Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Борбор Азия

АКШда кармалган теги тажикстандык сегиз киши "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар деп шек саналууда. Алардын алтоондо Орусиянын жарандыгы бар экенин New York Post жазды. 

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги менен ФБРдин биргелешкен билдирүүсүндө кармалгандар өлкөдөн чыгаруу жараянын күтүп камакта отурганы айтылды.

"Соңку бир нече күндө Иммиграция кызматынын агенттери ФБРдин террорчулукка каршы күрөшүү тобу менен тыгыз кызматташып, бир нече кишини кармашты. Кармалгандар өлкөдөн чыгаруу жараянын күтүп камакта отурат", - деп айтылды АКШнын Ички коопсуздук министрлиги менен ФБРдин 11-июндагы биргелешкен билдирүүсүндө.

Алар АКШнын иммиграция мыйзамдарын бузууга шек саналып кармалганы, баары түштүк чек ара аркылуу киргени, кеминде экөөнүн АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөнүнө бир жылдан ашканы, "Ислам мамлекети" тобу менен байланышы боюнча айып аларга расмий түрдө тагыла электиги маалымдалды.

Маалыматтарга караганда, ФБР аталган топко бир нече айдан бери байкоо жүргүзүп келген. Тыңшоо учурунда алардын бири бомба тууралуу айтып жатканы аныкталган.

NYPнын маалымат булагы билдиргендей, кеп 2013-жылдагы Бостон марафонундагы жарылуудай же "андан да кооптуу" террордук акт даярдалып жатканы тууралуу болушу ыктымал.

Быйыл апрель айында ФБР башчысы Крис Рэй Москвада "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин ошондой эле "координацияланган чабуул" АКШда да жасалышы ыктымал экенин эскерткен.

2013-жылы апрелде Бостон марафону учурундагы чабуул үч кишинин өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылган.

"Азаттыктын" тажик кызматы акыркы эки жылда тажикстандык жүздөгөн мигранттар Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз кирип, көбү бул өлкөдөн расмий башпаанек сураганын жазган.

Жыл башында АКШнын Луизиана штатына караштуу Винн шаарындагы түзөтүү борборунда кармалган тажик мигранттарынын тобу ал жактагы шартка нааразылык билдирип, ачкачылык акциясын өткөргөн.

Ошол эле күндөрү АКШга мыйзамсыз кирип, депортация борборлорунда кармалып турган өзбекстандыктар президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко бергени кабарланды. Алар убактылуу лагерлерде талапка жооп бербеген шартта кармалып турганына, адвокаттары менен байланыш чектелүү экенине даттанышкан.

Майдын соңунда Беларуста Минск шаарында теракт уюштурууга камданып жүргөн деген шек менен Тажикстандын эки жараны кармалган. “Белорусский силовик” Телеграм-каналы кармалгандар “Ислам мамлекети” террорчул уюмдун “Жамоат Ансоруллох” бөлүмүнүн мүчөлөрү болушу мүмкүн экенин жазган.

Тажик жарандары Германияга кеткени жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн, аларга Европага өтүп кетүүсүнө көмөктөшкөн адамдар дагы кармалганын кабарлаган.

Өткөн айда Италияда “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун мүчөсү деген шек менен бир тажик жараны кармалган. Тажикстандын ИИМи алардын өтүнүчү менен бул жаран Римде колго түшүрүлгөнүн, 2018-жылдан бери издөөдө болгонун билдирген.

Москвадагы 22-марттагы концерттик залда куралдуу кол салууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз моюнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "терактты түздөн-түз ишке ашырууга" байланыштуу айып тагылган.

Соңку айларда айрым жергиликтүү жана эл аралык басылмалар өз булактарына таянып, "Крокус Сити Холлдогу" терактка байланыштуу айыпталгандар менен катышы бар деген шек Тажикстанда бир нече адам кармалганын жазышкан. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети мындай маалыматтарды “чагым” деп атаган.

Ал тапта АКШнын Калифорния штатынын Чек ара кызматы Борбор Азиянын үч мамлекетинен – Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана дагы бир катар мурдагы советтик өлкөлөрдөн барган мыйзамсыз мигранттарды колго түшөр замат депортация кылууга милдеттүү болору кабарланды.

New York Post жазган макалада чек арачыларга ушундай тапшырма берген документ жиберилгени айтылат. Ага ылайык, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн мыйзамсыз барган жашы жеткен курактагы адамдар дароо АКШдан чыгарууга жөнөтүлөт.

Ал эми Африка, Азия, Европа жана Австралия аймагындагы жүздөн ашуун өлкөнүн чек арадан кармалып калган жарандарына арызы АКШ сотунда каралып бүткөнчө калууга уруксат берилет, бирок алар качкын макамын алууга арыз бере алышпайт.

Fox News жазгандай, жаңы талап Сан-Диего секторуна гана тийиштүү. Ал жер азыркы тапта АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган чет элдиктер өтө көп топтолгон тилке болууда.

Мексика АКШнын Калифорния, Аризона, Нью-Мексико жана Техас штаттары менен чектешет.

5-июнда АКШ президенти Жо Байден Мексика тараптан өтүп барган мыйзамсыз мигранттардын башпаанек алуу эрежелерин катаалдаштыруу тууралуу буйрук берген. Эми андай келгиндерди артка кайтаруу мурдагыга караганда оңой болуп калмакчы.

Азырынча башпаанек сурагандарды артка кайтаруу жараяны кандай, кайсы мөөнөттө ишке ашары белгисиз. Андан сырткары укук коргоо уюмдары белгилегендей, Кыргызстан өңдүү алыскы өлкөлөрдөн баргандар артка кайтарылса, Мексикада калып кетиши мүмкүн. Ал эми Мексика - мигранттар үчүн өтө кооптуу өлкө.

Кемпир-Абад иши: Сотто адвокаттар жарыш сөзгө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:28 0:00

Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараянда адвокаттар жарыш сөзгө чыкты. Мунун алдында прокурор кармалгандарды 20 жылдан абакка кесүүнү соттон суранган. БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы согушту токтотууга чакырган резолюция кабыл алды. Израилдин операциялары башталган сегиз айда Газа тилкесинде 37 миңден ашык киши набыт болгону кабарланды. Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов Нарындын Миң-Куш айылында сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаада уран калдыктары болгонун ырастады. Кырсык 1-июнда болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG