылган келишимге кол коюу Евробиримдик Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына канааттанат дегенди билдиреби?

- Жок, андай эмес. Бул келишимге кол коюу менен биз чың ыкласыбызды, Кыргызстан шаркет менен экономикалык кызматташттыкка муктаж экенин түшүнгөнүбүздү көргөздүк. Ири экономикалык блок менен алака-катыш кыргыз экономикасы үчүн чоң пайда алып келет.

Бирок демократиялык жана саясий критерийлерге келгенде, кыргыз тарап азырынча демократиялык талаптарды канааттандырбайт. Биз бийлик ал критерийлерди көз жаздымда калтырып, аларды бузуп жатканын көрүп келатабыз.

ВСП+ же жеңилдиктер системасын Европа биримдигинде кантип кабыл алышарын байкайлы. Айтайын дегеним документке кол коюу бир нерсе, аны жактыруу башка нерсе. Ошондуктан, мен алдыда айткандай, биз кырдаалга байкоо салып, адам укуктары маселесин улам козгоп турабыз. Себеби орусиячыл саясий күчтөр кыргыз элине абдан күмөндүү, демократиялык стандарттары төмөн болгон системаны таңуулап жатышат деп эсептейбиз. Кыргызстанда бул тенденция ачык байкалууда.

- Кыргызстан Борбор Азиядан экинчи болуп бул өңдүү келишимге кол койду. Жалпысынан Орусия Украинага кол салгандан бери шаркеттин аймактагы стратегиясы канчалык өзгөрдү?

- Биз Борбор Азияга белгилүү бир үмүт артабыз, региондогу көптөгөн өлкөлөр менен эки тараптуу, аймактык деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүүгө, байланыштарды бекемдөөгө болот деп ойлойбуз. Бул жагынан биздин экономикалык аргументтерибиз бар. Бирок Орусиянын Украинага каршы агрессиясы менен европалык кошуналарга гибриддик кысым күчөгөнү Москва өзүнө зарыл болгон ресурстарды, технологияларды, өзгөчө кош максаттагы товарларды алуу, муну менен согуш маалында өз экономикасына жардам берүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүн арткы эшик катары пайдаланууга аракеттенгенин көрүп жатабыз.

Тилекке каршы, Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүдө жана Орусия муктаж болгон товарларды жеткирүүдө маанилүү роль ойноп жатат. Кыргызстан бийлигинин муну танганы кабыл алынгыс деп ойлойм. Биз кыраакы болууга тийшпиз. Кыргыз эли алар Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушуна кыйыр түрдө катышып жатканын, бул – Европанын коопсуздугуна коркунуч жаратканын түшүнүшү керек.

Демек, жоопкерчилик Кыргызстан бийлигине жүктөлөт. Биз чектөөчү чараларды кабыл алышыбыз керек.

- Кыргызстан бийлиги санкцияларды мамлекеттик эмес, менчик компаниялар бузганын айтып жатпайбы...

- Айырмасы жок. Кыргызстан мамлекети, өкмөтү бар. Бажы кызматы көзөмөлдөп туруш керек. Андай болбосо биз эмне үчүн кыргыз экономикасына соодада жеңилдиктерди беришибиз керек? Менимче, эч кандай актануулар, түшүндүрмөлөр кабыл алынгыс. Орусиянын ыктымал таасириндеги менчик компанияларга жоопкерчиликсиз саясат жүргүзүүгө, жоопкерчиликсиз аракет көрүүгө кантип жол беришет?

- Орусия тууралуу сөздү улантсак, Еврошаркет Кыргызстан же жалпы Борбор Азия менен экономикалык алака курууда ал өлкө менен атаандаш боло алабы?

- Бул – Кыргызстан ошол экономикалык байланыштардан эмнелерди күтөрүнөн көз каранды. Шаркет заманбап технологияларга, алдынкы тажрыйбага таянат. Айтайын дегеним, биздин блок азыркы экономикага зарыл болгон орто жана жогорку технологиялар, алдынкы тажрыйба менен бөлүшө алат. Ал эми Орусиянын сунушун карасаңар. Бул – арзан мунай менен газ. Кыргызстан экономикасына чоң пайда алып келерин ойлобойм. Европанын жана Орусиянын экономикалыларынын кубатын жана атаандаштык жөндөмүн салыштыра албайм. Орус экономикасынын деградация болуп жатышы аны кыйын абалга кептеп жатат.

Ошон үчүн акыркы чечимди Кыргызстан өкмөтү кабыл алат. Объективдүү көз караштан алып караганда, утушка алып келчү тарап даана көрүнүп турат.

- Кээ бир аналитиктер Еврошаркеттин региондогу геосаясий кызыкчылыктары өзгөргөн маалда адам укуктары жана негизги эркиндиктер маселеси көз жаздымда калууда деп эсептешет. Сиз ушул ойго кандай жооп берет элеңиз?

- Албетте, европалык айрым аткаминерлер тараптан кайдыгерлик жок эмес. Мен Евробиримдиктин Кыргызстандагы делегациясын активдүү болууга, адам укуктары бузулган болушу ыктымал деген ар бир учурга байкоо салууга, андай сот жыйындарына катышууга үндөйт элем. Мен сиз айткан пикирге жарым-жартылай кошулам. Себеби экономикалык, соода кызыкчылыктары үстөмдүк кылып кеткен учурлар бар.

Мисалы, Германиядан келген статистика Кыргызстанга экспорт мурунку жылдарга караганда 10 же андан көп эсеге өскөнүн көргөзүүдө. Демек, айрым менчик компаниялар санкцияларга көз жумду мамиле кылууда. Бул туура эмес деп эсептейм.

- Анда санкцияларды Еврошаркеттин айрым өлкөлөрү да бузуп жатат деп айтса болобу?

- Тилекке каршы, туура айтасыз. Сөзүңүзгө толук кошулам. Биз бул үчүн ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө, менчик компанияларга доомат артышыбыз керек. Санкцияларды буйтап өтүү менен алар, тилекке каршы, Украинаны эмес, Путиндин режимин колдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG