Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

ӨКМ Абшыр-Атадан 1300 адам коопсуз жерге чыгарылганын маалымдады


 ӨКМ тараткан сүрөт. Куткаруу иштери.
ӨКМ тараткан сүрөт. Куткаруу иштери.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) соңку маалыматы боюнча селден улам Абшыр-Ата эс алуу жайында калган 1300 киши коопсуз жерге чыгарылды. Мекеме баскандан кыйналган жана улгайган адамдарды тик учак менен алып келгенин билдирди.

Куткарылгандардын арасында жабыркагандар жок жана медициналык кароодон өткөрүлдү.

28-июндагы катуу жамгырдан Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Суунун аркы бетинде болжолдуу 1300 адам өтө албай калып калганы аныкталган. 42 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин улантып жатат.

28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.

ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Эрмаматов журналисттерге маалымат берип жатып, каза болгондор тууралуу 10 адам деп айткан. Бирок, көп өтпөй ӨКМ каза болгондор тууралуу жаңылыш маалымат берип алганын билдирди. "Кабар" мамлекеттик агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип, каза болгондордун саны алты адамга жеткенин жазды. Бул маалыматты "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ырасташты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG