Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Экономика

Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков өлкөнүн тышкы карызы боюнча "Азаттыкка" маек курду.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы суммасы канча?

- 2013-жылдын баш оона айына карата Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызынын көлөмү 2,9 миллиард долларды түзөт. Эки тараптуу кредиттик келишимдердин мөөнөтү 15-40 жыл. Жылдык төлөнүүчү пайыздардын өлчөмү 0,1-2%.

- Быйыл канча төлөп жатабыз тышкы карыз үчүн?

- 4,4 миллиард сом каралган. Баса белгилей кетчү нерсе – Кыргызстан тышкы карызы боюнча милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарып келатат. Эч кечикпестен.

- Жыл сайын карызга кеткен акчанын суммасы азайып баратабы же ошол эле калыптабы? Мисалы, былтыр канча төлөндү эле?

- Былтыр 3,4 миллиард төлөгөнбүз.

- Кытай дагы акча бермей болуп жатат. Анын шарттары кандай? Кошумча оорчулук жарата тургандай эмеспи?

- Маалымат каражаттарында чоң суммалар айтылып жатат. Бирок эки кредиттик келишимдин жалпы суммасы 800 миллион АКШ долларына чейин. Тактап айтканда, бир келишим 399,9 миллион АКШ долларына, ал эми экинчиси – Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун реконструкциялоого жумшала турган 386 миллион АКШ доллары.

Негизи тыштан карыз алуу кыргыз өкмөтүнүн Мамлекеттик карыздарды башкаруу стратегиясына ылайык жүргүзүлүп жатат. Азыр Кыргызстан жеңилдетилген кредиттерди гана алууга укугу бар. Эгер жеңилдетилген эмес болсо, андай келишимдерге кол коюлбайт. Кытай менен жаңы эки келишим тең жеңилдетилген.

- Азыркы карыз ички дүң продукцияга карата канча болуп калды?

- 2012-жылдын аягына карата 47% болчу.

- Бул көрсөткүч кайсы чекке жеткенде кооптуу деп эсептелет?

- Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, 2017-жылга чейин өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына карата 60 пайыздык чектен өтпөшү керек. Азыр биз бул чектен төмөн турабыз.

- Кыргызстан үчүн 2,9 миллиард доллар оңой акча эмес да. Европадагыдай каржы кризисине кептелип калбайбызбы?

- Мен үч нерсени белгилеп кетким келет. Биринчиси – стратегияга ылайык, биз азыр жеңилдетилген гана насыяларды алып жатабыз. Экинчиден, Кыргызстан өзүнүн тышкы карыз боюнча милдеттенмелерин толук аткарып жатат. Эң негизгиси, үчүнчүсү – азыр насыялардын көбү түз эле бюджеттеги дефицитти каржылоого эмес, өнүктүрүү жана инвестициялоого жумшалып жатат.

- Кимге эң көп карызбыз?

- Кыргызстандын эң чоң кредитору болуп азыркы учурда Дүйнөлүк банк эсептелет. Жалпы карыздагы анын көлөмү 23%. Пайыздык чени жылына 0,75%.

Кумтөр боюнча макулдашууну жокко чыгарып, аны толугу менен мамлекетке өткөрүү маселеси мамлекет үчүн опурталдуу чечим болмок.

Бул тууралуу Кумтөр маселеси боюнча коомдук угууда өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Ошондой эле өкмөт башчысы Кумтөр боюнча макулдашуунун шарттары тууралуу түшүндүрмө берди.

Ошол эле кезде коомдук угуунун айрым катышуучулары өкмөттүн Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү чечимин кезектеги алдамчылык катары баалап, “Центерра Голд” менен макулдашуу жокко чыгарылган соң гана акыйкаттык калыбына келтирилет деген пикирди карманышууда.

Өкмөт коомчулукка ачык болгусу келет

Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен өкмөт Кумтөр маселеси боюнча коомдук угуу өткөрдү. Ага саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү чакырылды. Бирок оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана Кумтөр боюнча макулдашууну жокко чыгарууну талап кылып келген саясий партиялардын жетекчилери жыйында байкалган жок.

Өкмөттүн аппарат башчысы Нурканбек Момуналиев бийлик Кумтөр маселесин ачык-айрым талкууга алууну көздөп жатканын белгиледи:

- 2003-2009-жылдары Кумтөр боюнча келишимдер жең ичинен эле бүткөрүлүп, коомчулук алар туурасында эч нерсе билген эмес. Ошондой жабык болбосун деп биз коомчулуктун өкүлдөрүн, алардын арасында тоо-кен адистерин, экономист-финансисттерди, экологдорду чакырып жатабыз. Иш-чарага оппозиция өкүлдөрү, парламент депутаттары бири калбай чакыртылган. Мында эч кимге чектөө коюлган жок.

Атайын баяндамасында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын “Центеррадагы” 33 пайызга чукул акциясын жаңыдан түзүлө турган “Кумтөр” биргелешкен ишканасынын 50 пайыз акциясына айырбаштоо оптималдуу вариант болгонун айтты. Ошондой эле үлүштөрдү теңдештирүүдө Кыргызстандын акциясы 46 пайызга гана бааланып, элүү пайыздык үлүшкө жетпей калган кенемте 100 миллион доллар дивидендден баш тартуу менен чечилгени белгиленди.

Буга чейин оппозиция өкүлдөрү макулдашууну толук жокко чыгарууну жана Кумтөрдү мамлекетке өткөрүүнү талап кылып келишкен. Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт эмнеге мындай кадамга барбастыгын мындайча түшүндүрдү:

- “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштоо мен үчүн эң эле оңой жол болчу. Муну менен мен саясатчы катары бир эле күндө Кыргызстандын “баатыры” болот болчумун. Бирок мен экономиканын абалын карап туруп, өлкөнүн эртеңки тагдырын эске алуу менен ал жолду тандаган жокмун. Себеби, макулдашуу жокко чыгарылып, Кумтөрдө өндүрүш токтоп калса, бюджетке түшчү каражаттын ордун эмне менен толуктайбыз, анда иштеген 3 миңден ашуун адам жана Кумтөрдүн айланасында иштеген 708 ишкана эмне болот деген суроолор турду. Мындан сырткары макулдашуу жокко чыгарылса, соттук териштирүүлөрдүн кесепеттери кандай болоорун менсиз деле адистер айтып жатышат.

Шылтоого табылган “шынаабы”?

Ошол эле кезде коомдук угууга катышкан айрым коомчулук өкүлдөрү өкмөттүн Кумтөрдү мамлекеттин карамагына толук өткөрүп ала албаганын сындап чыгышты. Милициянын отставкадагы полковниги Борис Осмонов Кумтөр боюнча макулдашуу жокко чыгарылса, келип чыкчу кесепеттер тууралуу өкмөт башчысынын айткандарын кезектеги шылтоо катары кабыл алды:

- Кумтөрдү”эч нерседен коркпой эле мамлекеттин карамагына толук өткөрүп алуу керек эле. Анткени бул долбоор башынан баштап эле Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген долбоор болчу. Соттошсо соттошо бериш керек, анын эмнесинен коркушат? Сот жүрө берет, алтын кен өндүрүшү токтобойт. Анан эми өкмөт башчысынын айткандарды бул жөн эле шылтоо. Саясий эрк болсо, каалоо болсо макулдашууну жокко чыгаруудан Кыргызстан утмак.

Коомдук угуунун башка бир катышуучулары болсо Кумтөр алтын кен долбоорун кайрадан карап чыгуу боюнча өкмөттүн турумун колдоп чыгышты. Макулдашуу жокко чыгып, өндүрүш токтоп калса, экономиканын абалы эмне болот деген суроо кабыргасынан коюлду.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев өкмөттүн сунушун колдоп, бирок Кумтөрдөгү кыңыр иштер ачыкка чыгышы керек деген оюн ортого салды:

- Биз канадалыктар менен макулдашууну жокко чыгарып, өндүрүштү өзүбүз алып кетебиз дегенге анча ишене бербейм. Ошондуктан өкмөттүн бул боюнча тандаган туруму туура эле. Бирок Кумтөр долбоорундагы кыңыр иштерге катышкан кыргыз жарандарынын бети ачылып, жазаланууга тийиш. Мындагы алдамчылык жана өзүм билемдик жоопсуз калбаш керек.

Кумтөр алтын кен долбоору боюнча өкмөттүн “Центерра Голд” менен өз ара түшүнүшүү меморандуму жакында парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG