Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламентте карала турган маселелер боюнча айтып берди. Оппозициялык лидерлер түзгөн делген долбоорлор боюнча чуулгандуу видеодо аты аталган "Ар Намыс" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов "Азаттыкка" комментарий берди. (Элеонора Бейшенбек кызы менен Мирлан Токталиев түз режимде даярдаган видео)
Экономика
шейшемби 3 Сентябрь 2013
Кыргызстандын жаңы туристтик саясаты кандай болот? "Азаттыктын" суроолоруна Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, туризм департаментинин жаңы башчысы Максат Чакиев жооп берди.
“Азаттык”: Көп жылдан бери туризм тармагы унутта калды, акча көп бөлүнбөйт, өгөйлөнгөн туризм деп айтып келчүбүз. Сиз бул кызматка келгенге чейин да Кыргызстанда туризмди мындан да жакшы кылса болорун айтып келгенсиз. Ишти эмнеден баштап жатасыз?
Максат Чакиев: Албетте маселе көп. Туризм тармагы мамлекеттин өнүгүү стратегиясында приоритеттүү деп жазылганы менен тилекке каршы, ишке ашкан эмес. Бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Ошонун ичинен негизги үч тармакты белгилеп кетсек болот. Бул туризмди өнүктүрүү стратегиясы. Экинчиси - маркетинг, Кыргызстанды Түркия, Таиланд сыяктуу дүйнөгө таанытуу. Үчүнчүсү - инфраструктураны жакшыртуу. Ага тейлөө, коопсуздук, чек ара бекеттеринен өтүүнү жеңилдетүү кирет. Биз ушул үч багытта иш алып барганы жатабыз. Буюрса 2014-жылга ушул багытта бирдиктүү программа менен чыгып, аны ишке ашырабыз деп жатабыз.
“Азаттык”: Сырттан келген туристтер эле эмес, кыргызстандыктар деле бизде тейлөө “нөл”, официанттар орой мамиле жасашат деп айтышат. Өзгөчө Ысык-Көлгө барып келген соң. Сылык-сыпайы мамиле жасоо, жылмайып тосуу сыяктуу көрүнүштөр туристтерди тартуунун негизги көрүнүшү болбосо да чоң мааниге ээ. Мисалы Түркияда буга абдан катуу көңүл бурат эмеспи.
Максат Чакиев: Албетте биз тейлөө жагына да абдан көңүл буралы деп жатабыз. Сиздин айтканыңыз да туура. Кыргызстанга келген коноктордун бардыгы болбосо да ушинтип айткандар көп.
Кыргызстан жаш мамлекет, биз жаңы үйрөнүп келатабыз. Дароо эле тейлөө сапаттуу болуп кете албайт. Түркия деле азыркы акыбалга акырындап жеткен. Кыргызстанда деле акырындап жакшырып келатат.
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын 30-40 пайызы тейлөөгө көңүл буруп, атайын стандарттарга ылайык иш алып барат. Жергиликтүү бийлик жана ассоциация менен бирге тейлөөнү көтөрүү багытында иш алып барабыз. Буга окутуу, тажрыйба алмашуу жана маалымат таратуу кирет.

Маекти толугу менен ушул жерден угуңуз