Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Борбор Азия

Бул жолу эң аз шайлоочу добуш берди.
Бул жолу эң аз шайлоочу добуш берди.

Ооганстанда 28-сентябрда «Талибан» кыймылынын бийлиги кулагандан берки 4-ирет президенттик шайлоо өттү.

Бирок анда эң аз шайлоочу добуш берди. Жалпысынан 15 талапкер ат салышканы менен негизинен азыркы президент Ашраф Гани менен өкмөт башчы Абдулла Абдулла теңтайлашып, атаандашты. Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоого катышып, «ит жыгылыш» болгон. АКШ баштаган эл аралык коомчулук кийлигишүүсү менен бийлик бөлүштүрүлгөн болчу.

Ооганстандагы Өз алдынча шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, каттоодон өткөн 9,5 миллиондой шайлоочунун эки миңдейи, тактап айтканда 20 пайыздан ашыгыраагы гана добуш берди жана добушканаларга аялдар дээрлик барган жок.

Бул көрсөткүч 2014-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу өтө аз болду: анда жети миллонго жакын адам добуш берген.

Байкоочулар шайлоочулардын добушканаларга аз келишинин башкы себебин «Талибан» кыймылынын опузасы менен түшүндүрүштү. Талибдер шайлоодо чабуулдар күчөй тургандыгын эскертип, жарандарды добуш бербөөгө чакырган болчу.

Добуш берүү күнү айрым шайлоо участокторунда кол салуу болду. Кандагар провинциясында убактылуу добушканага айланган мечиттеги жардыруудан кеминде 15 адам жаракат алды. Жергиликтүү бийлик алардын ичинен үчөөнүн абалы өтө оор экенин кабарлады.

«Reuters» маалымат агенттиги Кабулда, Газниде жана Жалалабадда жардыруу болгонун билдирди. Өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз шаарын жоочулар миномёт менен аткылашты. Соңку маалыматка ылайык, анда беш полиция кызматкери өлүп, ондогон киши жаракат алды.

Шайлоодо коопсуздукту камсыз кылыш үчүн күч органдарынын 72 миңдей кызматкери тартылды.

Өлкөнүн ички иштер министи Масуд Андараби шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга колдон келишинче аракет көрүлгөнүн айтты:

- Буга чейин убада бергендей, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү ооган элинине өз президентин тынч тандап алышы үчүн болгон аракетин кылды. Жоочулар шайлоо участокторуна 68 жолу кол салуу уюштурду. Бирок коопсуздук күчтөрү аларга туруштук берип, мизин кайтарды.

Өз алдынча байкоочулар добуш берүү жараяны былтыр парламенттик шайлоого салыштырмалуу жакшыраак уюштурулганын, бирок айрым бир техникалык кыйынчылыктар болгонун белгилешти.

Шайлоодо негизги атаандаштык азыркы президент Ашраф Гани менен премьер-министр Абдулла Абдулланын ортосунда болду.

Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоого катышып, «ит жыгылыш» болгон. АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен бийлик бөлүштүрүлүп, бири президент, экинчиси Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы болууга көнүп, мунасага келишкен эле. Бирок ошондон бери Гани менен Абдулланын тиреши токтой элек.

Ашраф Гани «Азаттыктын» ооган кызматындагы маегинде өлкө мындан ары улуттук биримдиктеги өкмөткө муктаж эмес экенин, бийликтеги тирешти токтотуш үчүн буга чейинкидей ортомчуларга зарылчылык жок экенин айткан. Абдулла Абдулла Ганини административдик ресурска байланыштуу айыптаган.

Президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы 19-октябрда жарыяланат. Ал эми расмий жыйынтыгы 7-ноябрда белгилүү болот. Эгер бир да талапкер жетиштүү добуш ала албаса, шайлоонун экинчи айлампасы 23-ноябрда өтмөкчү.

Бул Ооганстанда «Талибан» кыймылы бийликтен кулагандан кийинки төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоо. АКШ «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимин түзүш үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыктан буга чейин добуш берүүнүн мөөнөтү эки ирет жылдырылган. Бирок ушул айдын башында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп талибдер менен бир канча айдан берки сүйлөшүүлөрдү токтотуп койду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Норвегиядагы полициянын машинасы.
Норвегиядагы полициянын машинасы.

Норвегияда миграциялык мыйзам бузуулар менен кармалган казакстандыктар арасында кыргыз жарандары бар-жогу такталууда.

«Азаттык» радиосуна Норвегияда миграциялык мыйзам бузуулар менен кармалгандар арасында кыргызстандыктар да барын, аларды Европага виза жасаган туристтик агенттик алдаганын айткан, өзүн кыргызстандыкмын деген адам видео жөнөттү.

«Документтерибиздин мөөнөтү бүтүп калган. Кээ бириники эки жума, кээ бириники бир ай жана 45 күндүк. Азыр биз камактабыз. Казак элчилигинен келишти. Бизди алып келген агенттиктин Прагада кеңсеси бар. Алар адамдарды алдап жатат. Күнүнө ондогон адамдар Европада жумуш таап берет деп 5-6 миң евро төлөп, кайрылат», - дейт видеодогу адам.

Иммиграциялык мыйзамдарды бузган 68 чет өлкөлүк камакка алынганын норвегиялык VG басылмасы полицияга шилтеме кылып 25-сентябрда жазган.

Анда басымдуусу казакстандыктар, алтоо Кыргызстандын жана экөө Орусиянын жараны экени кабарланган. Аларды полиция Эйдсволл шаарчасындагы мейманканада кармаган.

Берлиндеги кыргыз элчилигинен кыргыз жарандары тууралуу маалымат расмий органдар аркылуу такталып жатканын билдиришти.

- Норвегияда биздин элчилик жок. Консулдук кызматтар Берлинде көрсөтүлөт. Норвегияда кыргыз жарандары кармалган расмий маалымат келе элек. Медиага чыккан маалымат боюнча биз тиешелүү органдарга кайрылып, тактайбыз, - деди Мират аттуу кызматкер.

Казак өкмөтү учурда Норвегияда кармалган 60 жаранын өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракеттенип жатат. Ослодогу казак элчилигинин өкүлү Талгат Жумагулов «Азаттыктын» казак кызматына кармалгандар Европага туристтик виза менен келип, визаларынын мөөнөттөрү өтүп кеткенин айткан.

«Иштери каралууда. Жакынкы арада Казакстанга жөнөтөбүз. Кармалгандар туристтик виза менен келип, калууну көздөшкөн» деген Жумагулов.

Норвегияда 60 казакстандык кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:54 0:00

Казак элчилиги өлкөнүн расмий органдарына жагдай кабарланганын, жарандарды Европага алып келген туристтик агенттикке тиешелүү чара көрүлө турганын белгилеген.

Казакстанда соңку жылдары теңгенин куну качып, элдин кирешеси азайгандыктан чет өлкөгө иш издеп кеткендер көбөйгөн. Тышкы иштер министрлиги өткөн жылы Түштүк Кореяда казакстандык 10 миңдей мигрант бар экенин маалымдаган. Орусиянын миграциялык кызматынын билдиришинче, быйыл жыл башынан бери 100 миңден ашык казак жараны иш издеп кеткен.

Ал эми кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдө бир миллиондой жаран эмгек миграциясында жүргөнүн кабарлап келет. Европа өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын саны 30 миңдей, басымдуусу студенттер.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG