Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:18

Борбор Азия

Тажикстандын түндүгүндөгү Канибадам шаарынын айрым аймактарынын тургундары үйлөрүнө акыркы бир нече аптадан бери кара кийимчен адамдар кирүүгө аракет кылып жатканын айтышууда.

Жергиликтүү бийлик мындай маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Бирок канибадамдыктар социалдык түйүндөрдө коопсуздук камераларына түшүп калган беткапчан кишилердин видеолорун жарыялашууда.

Кара беткапчандар

11-июнга караган түнү Канибадам шаарынын борборундагы Максудовдордун үй-бүлөсү короосунда кара кийинген шектүү адамды байкап калышкан. Белгисиз адам үй ээлерине жакын келүүгө аракет кылган, бирок алар кыйкырганда, коркуп качып кеткен.

"Кечки 10до короодо, тапчанда отурганбыз. Бир маалда кызым короо жакта бир кишини байкап калды. Ал кара беткапчан болчу. Бутуна маасы кийип алганын байкадык. Кыйкырып, көчөгө чуркап чыктык", - деди Канибадам шаарынын тургуну Махсуда Кадырова.

Бул жагдай боюнча бийлик өкүлдөрүнө маалымат берилген, бирок азырынча эч ким кармала элек.

Соңку эки айда белгисиз бирөөлөр Канибадамда бир нече үй-бүлөнүн мүчөлөрүн өлтүрүп, эми кара беткапчан адамдардын пайда болушу тургундарды кооптондурууда.

Махсуда Кадырова ошол түнкү окуядан кийин милиция кызматкерлерин чакырышканын, бирок алар бир сааттан кийин гана келишкенин "Азаттыктын" тажик кызматы- "Озоди" радиосунун кабарчысына айтты.

"Эмнеге кечигип келгендигин сураганыбызда, милиция кызматкерлери акыркы эки күндө ушундай кайрылуулар көп түшкөнүн айтышты. Короого кирип, баарын тегерете карап чыгышты. Кылмышкерлер кармалышы керек. Биз абдан коркуп жатабыз. Тынч уйкуну унутуп калдык", - деди Кадырова.

Канибадам шаарынын башка райондорунда абал мындан да начар. Жашоочулар алардын коопсуздугуна өз алдынча кам көрүп жатканын айтышууда.

Шаар тургуну Инобат Исламова: "Ушундай ысыкта эшикти бекитип уктайбыз. Мындай көрүнүш качан болчу эле?" - дейт.

Ушул тапта Сабировдордун үй-бүлөсү да кооптонууда. 90 жаштагы Ашурали Сабиров соңку кырдаалдан улам түнкүсүн башына балка, балта жаздап жатканын айтат:

"Түнкүсүн бири-бирибизди кайтарып дээрлик уктабай калдык. Же сыналгынын үнүн көтөрүп, үргүлөп отурабыз. Каалаган убакта сыртка чыга албай калдык".

Ошондой эле Ашурали Сабиров шаардын ичинде аскерлердин түнкү күзөттөрүн уюштуруу керектигин кошумчалайт.

Жыл башынан бери Канибадамда кеминде беш үй-бүлөдөн бир нече адамды белгисиз бирөөлөр өлтүргөн жана тургундардын айтымында, киши өлтүрүүлөрдүн схемасы бири-бирине окшош. Канибадамдыктар бийликтен кылмышкерлерди кармоо боюнча ыкчам чараларды көрүүнү талап кылышууда. Бирок азырынча кылмышкерлер кармала элек.

Ал эми Тажикстандын укук коргоо жана коопсуздук органдары бул боюнча эч кандай түшүндүрмө беришпейт. "Озоди" радиосу бир жума мурун Ички иштер министрлигине кайрылуу жасаган, азырынча расмий жооп келе элек. Бул жагдай айрыкча эмгек миграциясында жүргөн көптөгөн үй-бүлөлөрдү жана алардын жакындарын тынчсыздандырууда.

Канибадамда киши колдуу болгон кыргыздар

Согд облусуна караштуу Канибадам шаары Кыргызстандын чек арасына 50-60 чакырымдай жайгашкан. Бул чөлкөмдө этникалык кыргыздар көп жашайт. Кыргыздар кириптер болгон кандуу окуя Канибадам шаарынын аймагындагы Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү катталган. Анда бир үй-бүлө тажик улутундагылар, экинчиси этникалык кыргыздар экени кабарланган.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы келин жана анын 17 жана 14 жаштагы эки окуучу уулу каза болгон. Туугандары үчөө тең күч колдонулуп өлтүрүлгөнүн айтып беришкен. Келин айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, күйөөсү Орусияда миграцияда.

Учурда киши колдуу болгон кыргыз үй-бүлө жашаган там жабык турат. Санжидзор кыштагы.
Учурда киши колдуу болгон кыргыз үй-бүлө жашаган там жабык турат. Санжидзор кыштагы.

Кыргыз үй-бүлөдөн киши колдуу болгондор 54 жаштагы аял, 47 жаштагы иниси жана анын 46 жаштагы жубайы экени, каргашалуу түнү жубайлардын үч баласы да ошол жерде болгону, алар аман калганы кабарланган. Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн жакын туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. 54 жаштагы Зулхо Иброхимова Санжидзор кыштагындагы орто мектепте директордун орун басары болуп иштегени белгилүү болду. Бул мектепте этникалык кыргыздардын балдары билим алышат.

Канибадамдагы кыргыз мектеп.
Канибадамдагы кыргыз мектеп.

Тартип коргоо органдары расмий маалымат бере элек. "Озодиге" маркумдардын жакындары айтып беришкендей, алардын үйүнөн акча жана башка баалуу буюмдары жоголгон.

"Андан мурдараак Канибадамдын башка кыштактарында да белгисиз жагдайда бир нече адам өлтүрүлгөн. Соңку окуяга ошол эле кылмышкерлердин тиешеси барбы же жокпу, белгисиз. Милиция акыркы үч айда эле Канибадамда кеминде төрт үй-бүлөдө адамдар киши колдуу болгону тууралуу маалымат тараткан. Бул кылмыштардын баарынын чоо-жайы белгисиз, ал эми кылмышкерлер боштондукта жүрөт", - деп билдирди "Озоди".

Окуя болгон айылга барган "Азияплюс" басылмасынын кабарчысы 72 жаштагы Турдугүл Жолдошова менен баарлашкан. Ал мындай үрөй учурган окуяны өмүрүндө биринчи жолу угуп жатканын айткан.

"Жолдошум экөөбүз жалгыз жашайбыз. Эки уулубуз каза болуп, кыздарыбыз күйөөгө тийген. Корообуз чоң, дарбазасы, тосмолору жок. Бул өтө коркунучтуу, анткени үйгө каалаган адам кире алат", - дейт Санжидзор кыштагын тургуну, этникалык кыргыз Турдугүл Жолдошова.

Анын мугалим кызы жакында 100 сомони бергенин, бирок корккондуктан базарга да бара албай отурганын айтып берген.

Кароосуз калган үч баланы Кыргызстанга өткөрүү иштери жүрүп жатат

4-июнда Тажикстанда тартип коргоо органдары эки үй-бүлөдөн бир түндө алты адам киши колдуу болгон окуяны иликтеп жатканын кабарлаган.

Көп өтпөй, Канибадамда киши колдуу болгон кыргыз үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында көтөрүлүп, депутат Камила Талиева каза болгондордун жакындары ага байланышып жатканын белгилеп, окуяны дыкат териштирүүнү сунуштаган.

"Ата-энеси да каза болуп, үч бала томолой жетим калды. Мен туугандарына "Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги бар, териштирүү жүрөт" деп аларды кармап турам. Каза болгондордун Кыргызстандагы агасы үч баланы өзүм багып алам деп жатат. Балдардын тагдырына кайдыгер карабай, буга дыкат мамиле жасоону суранат элем", - деди Талиева.

7-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгон үй-бүлөнүн жашы жете элек үч баласын Кыргызстанда жашаган туугандарына өткөрүп берүү аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

Ага ылайык, ата-энесиз калган кыргыз балдарды Кыргызстанда жашаган туугандарына өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги коңшу өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле балдарды туугандарынын колуна өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандагы мамлекеттик органдары менен чогуу зарыл иштер жүргүзүлүп жатат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Орусияны обочодо калтырабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:34 0:00

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан. Үч өлкөнү бириктирген, Орусияны кыйгап өтө турган турган темир жолдун долбоору боюнча дагы бир макулдашууга кол коюлду. Кылымдын курулушу атыккан бул долбоор Кыргызстанга эмнеси менен маанилүү? Бул долбоорго Орусия кандай карайт?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG