«Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы, Германиядагы сапарлары, Орусия менен болгон макулдашуулар өлкөгө реалдуу инвестиция тартууга өбөлгө түзө алдыбы?» деген суроолор далайларды кызыктырып турат.
Дегеле Кыргызстандын чет өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыгында жаңы кадамдар болдубу? Келечекте дагы кандай аракеттер болушу керек?
«Арай көз чарай» талкуусуна Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адылбек уулу Шумкарбек, Жаш ишкерлер бирикмесинин төрагасы Темирбек Ажыкулов жана экономикалык серепчи Маткерим уулу Талант катышты.
«Азаттык»: - Шумкарбек мырза, кечээ жакында Орусиянын президенти Кыргызстанга келгенде бир нече келишимдерге кол коюлду. «Жалпысынан 6 миллиард доллардан ашык макулдашуу болду» деген маалыматтар чыкты. Бул цифралар уккан кулакка жагымдуу болгону менен алардын канчасы реалдуу келе турган инвестиция? Канчасы жөн эле ниет, тилек? Чечмелеп айта алабызбы?
Адылбек уулу Шумкарбек: - Соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция боюнча мындай жыйынтыктарга жетишүү - бир күндүк иш эмес, көп сүйлөшүүлөрдүн, макулдашуулардын жемиши десек болот.
Инвестиция салгысы келген компания «банк эсебиңерди бергиле, акча салам» дебейт. Бир топ түшүндүрүү иштери жүрөт. Компания маалымат алгандан кийин өз кызыкчылыктарына жараша чечимин билдирет, анан иш башталат.
Орусия менен кол коюлган келишимдердин арасында ушул убакка чейин иштеп келаткан долбоорлор, жаңыдан иштей турган долбоорлор да бар. Мисалы, биздин агенттик аркылуу эле 2 миллиард 200 миллион долларлык документтерге кол койдук.
Алардын арасынан эң чоң келишим ири «Русэлпром» концерни менен болду. Бул концерн дагы үч компания менен биригип, өз жабдуулары менен Кыргызстанда гидроэлектр станцияларын курууга кызыкчылыгы бар.
Кыргызстанда базальттын ири кени бар. Андан курулуш, машина куруу, космос ж.б. тармактарга пайдалануучу өндүрүмдү, материалдарды чыгарса болот. Ал боюнча Орусиянын бир нече компанияларынын башын бириктирген «Союзбазальт» ишканасы менен 500 миллион долларлык келишим түзүлдү. Ал ишке ашса бизде ондон ашык заводдор салынат.
«Азаттык»: - ГЭС деп калдыңыз, Орусия Кыргызстанда токтоп турган ГЭСтердин курулуштарына инвестиция салууга кызыкчылыгы барбы?
Адылбек уулу Шумкарбек: - Албетте, кызыгуу бар. Жакында «Нордгидро» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип биздин мыйзамдар, түзүлгөн шарттар менен таанышып кетишти. Келечекте өндүрүлгөн энергия кимге сатылат ж.б. жол-жоболору боюнча сүйлөшүүлөр болду. Биздин тиешелүү башка мамлекеттер органдар менен жолугушуулар болду. Эми алар биз берген маалыматтарга, өздөрүнүн шарттарына жараша финансы моделин түзүшөт, анан өз чечимдерин беришет.
«Азаттык»: - Темирбек мырза, президент Жээнбеков Германияга расмий сапар менен барганда 1 миллиард евролук экономикалык, инвестициялык документтерге кол коюлганын билебиз. Ал документтердин реалдуу аткарылышын сиз кандай көрөсүз?
Темирбек Ажыкулов: - Биздин президенттин Германия менен саясий гана маселелерде эмес, экономикалык кызматташтык боюнча келишимдерге жетишкени – бул жакшы нерсе. Бирок биз кайсы багытта, кайсы долбоорлор боюнча келишим түзүлгөнүн көрө алган жокпуз. Менимче, бир миллиард евронун чоң акча экенин эске алганда, алар ошончо суммага кызматташууга ниет-тилеги бар деп түшүнсөк болот.
Шумкар мырза айткандай, инвестор каражат салардын алдында саясий абалыбызды, мыйзамдардагы өзгөчөлүктөрдү, жергиликтүү ишкерлердин суроо-талабын, шарттарын карап анан ири инвестиция салат.
Эми мындай ниет-каалоолорду билдирген келишим-макулдашуулар президенттердин деңгээлинде кол коюла берет. Кеп эми ошолорду өкмөттүн, башка мамлекеттик органдардын деңгээлинде ишке ашырууда калды. Алардын деңгээлинде маселе-көйгөйлөр чыкпаса экен деген үмүтүбүз бар.
«Азаттык»: - Темирбек мырза, Евробиримдик Борбор Азияда жалгыз Кыргызстанга BSP+ программасы боюнча кыргыз товарларына бир топ жеңилдиктерди берди. Аны эмне үчүн натыйжалуу пайдалана албай жатабыз?
Темирбек Ажыкулов: - Бул жерде бир канча фактор бар. Биринчиси - тийиштүү маалыматтардын жетишпегендиги же аздыгы десек болот. Экинчиси - биздин ишкерлердин даяр эместиги, алардын Европанын стандарттарына ылайык товар өндүрө албагандыгы болууда. Кыргызстан азыр Евразия Экономикалык Биримдигине кирип кандай кыйналып жатабыз. Кошуна казак туугандар эле кандай кыйнап жатат? Европадагы талаптар андан да катуу.
«Азаттык»: - Талант мырза, Кыргызстан Орусия менен 18ден ашык ар кандай экономикалык келишимдерге жана меморандумдарга кол койду. Аны башка серепчилер «Кыргызстандын экономикасы биротоло Орусияга байланды» деп баалап жиберишти. Сиздин оюңуз кандай?
Маткерим уулу Талант: - Кыргызстан Орусияны саясий жана экономикалык жактан стратегиялык өнөктөш катары карап иштеп келе жатат. Атамбаев президент болуп турганда «Кыргызгаз» ишканасы Орусияга 1 долларга символикалуу түрдө сатылды. Эгер Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келсе, «Кыргыз темир жолу», «Айылбанк» ж.б. стратегиялык компанияларды Орусия менен бирдикте өнүктүрүүгө эмнеге болбосун? Бул «жакшы ниет – жарым ырыс» деп коет. Бирок, биз укуктук талаага келгенде көп уттуруп коюп жатабыз.
Талкуунун аудиосун толугу менен төмөндөн уга аласыз.