Украинанын бир катар облустары «Шахеддердин» чабуулуна дуушар болду. Буга удаа Орусиянын Курск облусунун бийлиги дрон чабуулунан бир нече район жарыксыз калганын маалымдады. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атайын операцияда өлтүрүлүшү тууралуу атайын кызматтын төрагасы Ташиев комментарий берди. Мындан кийин “мыйзамдагы ууру” болбой турганын, криминалга каршы күрөш уланарын кайталады. Ысык-Көлдө скутер менен эки адамды өлтүрө сүзгөн айдоочунун иши кыскартылды. Каза болгон эки баланын ата-энеси шектүү адамга карата тосмо арыз жазып бергени маалым болду.
Борбор Азия
бейшемби 5 Октябрь 2023
Орусия Украинанын аймагын аткылоону улантты. Одесса, Николаев жана Кировоград облустары «Шахеддердин» чабуулуна дуушар болду. Орусиянын Курск облусунун бийлиги дрон чабуулунан бир нече район электр жарыгысыз калганын маалымдады. Согуш башталганы украин дыйкандары 40 миллиард доллар чыгаша тартты.