Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Борбор Азия

Каракул баатыр жөнүндөгү жыйындын көрнөгү.
Каракул баатыр Татан уулу жөнүндөгү илимий жыйындын көрнөгү. 14.6.2024.

Тарыхый инсандар өз доорунун чыгаан азаматы катары ар дайым эстутумда сакталат. Казакстандын Алматы облусундагы Чоңжа кыштагында айтылуу Каракул баатырдын элесине арналган эл аралык жыйын өттү. Тарыхчынын блогу.

Элдик баатыр

Кыргыз жана казак элдеринин орток баатырлары бар. Алардын айрымдары Жуңгар хандыгынын калайман жортуулдарына жана баскынчыл саясатына каршы айыгыша күрөшкөндүгү менен эл эсинде түбөлүккө калышкан.

Кеңирсиген Жети-Суу аймагынын бир өңүрүндөгү – Кара-Талаа жергесиндеги ошондой көкжал баатырдардын бири – Каракул баатыр Татан уулу (Қарақұл Батыр Татанұлы; 1682–1785) болгон.

Каракул баатыр Татан уулу. 14.6.2024.
Каракул баатыр Татан уулу (Қарақұл Батыр Татанұлы; 1682–1785). 14.6.2024.

Каракул баатыр — казак элинин Улуу жүзүнүн курамындагы албан уруусунун чыбыл (шыбыл) деген уругунан чыккан айтылуу Татан баатырдын уулу болгон.

Каракулдун чоң атасы Калкаман Өтөй уулу (Өтейұлы) дагы, өз атасы Татан Калкаман уулу дагы Жуңгар хандыгынын баскынчылыгына каршы айыгышкан согушта өзгөчө эрдик көрсөтүп, шейит кеткен чыгаан казак баатырларынан болушкан.

Татан баатырдын Өмүркул (Өмірқұл), Каракул жана Майлыбаш (Майлыбас) аттуу үч уулу жалгыз эжеси Карачачтын (Қарашаш) колунда тарбияланат. Себеби алардын эжеси Карачач он беш жашка караган чакта, алардын энеси (Татан баатырдын жубайы) каза болуп калган.

Ал эми Татан баатыр набыт кеткен соң, ошол кездеги Коңурбөрк (Қоңырбөрік) жергесин бийлеп турган, ары оокаттуу, ары өз сөзүндө турган салабаттуу Тама байдын уулу Сейитказы бий өзү жаш Каракулду тарбиялаган.

Убактылуу көргөзмөгө коюлган соот. 14.6.2024.
Уйгур районунун Маданият үйүндөгү убактылуу көргөзмөгө коюлган соот. Чоңжа кыштагы, Казакстан. 14.6.2024.

Каракул баатыр Татан уулу ар кыл жылдары жалпысынан тогуз аялга үйлөнгөн, анын 30 уулу болгон. Тогуз аялга үйлөнгөндүгүнүн дагы бир сыры – эл четинде, жоо бетинде салгылашта шейит кеткен агасы Өмүркулдун жубайы Таңсулууга да үйлөнгөн, агасынын балдарын өз балдарындай караган (мындай салт кыргыздарда да болгон); курман болгон атасынын кунун кубалап, жортуулга барып, барымталанган эки калмак кызына да үйлөнгөн.

Бакыт Абдилов Каракул баатырдын 9 аялынын эстелигинин жанында. Сүмбе. 13.4.2024.
Бакыт Абдилов – бабасы Каракулдун тогуз аялына арналган эстеликтин куруучуларынын бири. Мында ал Сүмбе кыштагындагы тогуз чоң энеге арналган эстеликтин жанында турат. Казакстан. 13.4.2024.

Каракул баатырдын урпактары тогуз чоң энени аздектеп эскеришээри, алардын ар биринин ысымы дайындыгы кыргыздарда дагы санжыраны чечмелегенде "баланча уулу" деп чоң эненин ысымына байлап санаган учурларды эске салды (Маселен, ушул саптардын ээси кыргыз улутунун тынымсейит уруусунун курамындагы күмүш уруусунан, башкача айтканда, Рысбай атанын аялдарынын бири Күмүш деген эненин урпактарынан).

Айтмакчы, курман болгон жоокерлердин жесир-жетимдерин дароо өз бүлөсүнүн калкасына алуу салты башка чыгыш элдеринде, мисалы, Ыраакы Чыгыштагы чукчаларда дагы кеңири жайылган экен.

Мындай ынтымак чукчаларга баскынчы московиялыктардын чабуулдарына бир нече кылым бою багынбастан туруштук берүүгө жана үй-бүлө институтун бекем жана биримдикте сактоого мүмкүндүк жараткан.

Ойрон-Төбө салгылашуусунун түстүү картасы.
Ойрон-Төбө салгылашуусунун түстүү картасы. Уйгур районунун Маданият үйүндөгү убактылуу көргөзмө. Чоңжа кыштагы, Казакстан. 14.6.2024.

Кара-Талаадагы санжыраларда Каракул баатыр Түркстан аймагындагы Бөген дарыясынын боюндагы салгылашууларды, Аңыракай салгылашуусун, Олуя-Ата (азыркы Тараз), Алматы аймактарындагы жана Тарбагатай аймагындагы кырчылдашкан салгылашууларды башынан кечирген, делет.

Жети-Суудагы жана башка аймактардагы бир катар салгылашууларга кыргыздар дагы казактарга үзөңгүлөш болуп катышкандыгы маалым.

Жети-Суудагы чыгыштан басып кирген ойротторго (калмактарга) каршы Ойрон-Төбө салгылашуусунда жана башка салгылашуулар маалында Каракулдун өзүнүн 17 уулу курман болгон.

Акыры Каракул карыя көчмөн казактардын эгемен мамлекетинин жеңишке жеткен күнүнө чейин жашап, кылымды ашып карыткан.

103 жашка чыгып дүйнөдөн өткөн бул жети-суулук баатырдын миңдеген урпактары бар.

Алар Алматы облусунун азыркы Уйгур ооданына караштуу Сүмбе (кыргызча Сүмбө) айылында өз бабасынын айкелин тургузушкан.

Каракул баатырдын айкелинин жанында. 13.4.2024.
Каракул баатыр Татан уулунун айрым урпактары анын айкелинин жанында. 13.4.2024.

Айтмакчы, Сүмбө кыштагынан саал чыгышыраакта Кыргыз-Сай деген ири кыштак жайгашкан. Мында да Каракулдун урпактары байырлашат. Айтмакчы, Каракул баатырдын урпактарынын бири – Кыргызбай ысымдуу болуш болгон.

Баатырдын урпактарынын арасында Абдибай, Эсен (Есен), Сакен, Ракыш сыяктуу акындар, Закир сыяктуу домбрачы өнөрпоздор, Сыламжан Иса уулу, Нургожо сыяктуу молдо жана агартуучулар чыккан.

Азыркы казак окумуштуусу, Каракулдун урпактарынын бири жана бул баатыр атанын ысымындагы коомдук кордун жетекчиси, Сулайман Демирел атындагы университеттин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Жанболат Турсынкожа уулу Кайыңбаевдин (Жанболат Тұрсынқожаұлы Қайыңбаев) айтымында, бул баатырдан калган урпактар бир нече мамлекетте байырлашат.

Алардын айрымдары Кытайдын ШУАРынын Иле-Казак автоном аймагына караштуу Текес ооданында кыргыздар менен коңшулаш байырлашат.

Каракул баатырдын айкелинин жанында. 13.6.2024.
Каракул баатыр Татан уулунун айрым урпактары жана илимий жыйындын катышуучулары Сүмбе кыштагындагы анын айкелинин жанында. 13.4.2024.

Каракулдун урпактарынын айрымдары бай тукуму катары XX кылымдын 20–30-жылдары сталиндик репрессияга кабылышкан, андан тышкары жалпы казак улутунун ичинде болшевиктик жасалма ачарчылыктын азабын көрүшкөн.

Каракул баатыр тууралуу мол маалымат фолклорлук булактарда, казак санжырасында арбын сакталган.

Эгемендик доорунда гана казактар өз баатыры тууралуу эркин сүйлөп, ага айкел тургузуп, анын ысымын көчөлөргө беришүүдө.

Каракул баатырга арналган жыйында. 14.6.2024.
Каракул баатыр Татан уулуна (1682–1785) арналган илимий жыйындын катышуучуларынын бир тобу. 14.6.2024.

Эл аралык илимий шерине

2024-жылы июн (кулжа, казакча мавсым) айынын 14үндө Алматы облусунун Уйгур ооданынын борбору болгон Чоңжа (казакча Шонжы; орусча Чунджа) кыштагындагы Маданият үйүндө “Тарыхый инсандар: Жер менен элдин ширелишинин кепилдиги” деп аталган эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

Каракул баатырдын элесине арналган бул илимий шеринени Алматы облустук акимияты, Казакстан УИАсынын Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту, ал-Фараби атындагы Казак улуттук университети, “Каракул баатыр” коомдук кору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана башка шериктер уюштурушкан.

Уйгур районунун Маданият үйү, Чоңжа к., Казакстан. 14.6.2024.
Каракул баатыр Татан уулуна арналган эл аралык илимий жыйындын көрнөгү. Уйгур районунун Маданият үйү, Чоңжа кыштагы, Казакстан. 14.6.2024.

Жыйындын ачылышында сүйлөгөн Алматы облусунун Уйгур ооданынын акими Бота Серик кызы Елеусизова айым азыркы тапта ооданда 15 этностун өкүлдөрү дурус коңшулукта байырлашаарын, алар үчүн Каракул Татан уулу жана Алмерек Жаңчыкулу (Жаңшыкулы) уулу сыяктуу жергиликтүү баатырлардын жана башка тарыхый инсандардын элестерин аздектеп эскерүү жаш муундарды мекенчил кылып тарбиялоо үчүн зарыл экендигин баса белгиледи.

З.Кабулдинов китептерди тапшырууда. 14.6.2024.
Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директору Зиябек Кабулдинов Уйгур районунун китепканасына жаңы китептерди тапшырууда. Чоңжа. 14.6.2024.

Казакстан УИАсынын Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директору, КР УИАсынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Зиябек Эрмухан уулу Кабулдинов (Зиябек Ермуханович Кабульдинов) мырза Каракул баатыр жана анын доору тууралуу мазмундуу баяндама жасаган соң, Алматы облусунун Уйгур райондук китепканасына өз институту жакынкы жылдары жарыялаган бир нече ондогон китептерди белек кылып берди.

Биз илимий жыйында Жети-Суу аймагындагы кыргыз–казак боордоштугунун, саясий жана аскердик ынтымагынын XV кылымдардан берки тарыхы чагылдырылган мусулмандык жазма эстеликтер (анын ичинде Мырза Мухаммед Хайдардын "Тарых-и Рашиди" эмгеги) тууралуу сөз кылдык.

Албетте, монгол чапкынына чейин эле кыргыздар менен кыпчактардын шериктештиги болгон доорлорду да унутууга болбойт.

Айтылуу Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн арапча жазылган “Дивану лугати т-түрк” (1072–1077) эмгегинде кыргыздар менен кыпчактардын кылычты алдыга сунуп шерт кылган салты тууралуу этнографияык баалуу маалыматты камтый кеткен эмеспи.

Айтмакчы, бул ооданда кыргыздар дагы байырлашат.

Мусажан Тайыпов. 14.6.2024.
Мусажан Тайыпов, теги кыргыз казакстандык жаран, айтылуу жазуучу Мукай Элебаевдин урпагы, Каракул баатырга арналган жыйында. 14.6.2024.

Мен үчүн өзгөчө күтүлбөгөн окуя – айтылуу кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин (1906–1944) урпагы Мусажан Тайыпов мырза менен илимий шеринеде жолугушуум болду. Аны менен болочокто жайчылыкта катташалы, деп убадалаштык.

Демек, илимий жыйын маалында гана эмес, андан кийинки жана ага чейинки баарлашуулар маалында дагы өтө кызыктуу учурлар болду.

Ал эми Казакстан УИАсынын Р.Б.Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Дүкен Месимхан уулу (казакча Дүкен Мәсiмханұлы) болсо Кытайдын Текес ооданында туулуп-өскөн, КЭРдин мыкты жогорку окуу жайларынын биринде таалим алган адис экен.

Илимий шеринеде мени менен чогуу отурган Дүкен мырза “кыргыздарга жээн болом”, деп айтып отурду. Анын чоң энеси – Текестеги кыргыздардан (бугу уруусунан) экен. “Чоң энем көп жыл жашады, көзү өткөнчө ал кыргыз тилинде гана так сүйлөчү”, деди Дүкен мырза.

Д.Масимхан уулу менен Т.Чоротегин. 14.6.2024.
Казакстан УИАсынын Чыгыш таануу институтунун директору, профессор Дүкен Масимхан уулу (оңдо) менен кыргыз тарыхчысы Тынчтыкбек Чоротегин Каракул баатырга арналган илимий жыйында. Чоңжа к., Уйгур району, Казакстан. 14.6.2024.

“Эмнеге тилиңиз казакчага бурулбай койду, чоң эне?” деп тийишкендерге чоң энем: “Менин кайсы сөзүм сага түшүнүксүз болуп жатат, казагым!” – деп жооп берчү эле”, – деп Дүкен мырза күлүп айтып отурду.

Дүкен Месимхан уулу эне тили – казак тилинен тышкары кытай тилин мыкты билет, андан тышкары уйгур сыяктуу башка да тилдерди билет. Ал биз менен баарлашуусу маалында кыргызча так сүйлөп жатты. Маселен, ал “солай” дебестен, “ошондой” деп айтканда, жаныбыздагы казак туугандар да күлүп калышты.

“Кыргыздар бизге таяке болот”, деп дагы бир катар башка казак туугандар да мага кайрылып жатышты. Алардын бири өз ата-энеси 1930-жылдардагы ачарчылык маалында Кастек аркылуу Кеминге өтүп, аман калгандыгын айтып, кыргыздарга ыраазчылык билдирип жүрүп дүйнөдөн өтүшкөнүн айтып берди.

Маржан Канатбек кызы Дауытбекова айым – Алматыдагы ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Казакстан тарыхы кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты. Ал өз баяндамасында XVIII кылымдагы Казак хандыгындагы баатырлардын түрлөрү жөнүндө айтып берип, Каракул баатыр “чынжырлуу баатыр” деген түргө жатаарын, укум-тукуму менен элдик баатырлардан болгонун баса белгиледи.

Елена Наземцева видео аркылуу сүйлөөдө. 14.6.2024.
Орусиялык тарыхчы Елена Наземцева (Маскөө) Каракул баатыр Татан уулуна арналган эл аралык илимий жыйында видео аркылуу сүйлөөдө. 14.6.2024.

Илимий жыйынга келе жатып, денесин кокустатып алган орусиялык илимпоз айым, Орусия ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Кытай бөлүмүнүн жетекчи илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору Елена Николаевна Наземцева (Маскөө) өзүнүн падышалык оторчулук доор тууралуу кызыктуу баяндамасын видео тасма иретинде сунуштады.

Ал эми Казакстан УИАсынын Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директорунун орун басары, тарыхчы Шамек Баян уулу Тилеубаев болсо Каракул баатырдын урпактарынын бири Көкимет Баялы уулунун XX кылымдын башындагы кытай-казак чек арасынын аймагындагы эрдиктери тууралуу баяндама жасады. Бизде “аткезчилик” деп совет доорунда жерилген ишмердик мукураган бир катар элеттиктерди ачарчылыктан жана өлүмдөн сактап калгандыгы тууралуу бул баяндама жаңычыл өңүтү менен айырмаланды.

Маданият үйүндөгү убактылуу көргөзмөдө. 14.6.2024.
Жыйындын катышуучулары Алматы облусунун Уйгур районунун Маданият үйүндөгү убактылуу көргөзмөнү көрүүдө. Чоңжа к., Казакстан. 14.6.2024.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалындагы Жети-Суудагы албан уруусунун көтөрүлүшүнүн очогу тууралуу кызыктуу баяндаманы да уктук. Аны казак жазуучусу, публицист Турдакынбай Битыманов аксакал окуп берди.

Жыйын маалында жана андан кийинки маданий чараларда жергиликтүү уйгур диаспорасынын өкүлү Аркенжан Жумаев жана башка уйгур туугандар казак тилинде так сүйлөп, боордош элдердин ынтымагын андан ары чыңдоо керектигин баса айтышты.

Эл аралык илимий шерине маалында Кыргызстан менен Казакстандын илимпоздорунун биргелешкен илимий долбоорлору ырааттуу улантылып жаткандыгы жөнүндө да арбын маалымат алдым. Маселен, азыркы тапта жети томдук “Казакстан тарыхы” китебин жазууга кыргызстандык тарыхчылар дагы камтылууда.

Шамек Тилеубаев (оңдо) менен Жанболат Кайыңбаев төрдө. 14.6.2024.
Илимий жыйындын алып баруучулары, илимпоздор Шамек Баян уулу Тилеубаев (оңдо) менен Жанболат Турсынкожа уулу Кайыңбаев төрдө. Чоңжа кыштагы. 14.6.2024.

Кыргызстанда бир катар казак илимий мекемелери менен университеттеринин филиалдары ачылган. “Алаш Ордого” катышкан кыргыздар жана башка кыргыз-казак карым-катнаштары тууралуу улам жаңы архивдик маалыматтарды Мамбет Койгелдиев, Шамек Тилеубаев сыяктуу казак тарыхчылары шардана кылышууда.

“Кең Алтай” илимий долбооруна казактар, кыргыздар, орусиялыктар ж.б. катышууда.

Каракул баатырдын элесине арналган илимий жыйын жергиликтүү фолклордук жана санжыралык маалыматтарды терең изилдөө жана калайыкка кеңири жайылтуу зарылдыгын таасын айгинеледи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Фермерлер аймактагы 80 гектар жерге айдалган дарбызды чегиртке жалмап кеткенин айтышууда.
Фермерлер аймактагы 80 гектар жерге айдалган дарбызды чегиртке жалмап кеткенин айтышууда.

Казакстандын Түркстан облусун зыянкечтер каптап, талаа жана жайыттарды талкалай баштады. Облустук инспекция чегирткеге каршы дарылоо бир канча күндөн кийин аяктарын билдирди. Аймакка айыл чарба министри барды.

"Чегиртке килемдей эле төшөлдү"

Сырдарыянын жээгиндеги Кожатогай, Байтогай айылдарынын жашоочулары мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен жан сакташат. Арыс шаарынан 100 чакырым ары бул эки айылды быйыл чегиртке каптады.

Чегирткеден жабыр тарткан Байтогай айылы. Арыс шаары, Түркестан облусу. 11-июнь, 2024-жыл.
Чегирткеден жабыр тарткан Байтогай айылы. Арыс шаары, Түркестан облусу. 11-июнь, 2024-жыл.

Арыстан 20 чакырым алыс бул жерден үрөй учурган көрүнүшкө күбө болосуз, жол жээгин мойсогон чегирткелер жүрүп бараткан машинеге урунуп жатты.

Бир үйүрдө 10 млрд чегирткеге чейин болушу мүмкүн, алардын кыймылы жүздөгөн чакырымга созулат. Ал жолду катар көбөйүшүп, бир күндө 200 км учуп өтүүгө жөндөмдүү. Чегиртке каптап кеткен жерде өсүмдүк жылас болот.

"Чегитке көбөйүп, жазында жердин бети карайып кетти. Балким көзөмөл чабал болгондуктан ушуга жеттик? Алар ууландырганга карабай көбөйүп кетти. Азыр чегиртке күчтөнүп алган маал. Жолунан кездешкендин баарын жалмап кете берет", - деди бизди жеткирип барган таксист.

Байтогай айылындагы фермердин үйү.
Байтогай айылындагы фермердин үйү.

Байтогай айылына жеткенде ыраактан учак жана облустук айыл чарба башкармалыгынын ветеринардык кызматынын атайын техникасы көрүндү. Айылга бара жаткан жолдо өлгөн чегирткелер жайнап жатты.

Жолдо кырылган чегирткелер. Байтогай, Түркстан, 11-июнь, 2024-жыл.
Жолдо кырылган чегирткелер. Байтогай, Түркстан, 11-июнь, 2024-жыл.

Маншук Маметова атындагы мектептин алды машинеге толгон - окуу жай убактылуу чегиртке менен күрөшүүчү оперативдүү штабга айланган. Ал жерде аянтты зыянкечтерден тазалоо иштери жүрүп жатканын көрүүгө болот.

Фермер Нуркен Сейсенбек чегирткенин айынан түшүмүнүн жарымын жоготкон.
Фермер Нуркен Сейсенбек чегирткенин айынан түшүмүнүн жарымын жоготкон.

Фермерлер талаасын өз алдынча коргоого аракет кылууда. 11 жаштагы Байтогай айылынын тургуну Нуркен Сейсенбек эки жумадан ашуун чегиртке менен күрөшүүдө. Ушул жазда алты гектар жерге дарбыз эгилген, бирок чегиртке каптап, эки жарым гектар жерди талкалаган.

"Саранча тиги адыр жактан келүүдө. Дарбыздын сабагын кырчып салганын көрдүңөр да", - деди фермер солуп жаткан жалбырактарды көргөзүп.

Фермерлер талаасын өз алдынча дарылап жатат.
Фермерлер талаасын өз алдынча дарылап жатат.

Талаада өлгөн чегиртке менен химикаттын жыты каңылжар жарат. Сейсенбек быйылкы айдап-себүү ишине 7 миллиондой теңге жумшаганын, анын 4 миллионун достору менен чогуу насыяга алышканын айтып берди. Азыр түшүм карызды жаба алабы деп сарсанаа болуп турган кези.

Мамлекет чегирткени жок кылууга кеткен каражатты жаап жатканы белгисиз.

"Чыгым көп. Насос аркылуу сугарып жатабыз. Буга күнүндө 150 литр солярка коротобуз. Чегирткеге каршы ууну жана аны чачуусу жабдыкты карызга алдык. Калган эгинди сактап калабызбы же жокпу - бул дагы биз үчүн санаа. Биз чарчадык", - дейт Нуркен Сарсенбек.

Түркстандагы дарыланган талаа.
Түркстандагы дарыланган талаа.

Өткөн жылы чегиртке мынчалык каптаган эмес дейт жергиликтүү жашоочулар. Алар бул көйгөй тууралуу алдын ала Арыс шаарынын акимиатына билдиргенин, чиновниктер реакция кылбаганын айтышууда. Андан ары фермерлер Түркстан облусунун акимиатына кайрылышкан.

Айыл чарба министрлигинен атайын комиссия түзүлүп, дезинсекция боюнча кошумча иштер жүрө баштаганда чегиртке каптап кеткен. Фермерлер зыянкеч аймактагы дарбыз талаасынын үчтөн бирин мойсоп салганын, бул 80 гектардай айдоо аянты экенин айтышууда.

Байтогайда чегиртке менен алыша элек фермерлер да бар. Алар алдын алуу чараларын көрүп жатышат.

Тракторлор чегирткеге каршы түндө иштеп жатышат.
Тракторлор чегирткеге каршы түндө иштеп жатышат.

Кожатогайдын борборунда тракторлор турат. Алар чегирткеге каршы уу чачууда. Жумуш кечинде башталып, таң агарганда аяктайт.

Ушул күндө чегиртке айылдыктардын башкы темасы. Өз атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун чегиртке айыл чарба жерлерин жана жайыттарды эле талкалабай, айылдагы чарбактарга чейин жеткенин айтууда. Бак-дарактын жалбырактары, бадалдар, жада калса гүлдөр да зыянкечтерге жем болууда.

Чегиртке жете элек талаа, фермерлер андан өз алдынча коргонууга аракет кылууда.
Чегиртке жете элек талаа, фермерлер андан өз алдынча коргонууга аракет кылууда.

"Бул видеону үч күн мурда тартып алгам. Бул биздин түздүктөгү үйүбүз. Короодогу чегирткени көрдүңүзбү? Килемдей болуп төшөлүп калды", - деген жашоочу телефонго тартылган видеону көрсөттү.

"Мен мал багам. Бул жылы чөп коюу анан бийик болуп өстү. Аны чаап үлгүрө электе чегиртке каптады. Бул жылы зыянкечтер чабындыны да талкалап атышат. Демек, чөп-чар жаатында көйгөйгө кабылабыз. Чөптүн баасы азыр эле көкөлөп кетти. Сырдарыя жээнинде бир түк 300-350 теңге турат, бул жерде 500-600 теңге", - деп айтты Кожатогай айылынын жашоочусу.

ЧИНОВНИКТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ

11-июнда Байтогай чегиртке каптоосуна кабылганда айыл чарба министри Айдарбек Сапаров келди. Чегирткеге байланыштуу жагдай бир эле Түркстанда эмес, Костанай, Актөбөдө да күч.

"Кырдаал өтө оор. Жасалган иштин, атайын дарыларды убагында алуунун арты менен жетишип жатабыз. Төрт же беш күн мурда бул жерде кырдаал оор эле. Басууга мүмкүн эмес болчу. Чегиртке булуттай каптап калган. Азыр сээлдеп калды", - деди Байтогайга барган министр.

Байтогайдагы фермерлер чегирткеден катуу жабыр тартышты.
Байтогайдагы фермерлер чегирткеден катуу жабыр тартышты.

Түркстан облусунун акимиатынан бул жылы марокандык чегиртке каптаганын билдиришти. Чиновниктер зыянкеч Келес жана Сарыагаш районунда жайылып кеткенин, Арыска чейин жеткенин айтышууда. Акимиат чегирткеге каршы атайын штаб түздү.

Фитосанитардык диагностика жана прогноздоо боюнча республикалык методикалык борбор 715 миң гектар жерди изилдеп, 260 гектар жерди зыянсыздандырууну сунуштаган. Кийинчерээк чегиртке дагы 50 миң гектарды каптап, дезинсекция боюнча кошумча иштерди кылууга туура келген.

Акиматтан "эрте жана өз убагында башталган иштерге байланыштуу айыл чарбага чоң зыян келген жок" деп билдиришти. Мекеме быйыл чегиртке "суук, жаанчыл жана шамалдуу аба ырайыдан улам көбөйдү" деп эсептейт.

"Чегиртке зыянсыздандырылгандан кийин кайрадан пайда болуп, каптай баштады", - деп билдиришти акимиаттан.

Байтогайдагы айылдын азыркы абалы.
Байтогайдагы айылдын азыркы абалы.

Түркстан облусунун аймактык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Бектас Сапарбекулы көлөмдүү чегиртке пайда болгонун айтууда. Арыста 70 миң гектар жерди чегиртке каптаган.

"Биз чегирткеге каршы ишти апрель айында баштаганбыз. Аба ырайы туруксуз , жаанчыл болду. Зыянкечке каршы чачылган уу таасир этпей калды. Кийин үйүр-үйүр болуп көбөйдү", - дейт Бектас Сапарбекулы.

Облустук инспекциянын жетекчисинин орун басары "болжол менен бир жумадан кийин уу чачуу иши аяктап, чегиртке каптоосу токтой турганын" болжолдоп жатат. Азырынча, канча фермер жана чарбачылык кандай зыян тартканы белгисиз.

Акимиаттын маалыматында, 2023-жылы Түркстан облусундагы 70 миң гектар жерди чегиртке каптаган. Зыянкечти жок кылууну ортомчу компаниялар аткарып, аларга көзөмөл кылуу аймактык инспекцияга жүктөлгөн.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматында 2 млн гектардай жерди зыянкечтер каптаган. Бул 2023-жылга караганда миллион гектарга көп. Чегиртке менен күрөшкө 8,1 миллиард теңге бөлүнгөн. Учурда өлкө боюнча чегирткеге каршы 2500 адам күрөшүп жатат.

Макаланын автору - "Азаттыктын" казак кызматынын Чымкент облусундагы кабарчысы Дилара Иса.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG