Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

2024: Жыл санактагы “Улуу жылы”


Суучулдар "Ажыдаар бийин" аткарышууда. Шанхай шаарындагы аквариум. КЭР. 20.1.2012.
Суучулдар "Ажыдаар бийин" аткарышууда. Шанхай шаарындагы аквариум. КЭР. 20.1.2012.

Келе жаткан 2024-жыл кыргыздын салттык жыл санак жадыбалында “Улуу жылы” деп да, “Балык жылы” деп да аталат. Сиз алардын кайсынысын туура деп санайсыз? Тарыхчынын блогу.

Бабалардан калган жылсанак системасынын пайда болушу тууралуу жоромолдор

Борбордук жана Ички Азия түрк жана монгол калктарынын (анын ичинде кыргыздардын) ата-бабалары тээ көөнө доорлордо жылдыздарга, планеталарга байкоо жүргүзүү аркылуу акырындап эмпирикалык (турмуштук тажрыйбалык) билим топтой беришкен.

Дал ушундай билимдин натыйжасында алар Күндүн жылышын (башкача айтканда, Жердин Күндү айланып чыгышын) байкоого негизделген жыл санак (календар) системасын иштеп чыгышкан.

Кээде “мүчөл” деп да аталган бул 12 жылдык алкакты камтыган жыл санактагы ар бир жыл он эки айбандын биринин аты менен белгиленген.

Бул жыл санак системасын түрк жана монгол тилдүү калктар Евразиянын ар башка чөлкөмдөрүндө колдонушкан.

Маселен, Түрк каганаттары дооруна келсек, битик алфавитинин VIII к. таандык орхондук жазма эстеликтеринде (руна сымал жазманын орхондук вариантында) жазылган тексттерде бир катар жыл аттары чагылдырылган.

Алардын биринде, мисалы, Экинчи Чыгыш Түрк каганатынын даңазалуу колбашчысы, канзаада Күлтегин тууралуу:

Kül tegin koń yılka yeti yegirmeke uçdı

“Күлтегин кой жылы он жетинчи күнү өлдү” – деп жазылган.

Ал эми Кытайдын Тан сулалесинин жана анын тарыхый коңшуларынын тарыхы чагылдырылган “Тан шу” – “Тан сулалесинин тарыхы” чыгармасынын кыргыздарга арналган бөлүмүндө кыргыздар “он эки айбандын [аталышынын] жардамы менен жылдарды санашат; маселен, жыл инь жылына туш келсе, аны барс жылы деп аташат”, — делген жана башка кызыктуу маалыматтар бар.

Экинчи Чыгыш Түрк каганатында да, Энесайдагы Кыргыз каганатында да негизги калайык теңирчиликтин түрүн – көп учурда “кам” (шаман) ортомчу болгон диний ишеним системасын тутунушкан.

Айтмакчы, мындан он кылымдай илгери мусулмандык Карахандар каганатында байырлаган түрк калктары деле (анын ичинде ислам динине өтө баштаган теңир-тоолук кыргыздар дагы) дал ушул он эки жаныбардын аталышына негизденген жыл санакты колдонуусун улантышкан (албетте, алар жаңы кабыл алынган динге байланыштуу мусулмандык ай календарын да удаа колдоно башташкан).

Бул жагдай тууралуу даңазалуу бабабыз Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн арапча жазылган “Дивану лугати т-түрк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”; 1072–1077-жж.) деген эмгегинде кеңири маалымат берет.

Махмуд Кашгари Барскани түрк элдери үчүн орток болгон бул жыл санактын келип чыгышын түрктөрдүн байыркы уламыштык каганы жана ал жыл аталыштарын аныктоо боюнча чакырган курултай менен байланыштырган.

Жыйында алиги каган өз эли менен кеңешип, мурда болуп өткөн согуштун так жылын таба албай баары тең кыйналгандыгын мисал кылат да, жыл он эки айдан тургандай эле, он эки жылды камтыган бир жыл санактын калыбын түзүп алууну сунуштайт. Кагандын эли өз башчысынын сөзүнө муюйт.

Андан соң каган жөкөрлөрү менен кошо Иле дарыясынын жээгинде салбуурунга (жапырт аңчылыкка) чыгат. Айдактаган ат кошчулар жана башкалар ар кыл жаныбарларды Иле дарыясын көздөй сүрүп кууй башташат.

Ошондо Иле суусунан алгачкылардан болуп кечип өткөн он эки жаныбардын атынан алиги жыл санактын жыл аттары аныкталган экен.

Иле дарыясы. 08.7.2013.
Жети-Суунун биринен болгон Иле дарыясы. 08.7.2013.

Андан ары Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн “Диванында” түрк калктарынын 12 жаныбардын аталышына негизделген жыл санагынын жыл аттары төмөнкүдөй тартипте жайгашкандыгын баяндайт (бул жылдарды биз номурладык. – Т.Ч.):

1. Сычган йылы (азыркы кыргызча — Чычкан жылы);

2. Уд йылы (Уй жылы);

3. Барс йылы (Барс жылы);

4. Тавышған йылы (Коён жылы);

5. Нек йылы (Улуу, б.а. Ажыдаар жылы; айтмакчы, бул жылды Махмуд Кашгари Барскани арап тилдүү окурмандар жеңил түшүнсүн үчүн арапчага “ат-тимсаах” — б.а. “крокодил” жылы деп которгон);

6. Йылан йылы (Жылан жылы);

7. Йунд йылы (Жылкы жылы);

8. Қой йылы (Кой жылы);

9. Бичин йылы (Мечин, б.а. маймыл жылы);

10. Тақағу йылы (Тоок жылы);

11. Ит йылы (Ит жылы);

12. Тоңуз йылы (Доңуз жылы).

Махмуд Кашгари Барскани түрк калктары бул жылдардын аталыштарын ар кыл ырым-жырымдарга да таяп жоромол кылышаарын учкай эскерет.

Маселен, өгүздөрдүн (жана букалардын) бири-бири менен сүзүшкөндүгүнөн улам, Уй жылы келсе, салгылашуулар көп болот, — деген ишеним болгон. Тоок жылы азык-түлүк көп болот, бирок кишилер тоокторчо чокулашышы ыктымал.

Нек өзү сууда жашаган себептүү, Нек жылы (кыргызча “Улуу жылы”. – Т.Ч.) жаан-чачындуу болушу да күтүлөт, делген. Ал эми Доңуз жылы менен катуу ызгаар байланыштырылган, делет “Дивандагы” маалыматтарда.

Чыгыштын жыл санагы. Жапония.
Чыгыштын жыл санагы Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ыбаадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген. 20.7.2010.

Адатта, жазындагы күн менен түн теңелген маал (нооруз күнү) – жылдын башаты болгон. Бекеринен кыргыздар нооруз майрамынын күнүн “Улустун улуу күнү” деп аташпайт эмеспи!

Теңир-Тоодогу несторийчи (тарса, б.а. христиан) түрктөр XIII – XIV кылымдарда дагы он эки жаныбардык жыл санакты кеңири пайдаланууну улантышкан. (Четин Жумагуловдун эмгектерин караңыз). Бирок алар үчүн жаңы жылдын башаты ноорузга эмес, январ айына туура келген.

Айтмакчы, жыл санактын келип чыгышы тууралуу кыргыздардын аңыз кептеринин бирин Белек Солтонкелди уулу Солтоноев (1878–1938) өзүнүн “Кызыл Кыргыз тарыхы” эмгегинде мындайча баяндаган:

“Карыялардын айтуунда, чычкан менен төө жылга кирмекке (жыл санактагы аталышка кирүү үчүн. – ТЧ) талашып, чатакташкандан кийин башка айбанаттар мындай деген: “күндүн чыкканын кимиңер мурун көрсөңөр, жылга ушул кирсин”, дегенде, төө таң атканча уктабастан, жатпастан, күн чыгышты карап турганда, чычкан: “мени булар жектеди, төөнүн бою – чоң, күндү мурун көрбөйбү!” деп акыл кылышты (акыл калчады. – ТЧ).

Эми кандай айла кыламын деп, таң атканча ары-бери жүгүрүп, “эптеп төөнүн кулагына чыгып алсам, күндүн көзүн мурун көрбөйүнбү!” деп, күн чыгаарда төөнүн кулагына чыга калып, анан (мөрөй алган соң, ийинге. – Т.Ч.) кире качып кеткен.

Төө (аны) таппай калып, чычкан жылга (б.а. жыл санакка. – Т.Ч.) кирип калганы үчүн төө чычканды күлдөн издеп, көбүнчө күлгө оонаганы ошондон дейт...”

Белек Солтоноев өз жоромолун да кошумчалап, жыл санакта чычкан эмес, бул зыяндуу кемирүүчүнү жок кылуучу арс чычкан (ал аны “нар чычкан” деп да атайт) эске алынса керек, деп түкшүмөлдөйт. Албетте, бул – анын жеке гана пикири. Өзү сурамжылаган эч бир карыя он эки жылдык жыл санактын келип чыгыш себебин айта албагандыгын да тарыхчы жана этнограф Б.Солтоноев өкүнүп эскерген.

Чыгыш элдеринин Жаңы жылын майрамдаган украиндер
Ажыдаардын сөлөкөтүн көтөрүп алып, Чыгыш элдеринин Жаңы жылын майрамдаган украиндер. Львов шаары. 04.2.2019.

“Улуу жылы” аталышы тууралуу учкай сөз

Жогоруда Махмуд Кашгари Барскани чагылдырган XI кылымга таандык жалпы түрктүк жыл санактагы жыл аталыштарында “Коён жылынан” кийин бешинчи болуп “Нек жылы” берилген.

Бул “нек” сөзүн Махмуд Кашгари Барскани сууда жашаган “крокодил” (“тимсаах”) деп арапчага которгонун да эскере кеттик.

Албетте, Борбордук жана Ички Азиядагы түрк калктары бул “нек” сөзү аркылуу “ажыдаар” сөзүнүн маанисин беришкен.

“Ажыдаар” (парсыча “аждахо”) деген сөз болсо бир катар түрк тилдерине кийин гана өздөштүрүлүп кирген эмеспи.

Демек, “нек” сөзү – бабалар илгертеден колдонгон нукура термин.

Орто кылымдардын соңку маалынан тартып кыргыздар “нек” сөзүнүн ордуна “Улуу” сөзүн колдонуп калышкан. Бул сөздүн маанисин Белек Солтоноев “ажыдаар” катары туура чечмелейт да, өз жоромолун мындайча кошумчалайт:

“Улуу (Ажыдаар – Дракон) – Кытайдын герби. Ажыдаардай коркпос, качпас, айбаттуу бол деп жылга киргизсе керек. Улууну кыргыз “жаян” деп да коёт”.

Б.Солтоноевдин сөзүнө кошумчаласак, ата-бабалардын “Улуу жылы” деген жыл аталышындагы “улуу” деген сөз кытай (ханзу) тилиндеги “лу” (“ажыдаар”) сөзүнөн алынса керек, деген жоромол чындыкка төп.

Соңку учурларда бул жыл аталышын кыргызча “Балык жылы” деп байма-бай сунуштагандар да кезигүүдө. Албетте, мындай аталыштын да жүйөөсү бар. Ажыдаардын өзүн көрбөгөн соң, кыйла турмушка жакын макулукту көрсөтүү – айрымдар үчүн ыңгайлуу. Мында айрым чет элдик адабияттагы терминди сөзмө-сөз которуунун да таасири болсо керек.

Менимче, этностук-маданий карым-катнаш аркылуу өздөштүрүлгөн эски сөздөрдү жерүүнүн эч кереги жок.

Эгерде бээжиндик профессор Ю Тайшан 2019-жылы сунуштаган илимий жоромолду кабыл алчу болсок, анда байыркы кыргыздар тууралуу ханзу тилиндеги эң алгачкы этнографиялык маалымат б.з.ч. X кылымга таандык болуп чыгат.

Көөнө кытай булактарындагы “кыргыз” этнониминин дагы бир вариантын чечмелеп, профессор Ю Тайшан б.з.ч. X кылымда жашаган Му-ван аттуу кытайлык падыша эгемен Кыргыз өлкөсүнө да саякат кылган, деген жоромолду сунуштады.

Хун доорунда, б.з.ч. I кылымдын башында байыркы кыргыздар жашаган аймакты хун теңир-кутунун кол астындагы башчы катары Кытайдын Хан сулалесинен Хун дөөлөтүнө өтүп кеткен теги ханзу колбашчы Ли Лин башкарып турган жана анын урпактары кыргыздашып кеткен, деген да уламыш кеп бар. Бул уламыш Тан сулалесинин доорунда расмий колдоого алынган.

Дегиңкиси, манты, лагман, лямфу (ашлямфу), жуушаң (жүн кыркчу кайчы), айрым жибек түрлөрүнүн аталыштары ж.б. бир катар ханзу терминдери чыгыш түрк калктарынын тилдерине киргендигин эч ким тана албайт.

Ханзу сөздөрүнүн бир далайы кыргыз тилинде да өздөштүрүлүп калган.

Андан тышкары, орто кылымдардагы Энесай Кыргыз каганаты Кытайдын Тан сулалеси менен узак мөөнөттүү дипломатиялык алакаларды жүргүзгөндүгүн, 648-жылы кыргыз каганы Чан’ан шаарына чейин баргандыгын, кийин да кыргыз элчилери Кытайдын борбор шаарына каттап тургандыгын жазма булактар тастыкташат.

Фолклордук мураска келсек, “Манас” эпосунда хан Манастын эң жакын досу жана жөкөрү, “Чоң казат” маалындагы башкы колбашчысы болгон ханзу тектүү Алмамбеттин эпостук тагдырын жана башка жагдайларды да эске ала кетсек болот.

Демек, “лу” (“ажыдаар”) деген кытайча сөз кыргыздардын жыл санагындагы “Улуу жылы” деген жыл аталышында колдонулуп калгандыгын да этностор аралык карым-катнаштын бир изи катары кадыресе кабыл алып аңдоого болот.

Жалпы түрк жана башка элдердин он эки жаныбардын аталышына негизделген жыл санагын мыкты изилдеген Ирина В. Захарова (1923–2014) айым “лу” сөзүн бир катар түрк калктары жана монголдор да колдонушканын өз эмгегинде таасын белгилеген.

Ал эми байыркы кытайлыктар Шан доорунан (б.з.ч. XVI—XI кк.) тартып эле 60 жылдык (12 жылдан бешти камтыган же 10 жылдан алтыны камтыган) айлампалуу жыл санакты колдонуп келишкен.

Тарыхчы Сыма Цян (Сыма Чийен) жазган “Ши цзи” чыгармасынан жана анлдан кийинки кытай булактарынна улам Хан сулалесинин кубаттуу императору У-ди (Ву ди) б.з.ч. 104-жылы Кытайда жыл санак реформасын жүргүзгөндүгүн билебиз. Бул жыл санак “Тайчу” (“Залкар башат”) деп аталган.

Бирок түрк калктары (анын ичинде кыргыздар) 60 жылдык айлампаны колдонушчу эмес. Алар мүчөлгө негизденип гана жыл сүрүшкөн.

Жогоруда да айтылгандай, кыргыздар өз жыл санагында “Улуу жылы” аталышын колдонуп калганга чейинки мезгилде кайсы термин маанилеш катары колдонулгандыгын он кылымдай илгерки карахандык булак көрсөтө алат.

Бул – “Нек жылы” деген аталыш. Ал аталыш “Ажыдаар жылы” маанисине төп келген.

Баса, Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн сөздүгүндө “нек жылан” деген сөздү “өтө чоң жылан” (б.а. удав) катары сыпаттаган. Демек, бул “нек” сөзү “балык” маанисине караганда, жомоктордогу оозунан от чачыраткан жана буту бар “чоң жыланга” алда канча жакын элестетилсе керек.

Айрымдар “Балык жылы”, “Жаян (балык) жылы” деген аталышты жактырышаар?

Жеке пикирибизде, мүчөл жыл эсебинин 2024-жылы келчү бешинчи жылын “Улуу жылы” деп атай бергенибиз оң.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG