Жакында Жогорку Кеңеште "1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты - КГБнын архивиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу менен кыргыз тарыхынын актай барактарын толуктап, ак жеринен атылып кеткендерди, жазыксыз камалгандарды дагы бир ирет эскерип, келечекке сабак алуу. Студиябыздагы талкууга Президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу, Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чормонов катышууда. Телефондон болсо “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов суроолорубузга жооп бермекчи.
Борбор Азия
шейшемби 31 Октябрь 2023
Израил менен ХАМАС радикал уюмунун согушуна бир айга жакындап калды. Газада миңдеген карапайым тургундардан тышкары, БУУнун 60тан ашуун кызматкери, медиа каражаттарынын 30дан көп өкүлү мүрт кеткени кабарланды. Акыйкатчы Жамила Жаманбаева бийлик сунуштап жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун айрым беренелерин жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин айтты. Орусияда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңы тартиби күчүнө кирди. Кыргызстандыктар Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук форматта жөнөтө алат.