«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси алмашканы Кыргызстандагы акыркы күндөрдөгү катар-катар кадрдык жүрүштөрдүн көлөкөсүндө калды көрүнөт.
Өткөн аптада буга чейин депутаттардын сынынын бутасында калган «Улуттук энергохолдингдин» башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров кызматтан бошотулуп, анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров дайындалды. Мамлекеттик ишканага жетекчи болгонуна байланыштуу мыйзамга ылайык Назаров депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартты.
«Улуттук энергохолдингдин» жаңы башчысы бул кызматка тармакта реформаларды ишке ашырыш үчүн баратканын жарыя кылган:
«Акыркы сын-пикирлер энергетика тармагында реформалар жүрбөй, энергетиктердин аракеттери жетишсиз болуп жатканынан кабар берет. Көрсөткүчтөр жакшырган жок. Реформа жасабай туруп, түзүмдү кайра-кайра өзгөртө берүүдөн майнап чыкпайт. Ошондуктан, тармак реформага муктаж. Ал үчүн биринчи иретте иш билги менежерлерди тартуу менен туура менежмент киргизиш керек. Экинчиден, тез арада, башкача айтканда 1-1,5 жыл ичинде тармактагы чыгашаны азайтып, сырткы карыздарды өз убагында төлөй башташ керек».
Бирок жаңы жетекчи иш билги адистерди тартуу боюнча убада бергени менен анын өзүнүн адистигинин айланасында бир нече суроо келип чыкты.
47 жаштагы Назаров кесиби боюнча экономист. Анын эмгек жолун карап көрсөк, жалаң жергиликтүү бийлик органдарында жана жеке ишкерлик менен алектенгенин көрүүгө болот. Тагырагы энергетика системасында иштеген эмес.
Ушундан улам айрым эл өкүлдөрү өлкөдөгү стратегиялык тармакка тиешелүү тажрыйбасы жок адамдын дайындалышын түшүнбөй жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өлкөдөгү ар бир тармакка кесипкөй жетекчинин дайындалышы маанилүү экенин белгиледи:
«Ал киши Жогорку Кеңештин Агрардык комитетин жетектеп жүрдү. Ошол тармакты жакшы билет. Эгер өкмөт кызматка дайындагысы келсе балким Айыл чарба министрлигине алып барса жакшы болмок. Анан туруп эле «Улуттук энергохолдингге» жетекчи болуп калганын биз деле түшүнбөй калдык».
Экинчи жагынан учурда «Улуттук энергохолдингдин» макамы боюнча да суроолор бар. Буга чейин парламентте жалпы энергетика системасын «Улуттук энергохолдингдин» карамагына берүү туура эмес экени айтылган. Натыйжада энергетика жаатындагы саясатты кайрадан өкмөттүн курамында өз алдынча министрликке берүү жөнүндө сунуш түшкөн. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин эки фракциясы кабыл алган. Бул жүйөнү өкмөт да оң көрүп, жаңы түзүмдү уюштурган учурда эске аларын билдирген. Андан бери жарым жылдан ашык убакыт өтсө да өкмөттүн жаңы түзүмү парламентте карала элек.
Бирок энергетика маселелери боюнча адис Мырзатай Султаналиев кесиби башка адамдын энергетика тармагына менежер болушун өөн деле көрбөйт. Эксперттин пикиринде, маселенин баары бул системанын экспременттер майданы катары кабыл алынып, жеңил баа мамиле жасалып жатканында.
«Жетекчи «Улуттук энергохолдингде» биринчи кезекте администратор болушу керек, - дейт ал. - Балким адис энергетик болбой туруп деле өзгөртүү алып келиши мүмкүн. Бирок жалпы энергетика тармагындагы маселелер бул дайындоону эске албаганда деле стратегиялык көз караштан эмес эмес, башкача өңүттөн чечилип калгандай туюлат».
Кыргызстанда энергетика эң орчундуу тармак болуп саналат. Стратегиялык деп эсептелген тармактын иши илгерилебей, «өлкө экономикасын өнүктүрүүгө дем берет» деген долбоорлор ишке ашпай турат. Ал тургай бул тармактагы коррупция, көмүскө схемалар жөнүндө көп айтылып, талкууга түшүп келет.
Акыркы эле Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу чуудан улам энергетика тармагындагы мурдагы жетекчилердин жоон тобу камакта отурат.