Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Борбор Азия

Мен көргөн Украина
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:37:41 0:00

"Азаттыктын" журналисттери Айбек Бийбосунов менен Бектур Стамкулов Украинадагы кырдаалды жеринен көрүп келишти. " Мен эки жарым жылдан бери согуш баскан Украинага барам деп ойлогон эмесмин. Бир апталык сапарда кесиптешим Бектур экөөбүз адегенде Одессага жетип, анан баш калаа Киевге бардык. Согуштун алааматын Буча, Ирпин, Бородянка шаарларына барганда өз көзүбүз менен көрдүк. Орусия менен чек арада турган, Украинанын экинчи ири шаары Харьковго барганда өмүрүбүзгө коркунуч жаралган учурлар да болду. Кыргызстанга аман-эсен келгенибизде тынчтыктын баркын даана сездик", - дейт Айбек.

Ишкер Бабанов эркин журналистке миллион сом доо койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:01 0:00

Сузакта Кыргызстандын желеги өрттөлүп, ордуна арапча жазуусу бар ак матанын илинишине байланыштуу бир нече адам, анын ичинде кыздар кармалды. Аларга мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча айып тагылды. Американын аймагына Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендерге АКШда баш паанек алууга тыюу салынды. Экс-премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, миллион сом доо койду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG