Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

АКШ Украинага 150 миллион долларлык аскердик жардам жиберет


MIM-23 Hawk системасы.
MIM-23 Hawk системасы.

АКШ Украинага аскердик жардам катары 150 миллион долларлык курал-жарак жана ок-дары берет. Анын ичинде HAWK абадан коргонуу жана 155 миллиметрлик артиллериялык ок-дары бар. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлдөрү билдиргенин Reuters жазды.

Басылманын ишенимдүү булагы расмий Вашингтон Киевге коргонуу үчүн берген аскер жардамын дүйшөмбүдө расмий жарыялай турганын билдирди.

Соңку учурда Орусия Украинанын энергетикалык обьектилерине сокку уруп, Киев Вашингтондон абадан коргоо системаларын сураган болчу. АКШ Stinger зениттик ракетелык комплексине кошумча катары HAWK системаларын Украинага 2022-жылдан бери жөнөтүп келет.

MIM-23 HAWK абадан коргонуу системасы 1950-жылдан баштап колдонулуп, андан бери бир топ жаңыланып келе жатат. Пентагондун маалыматында бул система ондон ашык өлкөгө экспортолгон.

АКШ 2022-жылдан бери Украинага 50 миллиард доллардан ашык аскердик жардам берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG