"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы "Өзбекстанга алмашылды" деген жердин чоо-жайын, жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, билип келди. 10-сентябрда Өзбекстандын чек арачылары Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы жергиликтүү тургундарды нааразы кылып, пикир келишпестик чыккан. Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арада атайын техника менен турганы тартылган видеолор интернетте тарап жатты.
Борбор Азия
жума 20 Сентябрь 2019
17-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү эки комитетинин бир нече депутаты Кумтөр кенине барып, кен казылуучу жер аянттарынын абалы, «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругунун аймагы боюнча маалымат алды. Алар менен кошо биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн тийиштүү органдарынын жетекчилери барышты.