Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Борбор Азия

Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 5-орунду ээлеп, 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

16-сентябрда, Атабек Азисбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн болгон беттеште, өзбекстандык Рустам Ассакаловго 2:6 эсебинде утулуп калды. Жеңилгенине карабай мелдеште 5-орунду ээлегени үчүн Азисбеков олимпиадалык жолдомонун ээси болду.

Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов.
Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты ушул тапта Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Анда 100гө жакын мамлекеттен 1000ден ашык балбандар байге жана олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашууда.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-сентябрда башталып, алгач грек-рим күрөшүнөн таймаштар өттү.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан "Барыс" аренасы.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан "Барыс" аренасы.

Балбан Атабек Азиcбеков грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгач ал латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде венгриялык Виктор Лоринчеге жеңилди.

Венгер балбаны финалга чыкканына байланыштуу Азиcбековго коло байге үчүн күрөшкө жол ача турган көңүл жубатуучу таймаштарга чыгууга жол ачылды.

Көңүл жубатуучу беттеште ал алгач түркмөнстандык Шихазберди Овелековду 6:0, кийин кытайлык Жуинже Наны 6:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бирок, ал беттешүүдө өзбекстандык Рустам Ассакаловго жеңилип калды.

Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Коло байге үчүн күрөштө жеңилгенине карабай Азисбеков 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Беттештен соң балбан кыргыз элине кайрылып, мелдеш тууралуу пикирин айтты.

«Биринчи кезекте үйгө кайтканда катачылыктарды оңдойм. Бүгүнкү катачылыктарды Олимпиададан кайталабаш үчүн анын үстүнөн иштейм. Кыргыз элинен кечирим сурайм. Менден көп нерсени күтүшкөн, акыркы күндө мен күрөштүм. Баары жакшы келе жаткан. Бирок ушундай болуп калды, калыс өзбек балбаны тарапка тартып койду», – деди Атабек Азиcбеков.

Балбан Тынар Шаршенбеков беттеш учурунда.
Балбан Тынар Шаршенбеков беттеш учурунда.

Мелдештин экинчи күнүндө кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков коло байге үчүн беттеште казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге жеңилди.

Балбан Тынар Шаршенбеков (кызыл кийимчен) коло байге үчүн күрөшүп жаткан учур. Мында ал казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.
Балбан Тынар Шаршенбеков (кызыл кийимчен) коло байге үчүн күрөшүп жаткан учур. Мында ал казакстандык балбан Алмат Кебиспаевге 9:0 эсебинде утулду.

Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограммга чейинки салмакта алгачкы беттешинде болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда жапониялык балбан Шиноби Отага утулуп калды. Ота финалга чыкканына байланыштуу, Шаршенбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттеште күрөштү.

Грек-рим балбандарынын арасынан чейрек финалга Тынардан сырткары оор салмакта күрөшкөн Мурат Рамонов чыкты. Бирок ал да коло байге үчүн болгон көңүл жубатуучу беттеште жеңилип, мелдештен четтеди.

Кубалык балбан Пино Хидс жана Мурат Рамонов (кызыл кийимчен).
Кубалык балбан Пино Хидс жана Мурат Рамонов (кызыл кийимчен).

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары жалпы 10 салмакта күрөштү. Мелдештин биринчи күнүндө Асан Сулайманов (55 кг), Руслан Царев (72 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) таймаштарын байгесиз, куру кол жыйынтыкташты.

Балбан Кайратбек Түгөлбаев (көк кийимчен) беттеш учурунда.
Балбан Кайратбек Түгөлбаев (көк кийимчен) беттеш учурунда.

Мелдештин экинчи күнүндө Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) мелдештен четтешти.

Каныбек Жолчубеков.
Каныбек Жолчубеков.

16-сентябрда килемге балбан Каныбек Жолчубеков (60 кг) менен Кайратбек Түгөлбаев (77 кг) алгачкы беттештерин жеңди. Бирок, 1/8 финалда жеңилип, турнирден четтеп калышты.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков.

Бул жолку дүйнө чемпионатын Кыргызстандын курама командасы байгесиз, бирок олимпиадалык жолдомо менен жыйынтыктап жатат. Курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков мелдештин жыйынтыгы боюнча буларга токтолду:

«Бир лицензия алдык. Балдар жаман жыйынтык көрсөткөн жок. Бул мелдеш дүйнө чемпионаты, күчтүү балбандар келген. Аябай оор болду. Жолдомо ала албай калган бизден чоң мамлекеттер да болду. Биз мындан да жакшы жыйынтык көрсөтсөк болмок. Бирок спорт да. Эми биз алдыдагы лицензиялык мелдештерге даярданабыз».

Балбан Акжол Махмудов күйөрмандардын арасында.
Балбан Акжол Махмудов күйөрмандардын арасында.

Бул мелдешке балбан Акжол Махмудов көрүүчү катары келген.

«Акжол Махмудовдун жаракаты жакшы болуп, азыр машыгуусун баштады. Кийинки жылы дагы эки лицензиялык мелдеш бар. Эми Акжол ошол лицензиялык мелдештерге катышат», – деди грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков.

Бүгүн, 17-сентябрда грек-рим күрөшүнөн мелдештер жыйынтыкталып, кыз-келиндер арасында мелдештер башталды.

Мадина Надирова (көк кийимчен) жана америкалык балбан Жакарра Винчестер.
Мадина Надирова (көк кийимчен) жана америкалык балбан Жакарра Винчестер.

Бул күнү 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова мелдешке чыгып, алгачкы беттешинде америкалык Жакарра Винчестерге жеңилип калды.

18-сентябрда Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова, ал эми 19-сентябрда Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев кыз-келиндер курама командасы тууралуу оптимисттик оюн ортого салды:

«Кыздарыбыздын даярдыгы жакшы. Биз үч жолдомо ойнотулуучу салмактарга үч кызды койгонбуз. Эгер кыздар жакшы күрөшсө, сөзсүз жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар».

Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан "Барыс" аренасы. Аренага 11 миңден ашык киши батат.
Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан "Барыс" аренасы. Аренага 11 миңден ашык киши батат.

20-сентябрда эркин күрөштөн мелдештер башталат. Кыргызстандын курама командасы 8 салмак боюнча күч сынашат.

Бээжин олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиев жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков балбан Асан Сулаймановго кеңеш берүүдө.
Бээжин олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиев жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков балбан Асан Сулаймановго кеңеш берүүдө.

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жолдомо ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Чек арада жабыркагандар Бишкекке жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жарадар болгон он адам Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди. Дагы үч чек ара кызматкеринин абалы оор болгондуктан Лейлектин аймактык ооруканасында калышты. Дарыгерлер адамдар октон жана жардыруучу заттардан жабыркаганын билдиришти. Алардын арасында бир өспүрүм жана эки аял бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG