Ички жана сырткы миграция проблемалары бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы дүйнөгө таандык көрүнүш. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, жер шары боюнча 200 миллиондон ашык адам мигрант деп эсептелет. Ал эми Кыргызстандан болсо ар кандай маалыматтар боюнча 500 миңден бир миллион кишиге чейин
чет өлкөлөрдө эмгектенип жүрөт.
Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары
Прадип Шарманын айтымында, миграция андай деле коркунучтуу көрүнүш эмес. Тек гана жаштар миграцияга камданбагандыктан, ушундай көрүнөт.
“Ошол үчүн быйыл биз Жаштар күнүн миграция маселесине арнап, анын жаман жана жакшы жактарын айтып берүүнү чечтик”, - дейт Шарма.
- Жаш мигранттар үйүнө кайтканда өзүнүн тармагында тажрыйбалуу адис болуп, үй-бүлөсүн бага алган каражаты менен келет. Миграция жаштарга жакшы билим жана жашоосун жакшыртуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок өлкөдөн чыгардын алдында миграцияга даярданып, керектүү маалыматтарды билип алуу өтө маанилүү. Ошондо миграция сиздин жашооңузду татаалдаштырып, коркунуч жаратпайт. Ал тетирисинче жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин маалыматы боюнча, жумуш издеп Кыргызстандан сыртка кеткен 600 миңге жакын жарандын 70 пайызы 28 жашка чейинки жаш адамдар. Алардын арасында татаал шартта иштен улам саламаттыгына залака тийген, же тер төккөн мээнети үчүн маяна албай куру кол кайткан, же
кулчулукка кабылган мигранттар аз эмес экенин Эл аралык эмгек уюмунун адистери айтып келишет.
Кыргызстандын Кызыл жарым ай улуттук коомунун миграция боюнча координатору
Сабина Ибраимованын пикиринде, жергиликтүү жаштар миграцияга бир аз жеңил ойлуу карашат.
- Чыгардын алдында бара турган өлкө жана шаар, жумуш берип аткан ишкана жана анын кожоюну тууралуу кичине болсо да билиш керек. Ала турган маянаң кандай болот, келишимде эмне болорун билишиң керек. Миграцияга укуктук жактан эле эмес, психикалык жактан да даяр болуш керек.
Жаштардын миграцияга даярсыздыгы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да актуалдуу маселелерден. Бириккен улуттар уюму Жаштардын эл аралык күнүндө ар кандай акциялар аркылуу жаштарды миграциянын коркунучтарынан коргоого аракет кылышат.
Миграция, эмгек жана жаштар министрлигине караштуу Миграция саясатынын башкармалыгынын башкы адиси
Улугбек Бакеновдун айтымында, Кыргызстандан
жаштар чет жакка жыл сайын тынымсыз ооп кетүүдө, ал эми кайра кайткандар аз. Бул тенденция өлкөнүн демографиялык абалына терс таасирин тийгизүүдө.
- Ар бир мамлекетте жакшы жумуштарда өзүнүн жарандары иштейт. Кыргызстандан баргандар, албетте, анчейин деле жакшы төлөнбөгөн жумуштарга орношот. Өлкөбүздүн өзү жөнүндө айта кетсек, ар кандай программалар ишке киргизилип, жумуш орундар түзүлүп атат. Албетте бул баарына жетпей жатат, бирок кичине болсо да жылыштар бар, бул жаатта жумуштар жүрүп атат.
Ар кандай маалыматтар боюнча, чет өлкөдө бир миллиондон ашык Кыргызстандын жараны эмгек миграциясында жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстанда. Мындан сырткары, соңку жылдары кыргыз мигранттарынын саны Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында жана башка Чыгыш, Батыш өлкөлөрүндө өсүүдө.