УКМК Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев жок кылынганын ырастады. Челябинскиде мурдагы "вагнерчилер" жана Украинадагы согуштун катышуучулары мигранттарга каршы кайгуул топторун түздү. Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиондору болушту.
Борбор Азия
шаршемби 4 Октябрь 2023
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүтүп, иш эми каражатка такалды. Кыргыз бийлиги өлкө тарыхындагы эң ири долбоорду каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирип, бирок анын булагы боюнча так маалымат бере элек. Жакында эле “темир жолду куруу долбоору белгисиз мөөнөткө токтоп калганы” жөнүндө кабар тарап, өкмөт аны четке каккан.
Темир жол долбоору 4,7 млрд долларга бааланды
3-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун суммасы жана Кыргызстандын аймагынан өтө турган маршруту тууралуу кыскача маалымат берди:
“Маршруту “Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад” багыты менен кетет. Узундугу 311 чакырым болот. Долбоордун баасы болжол менен 4 млрд 700 млн доллар. Темир жол Макмалга чейин 1435 мм ичке жол менен кетет. Жолду алмаштыруу базасы Макмалда жайгашат”.
Кытайда темир жолдун эни 1435 мм түзөт. Бул дүйнөдө эң кеңири таралган стандарт. Түндүк Америка, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Австралия, Түштүк Корея жана Европанын көпчүлүк бөлүгүнүн өлкөлөрүндө темир жол ушул стандарт менен курулат.
Ал эми постсоветтик мейкиндиктеги, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун эни 1520 мм болот. Бул маселени жөнгө салуу үчүн кайра жүктөөчү бекеттерди куруу сунушталган.
Буга чейин темир жол “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүп, анын узундугу 280 чакырымды түзөт деп айтылып келген. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан кытайлык компанияны жалдап чыгымды чогуу көтөргөн. Кыргызстан 2022-жылы ага 483 млн сом бөлүп, ишкана техникалык-экономикалык негиздемени июль айында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берди.
Башында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун баасы 3-5 млрд доллардын тегерегинде болот деп айтылып келсе, эми так сумма чыгып долбоор 4 млрд 700 млн долларга бааланып жатканы анык болду.
Өкмөт долбоор токтобогонун билдирди
Үч өлкөнүн темир жол долбоорунун маршруту аныкталып, чыгымы такталган. Эми маселе каржылоо жагында калды. 26-сентябрда Евразиялык маалымат лигасы деп аталган басылма “расмий Бээжин Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун белгисиз мөөнөткө токтоткону” тууралуу жазып чыкты. Ушул эле материалды 28-сентябрда Silk Road Briefing деген сайт англис тилине которуп жарыялады.
Анда трансевразиялык транспорт боюнча эл аралык координациялык кеңештин башкы катчысы Геннадий Бессонов “долбоордун убактылуу токтотулушу Казакстан үчүн пайда экенин”, себеби Кытайдын товарлары Орусияга Казакстан аркылуу өтүп жатканын айтып берген.
“Долбоор даяр. Бирок Бээжин, Бишкек жана Ташкент каражат боюнча, башкача айтканда долбоорду каржылоонун үлүшү тууралуу бир пикирге келе элек. Бул узак убакытка созулушу мүмкүн. Кыргызстан менен Өзбекстандын акчасы жок. Кытай темир жолду өзү деле салып коймок. Бирок бул жол Бээжин үчүн приоритеттүү эмес. Себеби ал жол Европа менен байланыштырууга багытталган жок. Бул аймакка Транссибирь темир жолу жана Достук (Казакстан) - Оренбург - Брест маршруту боюнча поезддер барат. Азыр Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө транспорттук долбоорлор тууралуу көп талкуу жүрүп жатат жана баары тең жүк ташуучу хаб болгусу келет. Бирок мунун баары акчага барып такалат”, - деген Геннадий Бессонов.
Кыргызстандагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жогорудагы макалага шилтеме берип “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору белгисиз мөөнөткө токтоп калганын” жазышкан эле.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Азаттыкка” берген кыска комментарийинде бул маалыматты четке кагып, долбоорду каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирди.
“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча Бишкекте үч мамлекеттин биргелешкен кеңсеси бар. Бүгүнкү күндө проекттин техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөн жана азыр каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Биздин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жумушчу топ түзүп Кытайга барат. Алар Кытайдын Транспорт министрлиги менен чогуу каржылоо моделин карап чыгышат. Бул боюнча иш жүрүп жатат”.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы да түшүндүрмө берди. Мекеме долбоорду каржылоо тууралуу соңку үч тараптуу сүйлөшүү 21-сентябрда видеоконференция форматында өткөнүн, ушул эле күндөрү үч өлкөнүн транспорт министрлеринин Кытай - Борбор Азия форматындагы биринчи жолугушуусу болгонун билдирди. Маалыматка ылайык, темир жолго байланыштуу маселе 17-18-октябрда Кытайдын Бээжин шаарында өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунда да талкууланат.
“Долбоор убактылуу токтотулду” деген жалган маалымат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр Кытай, Өзбекстан менен кызуу сүйлөшүүлөр болууда. Долбоорду каржылоо модели аныкталгандан кийин андан ары иш улантылат. Бул деген чоң долбоор да. Аны дыкаттык менен караш керек”, - деди транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.
17-18-октябрда Бээжинде өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна президент Садыр Жапаров да катышары айтылууда. Ал эми 26-27-октябрь күндөрү Кыргызстанга Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян келет деп пландалып жатат.
Каржы табуу машакаты
Кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча иштер жүрүп жатканын билдиргени менен, ага каражатты кайдан табары тууралуу азырынча маалымат бере элек. Үч өлкө долбоорду каржылоонун кандай жолдорун карап жатканы да белгисиз.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык универститетинин “Курулуш жана архитектура” илимий техникалык борборунун директору Райымкул Мендекеев 3-октябрда “Биринчи радиодогу” маегинде каржы маселеси боюнча буларды айтты:
“Кыргызстандын аймагынан өтө турган темир жолду куруунун баасы болжол менен 1 млрд 340 млн долларга жетиши мүмкүн деген эсеп бар. Салыштырмалуу 1 млрд 340 млн доллар Кыргызстан үчүн көп сумма. Жалпы долбоордун баасы 3-5 млрд доллар деп айтылып келатат. Кытайдын экономикасы триллион менен эсептелип аткандан кийин бул каражат алар үчүн акча деле эмес. Эми каржылоо модели кандай болушу мүмкүн? Мен ачык булактардан алган маалымат боюнча, каржылоонун эки модели каралып жатат. Биринчиси - мамлекет инвесторлорду тартып мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен долбоорду ишке ашыруу. Экинчиси – буга чейин колдонулуп келгендей эле насыя алып, ошонун эсебинен темир жолду куруу. Экинчи вариант биз үчүн анча оңтойлуу эмес. Анткени өзүбүздүн карызыбыз ансыз деле көп. Эми ага дагы 2 млрд доллар кошулса жакшы болбойт. Ошондуктан биринчи варианты ишке ашып кетиши мүмкүн”.
Инвестор демекчи президент Садыр Жапаров чет өлкөгө жасаган ар бир сапарында жогорку жетекчилер, ишкерлер менен жолугушууда аларды Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбооруна каражат салууга чакырып келет. 29-сентябрда Берлинде өткөн “Борбор Азия – Германия” саммитинде да ушул маселени көтөрдү:
“Борбор Азиянын транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалы жогору. Дүйнөлүк сооданын маанилүү байланышы болгон Улуу жибек жолу да Борбор Азия жана Кыргызстан аркылуу өткөн. Бул транспорттук жол экинчи өмүрүн баштоо алдында турат. Логистикалык байланышты жакшыртуу үчүн биз стратегиялык жактан өтө маанилүү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан долбоорун баштадык. Бул проект ийгиликтүү ишке ашса Борбор Азиянын транзиттик байланышын жана соода сатыкты жакшыртат деп ишенем. Мен германиялык ишкерлерди Кыргызстанга эле эмес, жалпы аймактагы жаңы транспорттук байланыштарга инвестиция салууга чакырам”.
Садыр Жапаров жакында эле Нью-Йорк шаарында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушууда да банкты “Камбар-Ата-1” ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун каржылоого үндөдү.
Кыргыз бийлиги бул темир жол Кыргызстанды эле эмес, жалпы аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирип келет.
“Саясий тоскоолдуктар да бар”
Экономист Искендер Шаршеев аз эмес каражатты талап кылган долбоорго инвестор табуу кыйынга турарын айтат. Ал Кытай проектти толук каржылоого даяр экенин, бирок Бээжин Кыргызстан менен Өзбекстанга катаал шарттарды койгонун билдирди:
“Өзбекстанга бир аз жеңил. Себеби алар 100 чакырымдан ашпаган жерден темир жолду тартып келе алышат. Кыргызстанга бир аз татаал. Анткени бизде темир жолго инфраструктура даяр эмес. Тоолорду тешиш керек. Ошондуктан азыр башкы маселе - каржы булагын табуу. Мамлекет бюджеттен акча бөлүп темир жолду салуу ишин бир аздан баштап, аз-аздан кура берсе болот. Анда долбоордун мөөнөтү узарып кетет. Же чет жактан инвестор табыш керек. Бирок бул учурда транзиттен түшкөн каражаттын көбү инвесторго кетет”.
Азыр Кытайдан Европага барчу темир жол жүктөрүнүн негизги агымы Казакстан, Орусия жана Беларус аркылуу жетет. Искендер Шаршеев ушундан улам Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууда саясий тоскоолдук да бар экенин кошумчалады.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Улукбек Ормонов темир жол кандай болгон күндө да курулушу керек деген пикирде:
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул проект кечигип жатат. Эгерде долбоор ишке ашып кетсе, биз транспорттук байланышы жабык өлкөдөн ачык өлкөгө, темир жолу бар мамлекетке айланабыз. Буга кызыккан инвесторлор бар. Кыргызстан эл аралык каржы уюмдардан акча алып темир жолду өзү курса болот. Ушундай эле акчаны жол салууга деле алып атабыз. Карызды болсо транзиттен түшкөн каражаттан төлөп койсок да болот”.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл апрель айында темир жолду курууда Кыргызстандын аймагы аркылуу эле 57 чакырымдык тоннель курула турганын айткан.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул темир жол салынса, үч өлкөнүн Жакынкы Чыгыш, Түштүк Европага барчу жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.