Красноярск крайындагы бул чакан кыштакты көптөр билбейт. Саясий туткундар курган, тайганын ортосундагы Тугач совет доорунда жашыруун жай эле. Кыштактын тургундарынын жарымы – кесилгендердин укум-тукуму болсо, жарымы түрмө күзөтчүлөрүнүн бала-чакасы. Алар чогуу-чаран турмуш куруп, кандуу репрессиянын очогуна айланган айылдын өткөн тарыхын эстегилери да келбейт.
Борбор Азия
бейшемби 2 Ноябрь 2023
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын билдирди. АКШнын президенти Жо Байден Израил менен ХАМАС куралдуу тобунун согушунда гуманитардык тыныгуу керектигин, азыркы кырдаал израилдиктер жана мусулман дүйнөсү үчүн “өтө татаал” экендигин айтты. Жогорку сот 2-ноябрда Бишкектеги Vefa соода борборун Түркиянын Мамлекеттик мүлк фондунда калтыруу чечимин чыгарды. Кыргызстанда кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар 16 миңге жетти, үч бала чарчап калды.