29-сентябрда Берлинде өткөн Германия-Борбор Азия саммити чет жактагы борбор азиялык активисттердин нааразылык акциясы менен коштолду. Саммит өтүп жаткан жерге чогулган активисттер лидерлерди «Путиндин режимине салынган эл аралык санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөөнү», «Орусиянын Украинага каршы согушун ачык айыптоого, "Кремлдин пропагандасынын үнүн өчүрүүгө» чакырышты.
Борбор Азия
жума 29 Сентябрь 2023
Берлинде “Германия - Борбор Азия” саммити өттү. Немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлери Олаф Шольц Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери менен жолукту. Украинанын эки ири шаарына абадан чабуул жасалып, бир нече жай тургун мерт болду. Жикчил Тоолуу Карабактан Арменияга качкан этностук армяндардын саны 100 миңге жетти. Бул арада Орусиянын эки аймагында дрондордун соккусунан беш калктуу конуш жарыксыз калды. Кыргызстанда тоют кымбаттап, чөптүн таңгагы 450-350 сомго чыкты.