Борбор Азиядагы көпчүлүк калк Украинада эки жылга аяк баскан согушка орус пропагандасынын көзү менен карайт. Буга маалымат мейкиндиги Москванын телеканалдарынын таасиринде экендиги себеп болууда. “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы Барно Анвар сентябрдын башында Украинага барып, от кечип майданда болгон же азыр да согушта жүргөн өзбек жоокерлер жана карапайым тургундар менен баарлашты.
Борбор Азия
бейшемби 26 Октябрь 2023
Израил Газага абадан соккуну күчөттү. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги каза тапкандар 6 жарым миңден ашканын кабарлады. Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында 14 документке кол коюлду. Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин алдында активисттер акция өткөрдү. Абактагы оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров ооруканага которулду.