Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Экономика

Теплоключенка айылынын митингге чыккан тургундары. 27-май, 2019-жыл.
Теплоключенка айылынын митингге чыккан тургундары. 27-май, 2019-жыл.

27-майда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургундары кайрадан «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайындагы абалды оңдоону кайрадан райондук бийликтен талап кылышты.

Маселенин көтөрүлүшүн жергиликтүү тургундар эс алуу бассейниндеги суунун Ак-Суу дарыясына куюлушу, мыйзамсыз курулуштардын пайда болушу менен байланыштырышты. Бул жөнүндө мурун да кеп козголуп, анда «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайын иштетип жаткандар жергиликтүү тургундарды «ишкердикке тоскоол болуп жатышат» деп айыпташкан.

Тараптардын пикир келишпестигине байланыштуу маселени териштирүү үчүн комиссия түзүлүп, эс алуу жайы ишин убактылуу токтоткон. 200дөй киши чогулган акыркы жыйында райондук деңгээлдеги тиешелүү органдар нааразы тарапка жагдайды түшүндүрүштү.

Теплоключенка айылынын тургундары Ак-Суу райондук администрациясына убактылуу жабылып турган «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайын текшерип жаткан комиссиянын маалыматын укканы келишкен. Комиссиянын мүчөлөрү, ар бир мекеме өкүлдөрү текшерүүнүн өздөрүнө тиешелүү жыйынтыктарын айтып беришти.

Аскат Казакбаев.
Аскат Казакбаев.

​Алгач Ак-Суу райондук архитектура башкармалыгынын жетекчиси, комиссиянын мүчөсү Советбек Уралиев эс алуу жайындагы мыйзамдуу жана мыйзамсыз курулуштар тууралуу маалымат берди. Ал эми Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Аскат Казакбаев өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы коопсуздук үчүн суу жээгине 150 метр дамба куруу жөнүндө эс алуу жайынын жетекчилигине берген тапшырманын аткарылышы тууралуу баяндады:

«Дамбанын узундугу 150 метр болуп салыныш керек болчу. Мында 30 метр салыныптыр. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жыйынтыгында да «дамба салынсын» деп жазылган. Талаптар аткарыла элек. Акт берилген».

Жергиликтүү жаштар дамба курууда дайранын нугу бурулганына нааразы болушту.

Бакыт Исаев.
Бакыт Исаев.

«Булар дамбаны салсын, анан андан кийинкилер салсын, ошентип анан Ак-Суу аягында барып жок болуп кетсинби же кандай? Мундай дамба салууга ким уруксат берип жатат?»,-деп суроо койду Теплоключенка айылынын тургуну Бакыт Исаев.

Жергиликтүүлөр эс алуу жайындагы бассейндин суусу Ак-Суу дайрасына куюп жатканына айрыкча нааразы болуп жатышат. Алар «эс алуу жайы өзүнө саркынды сууну тазалоочу жай курганда гана иштетүүгө уруксат берилсин» деген талап коюшту. Андан сырткары айылдыктар райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, комиссиянын мүчөсү Аскарбек Айдакеевден Ак-Суу дайрасынын суусунун тазалыгына кызыгышты.

«Ушул Ак-Суу дайрасынан суу ичкенге болобу?» - деп суроо берди Бакыт Исаев.

Аскарбек Айдакеев.
Аскарбек Айдакеев.

«Ак-Суунун Теплоключенка айылында түтүк менен тартылып келген суу бар. Өткөндө анализ алдык, биздин талапка жооп бербейт. Андан суу ичкенге болбойт», - деди Аскарбек Айдакеев.

Айыл жаштары райондун жана айыл аймагынын жетекчисинен ичүүчү таза суу маселесин тез арада чечип берүүнү да суранышты.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайындагы бир катар мыйзамсыз иштер бар экенин айтып берди. Инспекциянын Каракол шаары, Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондору боюнча улук инспектору Кайрат Атагозиев мындай деди:

Кайрат Атагозиев.
Кайрат Атагозиев.

«15 май күнү пландан тышкары текшерүүгө жеке ишкер Чынара Урманаеванын объектисине барып текшерүү жүргүздүк. Текшерүүдө көп мыйзам бузуу аныкталды. Сиздер көрсөткөн саркынды суу Ак-Суу дарыясына куюп жатканы аныкталган жок. Анткени, 7-май күнү айыл жаштары чогулуп, сууну бекиттирип койгон. 15-май күнү текшерүүгө барганда бассейнде такыр суу жок болчу. Экинчиден, жер маселеси боюнча Чынара Урманаевага тиешелүү 20 сотых жер болчу, мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн, биз текшерген учурда 15 сотых ашыкча экени аныкталды. Курулуш маселеси боюнча, сиздер айтып аткан суу сактоо аймагындагы жаңы курулган бассейндер мыйзамсыз курулган. Эч кандай уруксат кагаздары жок».

Кайрат Атагозиевдин айтымында, жеке ишкердин мыйзамсыз иштери аныкталган соң 4 тармак - суу көзөмөлү, жер көзөмөлү, архитектуралык курулуш жана экологиялык тармак боюнча протокол түзүлүп айыппул салынган. Андан тышкары эскертүү кагазы берилип, 30 күндүк мөөнөт коюлган. Ошол күн ичинде жогорудагы мүчүлүштүктөрдү эс алуу жайынын ээси жоюуга тийиш. Анын айтымында, азыр эс алуу жайын убактылуу жабылган.

Ал эми эс алуучу жайдын ээси Чынара Урманаева кеткен кемчиликтерди оңдоого аракет кылрын айтты. Ал жергиликтүү тургундардын аракеттерин ишкердикке болгон тоскоолдук деп эсептейт.

Чынара Урманаева.
Чынара Урманаева.

«Бүгүнкү жолугушуу бир тараптуу гана болду, - дейт ишкер. - Өзүңүздөр көргөндөй, өкмөт өкүлдөрүнүн бирөө да мен тарапта болгон жок. Мен баса айта алам, булар ишкердикке бут тосуп атышат. Бизди иштетебиз деген эч ким сунуш айта алган жок. Бир гана жаптыруу маселесин көтөрүп жатышты. Президентибиздин, кыргыз өкмөтүнүн саясатын бул жерде, Теплоключенка айыл өкмөтүндө колдогон киши жок. Менин ишкердигимди андан ары өркүндөтүү боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Алар менден саркынды сууну тазалоочу жай салууну талап кылып жатышат. Мына, жаныбызда өкмөт салып берген саркынды суу тазалоочу жай турат, ошол төрт жыл мурун курулган, ошону эми кабыл ала албай турушат. Эми мени «1 айдын ичинде салып кой» деп жатышат. Мыйзамды бузуу дагы эле бар».

Жеке ишкер Чынара Урманаева эс алуу жайын куруш үчүн көп өлчөмдө насыя алып иштетип келатканын айтты. Ал азыр эс алуу жайы иштебей жаткандыктан насыядан алган каражатын төлөй албай күйүп жатканын жүйө келтирди. Эми саркынды сууну тазалоочу жайды куруш үчүн банктар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын да айтты.

Талкуунун катышуучулары.
Талкуунун катышуучулары.

Чогулгандар жергиликтүү жетекчилерге «Ак-Суу капчыгайында жайгашкан бардык эс алуу жайларын текшерип чыккыла» деп талап коюшту. Андан тышкары «берилген мөөнөт ичинде «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайы кемчиликтерин оңдобосо жабылсын» деген талабын айтып тарап кетишти.

2019-жылдын 7-май күнү жергиликтүү жаштар «эс алуу жайындагы бассейндеги суу Ак-Суу дайрасына куюп жатат» деп эс алуу жайдын суусун токтотушкан.

«Ак-Суу Кенч» эс алуу жайы Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын жогору жагындагы капчыгайда, Ак-Суу курортунун жанында жайгашкан. Ал жерди жеке ишкер Чынара Урманаева 2015-жылы жеке менчикке сатып алган. Сатып алгандан тартып курулуш иштерин жүргүзүп, 2018-жылдын июль айынан бери иштеп келет. Эс алуу жайы 20 сотых жер. Ал жакта Ак-Суу курортунан тартылып келген дарычылык касиети бар жылуу суу чыгат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Жалал-Абаддагы медициналык коллеж.
Жалал-Абаддагы медициналык коллеж.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңеш Жалал-Абад медициналык коллежинин лицензиясын карап чыгуу боюнча министрликке кайрылмак болду.

Коомдук кеңештин мүчөлөрү окуу жайынын абалы менен таанышып, жатаканаларын көрүп чыккан соң ушундай чечимге келишти. Кыргызстандын эң алгачкы медициналык окуу жайларынын бири болуп саналган коллеждин жетекчилиги байкоочу кеңеш бир тараптуу маалыматтарды таратып жатканын айтып, окуу жайынын базасы чыңдалып баратканын билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү өткөн жумада Жалал-Абад медициналык коллежинде болуп, окуу жайынын абалы менен таанышып чыгышкан. Алар болочок медицина кызматкерлери жашаган жатаканалар санитардык талаптагыдай эмес деген чечимге келишкен. Байкоочу кеңештин төрайымы Нурхан Жумабаева жатаканалардын абалына нааразы болду:

Нурхан Жумабаева.
Нурхан Жумабаева.

«Биз алгач студенттер жашаган жатаканада болдук. Аны карап чыгып, абдан жаман абалда калдым. Санитардык талаптар таптакыр сакталбай, коркунучтуу абалда экен. 4 кабат жатакананын болгону биринчи кабатында гана ажаткана менен жуунуучу бөлмө бар, алардын да тазалыгы начар. Тамак бышыруучу жайда газ плиталары коюлганы менен алардын иштегенинен күмөн санадык. Уктоочу бөлмөлөрдүн абалы да кейиштүү, керебеттер менен матрастар эски. Коридорлор караңгы, жарыктандыруу да жарактан чыккан. Мындайча айтканда жатакана акыркы 20 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек экен. Келечекте оорулууларды дарылоону жана аларга медициналык профилактикалык көмөк көрсөтүүнү үйрөнүп жаткан студенттерге окуу жайы эмнеге мындай шарт түзгөн? Микробдор менен күрөшүүчү болочок кызматкерлер өздөрү антисанитардык абалда жашап жатышат».

Жалал-Абад медициналык коллежи 1939-жылы бул чөлкөмдө алгачкылардан болуп медициналык мектеп катары ачылган. 1954-жылы медициналык окуу жайы болуп уюштурулуп, азыркы окуу корпустары жана 200 орундуу жатаканасы 1970-жылдары салынган. 2008-жылы болсо окуу жайы коллеж болуп өзгөртүлгөн. Байкоочу кеңештин төрайымы Нурхан Жумабаева студенттер билим алган корпус жана окуу базасы да талапка жооп бербейт деп эсептейт. Ушундан улам кеңештин мүчөлөрү министрликке коллеждин жагдайын карап чыгуу боюнча кайрылышты.

«Окуу корпусу акыркы 40 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өтпөй, шарты да абдан начар абалда экен, - деди Нурхан Жумабаева. – Материалдык-техникалык базасы да, кадрларды даярдап чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү да аз экен. 11 адистик боюнча окутуучулар тартыш болсо студенттер кандай билим алып жатышат? Жагдайды жеринен көрүп бизде түрдүү ойлор жаралды. Студенттердин 20 миң сомдон төлөгөн окуу акысы кайсы жакка жумшалып жатат? Мамлекеттик мекемени ушул акыбалга жеткиргени үчүн кайсыл бир жетекчи жоопкерчилик тартышы керек. Бул жерден биз кайсы мыкты кадрды чыгара алабыз? Саламаттык сактоо тармагындагы негизги күч - бул орто билимдүү медицина кызматкерлери. Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтерине бул тууралуу кайрылганы турабыз. Алар окуу жайынын абалын жана лицензиясын карап чыгышы керек».

Медициналык коллежде азыр 1500дөн ашык студент 11 адистик боюнча билим алат. Аларга ар кыл категориядагы 76 окутуучу билим берет.

Коллеждеги сабак учуру.
Коллеждеги сабак учуру.

Окуу жайынын жамааты байкоочу кеңештин билдирүүлөрүн четке кагууда. 2018-жылы эле коллеж комиссиялык аккредитациядан өтүп, «медициналык адистерди даярдоого толук мүмкүнчүлүгү бар» деген уруксат алган. Анын директору Алмазбек Абдылдаев байкоочу кеңеш такталбаган маалыматтарды таратып жатат деген пикирде.

Алмазбек Абдылдаев.
Алмазбек Абдылдаев.

«Байкоочу кеңештин мүчөлөрү 18-май күнү, мен эмгек өргүүсүндө жүргөн убакта келишкен, - деди директор Абдылдаев. - Орун басарым тосуп алып, окуу жайын тааныштырып чыккан. Алар биз жасап жаткан иштерди алкап, башка тараптардын жардам беришине көмөк көрсөтөрүн айтышкан. Кийин кеткенден соң теңирден тескери өзгөрүп, биздин коллеж жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратып жатыптыр. Биз Нурхан Жумабаеванын айткандары боюнча анын өзүнө да жооп жаздык. Акыркы жылдары медициналык окуу жайдын материалдык-техникалык базасын колдон келишинче, дараметибизге жараша чыңдап келе жатабыз. Туура, имаратыбыз эже айткандай 40 эмес, андан да көп жылдардан бери капиталдык оңдоодон өтө элек. Бирок таптакыр эле талапка жооп бербейт дегендин өзү туура эмес. Ар бир студентке окуу корпусунан 11 чарчы метр аянт туура келет. Кыргызстанда мындай шарттагы бир да коллеж жок. Лекциялык залдар, клиникалык база жана башка бир да коллежде жок практикалык клиникалык базабыз бар. Быйыл студенттердин коопсуздугун жана окууга катышуусун камсыз кылуу максатында турникеттерди орноттук. Атайын каражаттардын көбү айлык маянага жумшалат. Мыйзам боюнча биз анын 4,1% гана имараттарды оңдоо иштерине жумшай алабыз. Ошондуктан жыл сайын 700 миңден ашык каражат ремонтко бөлүнөт».

Төрт кабаттуу, 200 орундуу окуу жайынын жатаканасында жүздөн ашык студент жашайт. Жогорку кабаты эски болгондуктан колдонуудан чыгарылган. Эки жыл мурда жатакананын экинчи кабаты толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаны турмуш тиричилик техникасы менен камсыз болгон. Жатакананын коменданты Калыскан Пирматова акыркы учурда мында жашаган студенттер көбөйүп жатканын айтты:

«Былтыр жатакананын имаратынын суу түтүктөрү ондолуп, бардык кабаттарга таза суу чыгып калды. Имарат ичиндеги ажаткана менен жуунуучу бөлмөлөрдү да ишке бердик. Балдар эс алуучу бөлмөлөрүн да оңдоп, ашканаларды да иретке келтирдик. Быйыл эми биринчи, төртүнчү кабатындагы секциялар толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлөт деген план бар. Азыр жатаканага кызыгып, мында жашоону каалаган студенттер көбөйүп жатат. Себеби шартын жакшыртканга аракет кылып жатабыз. Айына болгону 920 сом гана төлөшөт. Кийинки айдан баштап бизде оңдоо иштери башталат».

Бирок былтыркы окуу жылында медициналык коллежге келишимдик негизде окуганы бир да студент келген эмес. Болгону бюджеттик орунга 175 студент гана кабыл алынган. Директор Алмазбек Абдылдаев эгерде быйыл да студенттер агымы азайса окуу жайын реформалоого туура келерин билдирди:

«2018-2019-окуу жылында биз 250 студентке аз абитуриент кабыл алдык. Мындайча айтканда бюджеттен тышкары контракттык негизде окуганы бир да бала келген жок. Аны себеби - Жалал-Абадда ачылган 250 орундуу жеке менчик медициналык коллеждин таасири болсо керек. Азыркы соода-сатык экономикасынын шартында ушундай абал жаралышы мүмкүн эле. Ошондуктан биз быйыл 5 млн. сомдук каражат таба албай калдык. Ага карабай окуу жайы өз калыбында билим берүүнү улантып жатат. 11 адистик боюнча окутуучулардын тартыштыгы бар, бирок алардын ордун башка окутуучулар толтуруп, сабактар үзгүлтүккө учураган жок. Быйыл биз көбүрөөк абитуриент келет деп үмүттөнүп жатабыз. Эгерде абал былтыркыдан өзгөрбөсө - министрлик окуу жайын реформалоого барышы керек болот».

Жалал-Абад медициналык коллежи быйыл уюшулгандыгынын 80 жылдык мааракесин белгилейт. Бул жылдар аралыгында окуу жайы 2600дөн ашык атайын орто билимдүү медицина адистерин даярдап чыгарган. Кыргызстанда ушу тапта 27 медициналык коллеж иштейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG