Өзбекстанда үйлөнүү тоюн өткөрүү боюнча кабыл алынган жаңы эрежелер ырчылардын нааразылыгын жаратты. Себеби, жаңы чектөөлөргө ылайык, бир тойго экиден көп аткаруучуну чакырганга болбойт. Өнөрпоздор тойдо тапкан акча менен ондогон үй-бүлөлөрдү багып жатканын жүйө келтиришүүдө.
Өзбекстанда тойлор Кыргызстандагыдай эле жүздөгөн адамдардын катышуусунда өтөт. Меймандардын көңүлүн ачуу үчүн он же андан да көп ырчы чакырылат.
Той сезону кызыган сентябрь айында ашыкча ысырапкорчулукту азайтуу максатында өзбек парламенти жаңы эрежелерди кабыл алды.
Ага ылайык, тойго чакырылган меймандардын саны 250дөн ашпашы керек. Үйлөнүү кербенинде үч эле автоунаа болушу зарыл. Ал эми ырчы-чоорчулардын саны экиден ашпоого тийиш.
Бул эрежелер биринчи кезекте чыгармачыл инсандарды нааразы кылды. Алардын айрымдары бул тууралуу социалдык тармактарга жазып чыгышты. Маселен, Муниса Ризаева тойдон тапкан акчасы менен бир нече үй-бүлөнү багып жатканын жашырган жок.
“Инстаграм” социалдык желесине жарыялаган билдирүүсүндө ал бир тойдо төрт ыр аткарып, 800 доллар аларын, анын 450сүн өзүн коштоп жүргөн музыканттарга, администраторлоруна, айдоочусуна жана жан сакчысына бөлүп бере турганын жазган.
Ал эми өзүндө калган 350 долларды кайра эле ыр жазган, клип тарткан адамдарга жумшарын кошумчалады.
"Тойдон тапкан акчам ай сайын 150дөй адамды бакканга жетет" деп жазды Ризаева. Анын “Инстаграмдагы” баракчасына катталгандардын саны үч миллиондон ашат.
Ризаеванын пикирине анын кесиптеши Озода Нурсаидова да кошулган. Анын тойдо беш ыр аткарганы миң доллар турат. Нурсаидованын тобунда жети музыкант, эки айдоочу жана бир администратор бар. Ал да өз тапканын ушунча адамга бөлөрүн айткан.
Жаңы эрежелерге каршы пикирин билдиргендерин арасында Борбор Азия мамлекеттерине чейин таанымал Шахзода, Райхон, Фаррух Закиров, Юлдуз Усманова, Рашид Холиков жана башка ырчылар бар.
2018-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин бир топ жыл чогулткан акчасына бир той бергендерди, тууган-уругунан карызга алып маараке өткөргөндөрдү катуу сынга алган.
Коңшу мамлекетте орточо маяна 250 долларга жакын. Мындан улам көптөрү жан багыш үчүн чет өлкөлөргө мигрант болуп кеткен. Расмий маалыматтарга караганда Орусияда эмгектенип жүргөн өзбекстандыктардын саны 2 миллиондон ашат.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Тажикстанда той-топурга мыйзам аркылуу чектөө киргизилген. Аны бузгандарга ири өлчөмдө айып пул салынат.
Кыргызстанда да аш-тойдун чыгымын азайтуу боюнча маал-маалы менен демилге көтөрүлүп келет.
"Азаттыктын" архиви: Капчыкты каккан тойлор. 2017-жыл.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.