Харьковдун мэри Игорь Терехов соккулар “жарандык жайларды бутага алганын” билдирди. Ал эми бейшембиде Харьков облусунун Гроза айылына урулган соккудан өлгөндөрдүн саны 52 адамга жетти. Бийликтин маалыматында бул Харьков облусундагы орус армиясы кол салгандан берки эң ири жоготуу болду.
Борбор Азия
жума 6 Октябрь 2023
6-октябрда орус армиясынын ракеталык соккусунан Харьков облусунда 10 жаштагы ала мүрт кетти. Дагы 23 киши жараат алганы, жабыркагандардын арасында 11 айлык наристе бар экени кабарланды. Латвия парламентинин экс-депутаты Вячеслав Домбровский Орусиянын талабы менен аны Бишкекте милиция кармоого аракет кылганын билдирди. Кыргызстандын укук коргоо органдары бул боюнча маалымат бере элек. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун "Тайсон" деген каймана аттуу мүчөсү кармалды. Ал опузалап акча талап кылган деп шектелүүдө.