Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Борбор Азия

Gap year: Өз жолун табуу үчүн изденген жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:07 0:00

Адатта окуучулар мектепти бүтөөрү менен эле дароо кесип жана окуу жай тандашат. Бирок соңку жылдары бүтүрүүчүлөр мектепти аяктагандан кийин бир жыл тыныгуу алып, кесип жана окуу жай тандоого көбүрөөк убакыт бөлө баштады. Дүйнөдө кеңири жайылганы менен Кыргызстанда жаңыдан кулачын жайып жаткан бул тенденция Gap year деп аталат. Азаттык+ бүгүн бул көрүнүш тууралуу айтып берет.

Тереза Рибейру
Тереза Рибейру

ЕККУнун Борбор Азиядагы журналисттердин коопсуздугуна арналган регионалдык жыйыны Алматыда аяктады. Анда чөлкөмдө иштеп жаткан кабарчылардын абалы, статусу, аял журналисттердин ишине тоскоолдуктар, жалпы интернет коопсуздугу маселелери көтөрүлдү. Жыйынга катышкан кесиптешибиз Венера Сагындык кызы ЕККУнун Маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейру менен маектешти.

Венера Сагындык кызы: Мага сиздин жыйын маалында: “Борбор Азияда демократия, сөз эркиндигин сактап калыш үчүн күчтүү журналисттер көбөйүшү керек” деп айтканыңыз жакты. Ошондой журналисттердин коопсуздугун талкуулап жатабыз. Сизди тынчсыздандырган башкы көйгөйлөр кайсылар?

Тереза Рибейру: Бир аз артка тартсак, журналисттер болбосо, коомдо ачык-айкын талкуу болбойт. Бийликтегилер эл алдындагы жоопкерчилигин сезбей калат. Ошондуктан журналисттер корголуп, эч кимден коркпой эркин иштеген шарт түзүү - коом үчүн абдан маанилүү. Ушу маалда Борбор Азия эле эмес, жалпы ЕККУ аймагында журналисттердин коопсуздугу курч маселе болуп турат. Мурда журналисттерге чабуулдун көбү кайсы бир белгилүү тараптан уюшулса, азыр ар тараптан түрдүү кол салуу болуп жатканы баарыбызды терең тынчсыздандырат. Жалпы журналисттик кесипке ишеничти жок кылуу, элдин ишеничин жок кылуу стратегиясы чынында кооптуу. Бул – бийлик, саясатчылар менен карапайым элдин ортосундагы бир маанилүү коомдук кесипке каршы коркунучтуу чабуул.

Венера Сагындык кызы: Ушул тапта жүрүп жаткан согуш, геосаясий фактор журналисттердин ишин оорлотуп койду. Мындан башка дагы кандай ички, тышкы факторлор журналисттердин ишине тоскоол жаратып жатат деп айтат элеңиз?

Тереза Рибейру: Сиз айткандай, согуш силердин ишиңерге терс таасирин тийгизип жатат. Андан тышкары ошол согушка байланышы бар саясий чыңалуу, технологиялык чабуул – ушунун баары кошулуп келип маалымат каражаттарынын ишине чоң тоскоолдук жаратууда. Анын кесепетин коомчулук тартып, чынчыл, калыс маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калууда. Ага кошумча азыркы интернет доорунда жалган маалымат таратуу, жасалма маалымат жайылтып коомдук пикирди манипуляциялоо, же бурмалоо оңой болуп, жарандар дүйнөдө, өз өлкөсүндө эмнелер болуп жатканын туура аңдап, окуяларды туура кабыл алуусу абдан кыйын болуп баратат. Ушунун баары абдан тынчсыздандырчу жагдайлар.

ЕККУнун Борбор Азиядагы журналисттердин коопсуздугуна арналган регионалдык жыйыны. Алматы.
ЕККУнун Борбор Азиядагы журналисттердин коопсуздугуна арналган регионалдык жыйыны. Алматы.

Венера Сагындык кызы: Сиздин айткандарыңызга улай, азыркы күндө чынчыл, эркин журналист, же блогер болуу – чоң эрдикти, тайманбастыкты талап кылган иш болуп калды. Борбор Азияда соцмедиа платформаларына бийликти сындап, пикир жазган адамдар соттолуп жатат. ЕККУ, жалпы Европалык дипломаттар ушундай журналисттерге, жарандарга кандай колдоо көргөзө алат?

Тереза Рибейру: ЕККУнун Сөз эркиндиги боюнча өкүлү катары – сиз айтып өткөндөй сөз эркиндиги бузулган учурларды аныктоо – биздин мандатыбыз, ишибиз. ЕККУга мүчө 57 өлкө өз ара ошондой милдеттенме, жоопкерчилик алышкан. Аймакта сөз эркиндиги бузулган окуялар болгондо биз ошол милдеттенмелерди эскертип, сөз эркиндигин бузбай, адамдардын андай укугун урматтоо зарыл экенин эскертип турабыз. Эл аралык деңгээлде, ЕККУ алкагында жасала турган иштер көп эле. Албетте, андан башка да таасир этчү маанилүү механизмдер бар. Адамдардын фундаменталдык укугу бузулган кезде ошондой маселени убагында аныктап, тийиштүү кадамдарды жасай тургандай мекемелер аралык бир жалпы экосистема түзүлгөн. Ошондой системанын жардамы менен тийиштүү өкмөттөрдү жарандардын укуктарын, анын ичинде сөз эркиндигин сактоо боюнча алган эл аралык милдеттенме, жоопкерчиликтерин аткарууга үндөп келебиз.

Венера Сагындык кызы: Аял журналисттердин коопсуздугуна арналган атайын талкуу да болду Алматыдагы жыйында. Аял кабарчылар, редакторлор Борбор Азияда чоң жүктү көтөрүп келатканы айтылды. Аял журналисттерге кандай кеңеш берет элеңиз?

Тереза Рибейру: Баарынан башкысы – маалыматтын ар түрдүүлүгүн, ар тараптуулугун камсыздагыбыз келсе, бизге аял журналисттер аба менен суудай зарыл. Аялдар коопсуздугунан, ар кандай коркунучтардан чочулап кесибин таштап кете башташына эч убакта жол бербешибиз керек. Андай учурлар болуп жатат. Ар кандай коркутуп-үркүтүү, интернет чабуулдар аялдар үчүн чоң соккуга айланып, ансыз да оор ишин аткара албай башка ишке кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Ошондуктан маалымат каражаттарында иштеген аялдарды коргой турган атайын механизмдерди иштеп чыгып жатабыз. Аялдар көп учурда эки эсе көп чабуулга калып жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG