Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

Ноокатка Баткенден куткаруучулар менен кошо азык-түлүк жөнөтүлдү


ӨКМны сүрөтү.
ӨКМны сүрөтү.

Селдин кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калган адамдарды куткаруу уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) издөө-куткаруу иштерине Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан жыйырмадан ашык куткарууулар менен кошо эки портер азык түлүк жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Мекеме куткаруу иштериндеги фото-видеолорду жарыялап жатат. Анда ондогон адамдар суудан атайын жасалган жыгач көпүрө менен өтүп жатышканын көрүүгө болот. Буга чейин ӨКМ Абшыр-Атада суудан өтө албай калган 1300дөй адам бар экенин билдирген. Акыркы маалымат боюнча эки жүздөй киши коопсуз жайга чыгарылды.

28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 адам, 19 техника тартылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм сел алып көз жумган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG