Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) жаңы рейтингинде кыргызстандык үч балбан – Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмагында биринчи орунга чыкты. Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта, Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмак ченинде, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал алды. Балбандар муну менен кошо 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты. Белградда Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып, Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) эркин күрөштөн коло тагынды.
Борбор Азия
шаршемби 27 Сентябрь 2023
Камактагы депутат Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүттү. Бул арада саясатчынын саламаттыгы начарлап, жүрөк текшерген аппарат менен жүргөнү маалым болду. Украин армиясы Вербовое жана Новопокровка айылдарынын ортосунда чабуулун күчөттү. Орусиялык күчтөр бул фронттун линиясында алдан тайганы айтылды. Судьялар кеңеши Бишкекте эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.