«Мегаком» компаниясы түзүлгөн келишим боюнча «КТ Мобайл» ишканасына ушуга чейин 168 миллион сом которгон. Аталган каражаттын бир бөлүгү «КТ Мобайлдын» кызматкерлеринин айлык акысына жумшалса, 1 млн. 150 миң долларга жакыны бир нече банкта сакталып турат. Бул тууралуу «КТ Мобайлдын» ишин иликтеген депутаттык комисиянын экинчи отурумунда белгилүү болду. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да катышып, суроолорго жооп берди.
Экономика
жума 31 Май 2019
Нарын районундагы Он-Арча айылындагылар кыш куйбай, аны куюп берүүгө буйрутма бере башташты. Анткени, бул айылдын тургуну Адилет Молдосалиев кирпич куйган жабдуу ойлоп таап, аны кадимки тракторго чиркеп койгон.