Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоду. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан ичинен Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы “макул” деп добуш берди.
Жогорку сот Аскат Жетигенге чыккан буга чейинки шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Израилдин армиясы Газа секторуна абадан сокку урду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев төрт жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгында машинени анын тууганынын баласы айдап баратканын тактады.
Аксы окуясына 23 жыл болду. АКШ менен Орусиянын президенттери Украинадагы согушту токтотууну жана болжолдуу тынчтык келишимин ушул аптада телефондон талкуулай турган болду. Бишкекте бир күндө үч бала көп кабаттуу үйдөн кулап, чарчап калды.
“Азаттык” Тажикстан менен алмашылат деп айтылган Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тургундарынын пикирин угуп келди.
Жогорку Кеңештин алты комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерди жактырды. АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Украинада Орусиянын чабуулунан дагы беш өмүр кыйылды. Кыргызстанда бир айда тогуз өспүрүм каза тапты.
Кыргызстанда февраль айынын ичинде эле беш өспүрүм өз жанын кыйды. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, айрым депутаттар өкмөт алдын алуу иштерин күчөтүшү керектигин айтышты. Президент Садыр Жапаров Европа парламенттин депутаттарын кабыл алды.
Жогорку сот Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын жана кызматкери Азамат Ишенбековду абакта калтырды. Журналист Айке Бейшекеевага берилген үч жылдык пробациялык жаза да өзгөртүлгөн жок.
ИИМ жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 11 адамды кармады. Орусия Украинага согуш ачканына туура үч жыл болду. Дүйнөнүн бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген акциялар өттү. Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз-тажик чек арасы такталганын айтты.
ХАМАС радикал тобу Израилге өткөрүп берген төрт маркумдун бири - Шири Бибастын сөөгү башканыкы болуп чыкты. Кыргызстанда “Рэкетир” тасмасын кинотеатрларда көрсөтүүгө тыюу салынды. Муфтият маркумдун үйүндө алгачкы үч күндө мал союп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салган фатва чыгарды.
Трамп Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атады. Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” теракт боюнча комментарий жазган кыргыз жараны Бекзат Абдинасир уулу Орусияда үч жылга абакка кесилди. Жер кодексинине нааразы болгон кырктай адам Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыкты.
Темиров жубайы Махабат Тажибек кызы абакта коркутууга кабылганын айтты. ЖАК аны четке какты. Трамп Украинадагы согушту токтотууга болорун, Зеленский алар катышпаган тынчтык сүйлөшүүлөрүн тааныбай турганын кайталады. УКМК коррупциялык схема түзгөн деген айып менен эки сот аткаруучуну кармады.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясында Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. АКШ Азиядан барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялады. Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Президент Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Соңку айда Орусия Покровскиге дрон чабуулдарын күчөттү. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат.
Вашингтондун Рейган аэропортуна 64 адам менен бараткан жүргүнчү учак аскердик тик учак менен кагышты. Башкы прокуратура блогер Жолболдуеванын тергөө абагында "зомбулук көрдүм" деген билдирүүсүнө жооп берди. Бишкектин шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттары менен кайым айтышты.
Путин украин Зеленскийди “легитимсиз” деп, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейдде мигранттар кармалып, депортацияланууда. Соцтармакка пикир жазган үчүн 3 жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты.
Камактагы адвокат Матцаковдун жактоочулары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке какты. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы бир-эки жылдын ичинде толук чечиле турганын айтты. Кытайдын DeepSeek компаниясы R1 деп аталган ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасын чыгарды.
Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Украинанын армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер каза тапты. Буга чейин украин бийлиги Курск облусунда согушуп жаткан түндүк кореялыктардын жоготуулары үч миңден ашканын билдирген.
Казакстанда учак кырсыгынан аман калган үч кыргыз жараны ооруканада дарыланууда. Бул арада Азербайжандын учагынын кыйрашы боюнча ар кандай версиялар айтыла баштады.
Казакстанда Азербайжандын учагы кырсыкка кабылып, 30дан ашык адам каза тапты. Аман калган 29 киши ооруканага түштү. Учакта беш экипаж мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон.
Дагы жүктөңүз