Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:58

Абактагы Аспековдун талаштуу видеосу, ага бийликтин жообу


Мелис Аспеков 1-Май райондук сотунда. 21-май. 2021-жыл
Мелис Аспеков 1-Май райондук сотунда. 21-май. 2021-жыл

Соцтармактарда абакта жети жылдык жазасын өтөп жаткан Мелис Аспековдун видео кайрылуусу жарыяланды. Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон Садыр Жапаровго берилди деген каражат тууралуу сөз кылган. Бирок ага далилдерди көрсөткөн эмес. Анын буга чейинки айткандарын бийлик өкүлдөрү четке каккан.

Мелис Аспеков буга чейин да ушундай мазмундагы маалыматтарды тараткан. Бир нече кылмыш үчүн соттолгон Аспековдун айткандарын президент баш болгон бийлик өкүлдөрү четке каккан.

Абактагы Аспековдун кайрылуусу

Камактагы Мелис Аспековдун видео кайрылуусун АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов Фейсбуктагы баракчасына 29-октябрда жарыялады. 18 мүнөттүк видеодо Аспеков 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурундагы айрым жагдайларга токтолуп, Матраимовдон алынды делген каражат тууралуу айткан:

"Биринчи бир жарым миллионду Райым Матраимов төрт жолу бөлүп берген. Биринчи 200 миң, анан 400 миң, 700 миң, анан калганын берген да. Ошентип, эки күндүн ичинде Матраимов акчанын баарын толуктап берген. Биринчи бергенди Садыр Жапаровго төкпөй-чачпай алып келип берип жаттым. Ал акчаларды Баткенге, Ошко, Жалал-Абадга, Көлгө - жети дубанга жиберип жатышты. Ошол 1,5 млн доллардын 150 миңин Садыр Жапаров "Чүйдүн балдарын чогулт" деп мага берген".

Бирок Аспеков бул айткандарына эч бир далил көрсөткөн эмес.

Президенттин аты аталган бул видеону ким, качан, кайдан тартканы белгисиз. Анткени мыйзам боюнча жабык жайларда телефон же видео камера колдонууга тыюу салынган.

Абактагы Аспековдун видеосу, ЖАКтын жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

Видео кайрылуу жарыялангандан кийин эле Жаза аткаруу кызматы буга кыска түшүндүрмө берди:

“Активист Тилекмат Куренов социалдык түйүндөргө жарыялап жаткан Мелис Аспековдун видео кайрылуусу ал өзү айтып жаткандай Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинде тартылган эмес. Бул видео жаза аткаруу мекемесинен тыш жерде, болжол менен 2022-жылы тартылган. Азыркы кезде Мелис Аспеков №3 түзөтүү колониясында кармалууда".

Жаза аткаруу кызматы видео 2022-жылы тартылды деп жатканы менен, Аспеков анда 2023-жылдагы окуяларды, тагыраагы, кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчыбек Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынганын, 2024-жылы Райымбек Матраимовдун кармалганын да айтып жатат.

Мекеме өз билдирүүсүнө толуктоо же түзөтүү киргизе элек.

Аспеков ушундай өңүттөгү видеолор дагы жарыялана турганын айткан.

Садыр Жапаров быйыл жазында "Кабар" агенттигине берген маегинде бир кездеги тарапкери Аспековду "жалганчы" деп атап, ал көңүл бурууга татыбай турганын билдирген.

Бийликтин жообу, коомчулуктун суроосу

Журналист Тынчтык Алтымышев Аспековдун кайрылуусу боюнча мындай деди:

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

"Аспеков мындай билдирүүлөрүн эки жылдан бери жасап келатат. Ал жерде чоң адамдар, чоң суммалар жөнүндө сөз болууда. Бирок Аспеков болсо “15 миң сом алдым, 30 миң бердим” дегендей эле айтып атат. Эч бир далили жок. Саясатта мындай билдирүүлөр колдонулуп келген. Илгери Юсупов деген болгон. Кийин Маевский деген чыккан. Ошолордой эле кабыл алып атам. Буга коомчулук ишенген жок деп ойлойм. Анын айткандарын расмий текшергенге негиз жок. Эч бир далил жок болсо деле текшериле береби?".

Чындыгында эле Аспеков буга чейин да ушундай өңүттөгү эле маалыматтарды чыгарган. Анын айткандарын Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да четке каккан. Атайын кызматтын башчысы быйыл сентябрда 7-каналга берген маегинде мындай деген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Ал өзү кандай кылмыш иши менен камакта жатат, билесиңерби? Так ошол Райим сыяктуу ири бизнесмендерден “Садыр Жапаровго алып барып берем” деп алдамчылык кылып, бүт акчаларды өзүнө ыйгарып алып жүргөн. Ошол үчүн түрмөдө жатат. Бир эле мисал. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы башчысы Дашков дегенден 250 миң доллар алып кеткен, “Садыр Жапаровго шайлоого жардам беришибиз керек” деп. Бирок аны бир тыйынына чейин өзү ыйгарып алган. Баары далилденген. Ушунун баары билинип калгандан кийин камалып олтурат”.

Азырынча Аспековдун видео кайрылуусу боюнча Жаза аткаруу кызматынан башка мамлекеттик органдар комментарий бере элек. Президенттик администрация да үн каткан жок. Ал эми коомчулукта Аспеков жарыялаган маалыматтар боюнча ар кандай пикир айтылып жатат. Ошондой эле видео качан, каяктан, кантип тартылганы кызык болуп турат.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков абактагы бул окуя боюнча расмий жооп болушу керек деп эсептейт.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Бул аябай чоң резонанстуу билдирүү болуп атат. Анткени түздөн-түз президенттин аброюуна шек жарата турган сөздөр болууда. Мүмкүн, президент тарабынан реакция болуп, чын-төгүнү аныкталып, элге адекваттуу жооп болушу керек деген ойдомун. Мелис мырза 2020-жылы президенттин жанында жүргөн эң жакын адамы болгон. Биз баарыбыз билебиз. Аспековдун кандай адам экени бир маселе. Бирок анын айтып атканы башка. Ушул айтылып жаткандар эл арасында күмөн болбошу үчүн жооп болушу керек".

Аспеков акча алганын айтып жаткан Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов азыр абакта. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган.

Матраимовдор Аспеков айткан маселе боюнча комментарий бере элек.

Мелис Аспеков деген ким?

Аспеков бир нече жылдан бери Кыргызстандагы саясий иштерге катышып келет. Ошол эле учурда чуулгандуу иштерде да аты аталып келген активист катары белгилүү. Ал 2017-жылы да бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген шек менен камакка алынган эле.

Ал бир топ жыл Садыр Жапаровду да колдоп келген. 2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Жапаровду жандап жүрүп, анын жакын адамдарынын бири катары белгилүү болгон. Президенттик шайлоо учурунда элди Садыр Жапаровго добуш берүүгө чакырып, Чүй облусунун аймагында бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Садыр Жапаров 2020-жылдын Октябрь окуялары маалында чогулгандарга кайрылууда. Мелис Аспеков анын жанында турат.
Садыр Жапаров 2020-жылдын Октябрь окуялары маалында чогулгандарга кайрылууда. Мелис Аспеков анын жанында турат.

Аспеков 2021-жылдын башында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ал иш боюнча "15 миң долларды мыйзамсыз алып, Кара-Балта шаарындагы батирди кайра саткан” деген айып тагылып, “Алдамчылык” беренеси да кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, “саясий негизде иш козголгонун” билдирип келген. Президент Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

2022-жылы март айында Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, Аспековду “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берген эмес. Судья анын алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Активист 2023-жылы май айында президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. Кийин ал Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, “пара катары берилди” деген акча өзүнүн каражаты болгонун билдирген жана аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайра кайтарып бергенин жазган. Атайын кызмат муну төгүндөгөн.

2023-жылы сентябрь айында социалдык тармактарда Аспековго байланыштуу деген аудио жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги (ИИМ) аны кайра кармаган. Бул жолкусунда Аспеков жети жылга соттолгон. Ошондон бери камакта отурат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG