Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек 1-ноябрда Эл аралык валюта корунун миссиясы премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, аны менен экономикадагы кырдаал тууралуу пикир алмашты. Жолугушууда миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен жакында парламент биринчи окуудан өткөргөн 2004-жылдын бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрүн дагы көбөйтсө боло тургандыгын билдирди.

Тапио Саавалайнен бюджеттин киреше бөлүгүн гана эмес, чыгаша бөлүгүн да көбөйтсө боло тургандыгын белгиледи. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү керек экенине анын эч кандай күмөнү жок. Ал эми чыгаша бөлүгү жөнүндө болсо, ал «аны көбөйтүү же көбөйтпөө тууралуу дагы ойлонуп көрүш керек» деп айтты:

- Бюджет жөнүндө айта турган болсок, менин оюмча, анын киреше бөлүгүн, парламетке берилген вариантка караганда, жогорулатуу жагын көздөп, аны кайра карап чыкса болот. Ошондой эле бюджеттин чыгаша бөлүгүн да бир аз көбөйтсө болчудай. Бирок биз бул тууралуу азырынча бир ойго келе элекпиз.

Ал ошондой эле бюджеттин тартыштыгы да Жогорку Кеңешке сунушталгандай 3,8% ( ички дүң продуктка салыштырмалуу) эмес, андан бир аз жогору болушуна макул. Бирок аны канчага чейин көбөйтсө боло тургандыгы жөнүндө ал конкреттүү эчтеме айткан жок. Эларлык валюта корунун бюджетти көбөйтүү тууралуу сунушу Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевге аябай жакты.

- Биринчи окулушу өткөн жылга салыштырмалуу жеӈил өттү. Эгерде биз кирешени көбөйтсөк, депутаттар албетте, буга кубанышат. Анткени депутаттардын шайлоо алдындагы жарышы башталды.

Кыргызстандык эксперттер да 2004-жылдын бюджети Финансы министрлиги тарабынан өтө эле төмөндөтүлүп эсептелип чыккандыгын айтып келишкен. Буга Финансы министрлиги Эларалык валюта корунун программасын аткарууга жеӈил болуш үчүн баргандыгын айтышат. Анткени Кыргызстан ал программаны ийгиликтүү аткарса, кийинки жылдын акырында 350 млн. доллардын тегерегинде тышкы карыз кечирилип калышы мүмкүн. Бюджетти талкуулоо учурунда анын киреше бөлүгүн болжол менен 300 млн. сомго, чыгаша бөлүгүн 3 млрд. сомго көбөйтүү тууралуу сунуш айтылган менен, эмдиги жыл өлкө үчүн чечүүчү жыл экенин жакшы түшүнгөн депутаттар, ырасмий түрдө өкмөткө эч кандай талап койбостон,аны биричи окулушта эле кабыл алып беришкен. Бир сөз менен айтканда, аны көбөйөр-көбөйбөсүн өкмөт өзү билсин дешкен.

Эл аралык валюта корунун миссиясы 2004-жылдын бюджетин жалпысынан көбөйтүү керек экенин айтканы менен, ал бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралган бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүгө каршы. Тапио Саавалайнен бул тууралуу мындай пикирин айтты:

- Мен жана айткан параметрлерге чыгыш үчүн, бул белгилүү чечимдерге байланыштуу кабыл алынган эки статьядагы чыгымдарды кыскартууга туура келиши мүмкүн. Саавалайнендин оюн боюнча, бул инфляцияга алып келиши мүмкүн. Миссия башчысы Кыргызстан инфляция боюнча эмдиги жылы жогору милдеттенме алуусу – инфляциянын төмөнкү көрсөткүчүн коюусу зарыл экендигин эскертти. «Бул баа өспөйт» деген ишенимдин бекемдөөсүнө жардам берет, дейт Тапио Саавалайнен. Ал ошондой эле өлкөдө эгиндин баасы өсүп жатканына тынчсызданганын билдирди. Николай Танаев массалык маалымат каражаттары «Орусияда, Казакстанда жаа КМШнын башка өлкөлөрүндө быйыл түшүм болбой калды» деп жазып отурушуп башаламандык чыгарышканын, Кыргызстандын эгини өзүнө жетиштүү экенин жана азыр эгиндин баасы турукташып калганын айтты.

Бүгүн Бишкекте «Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү» мыйзамды Кыргызстанда кабыл алууга арналган улуттук форум болот.

Форумда Кыргызстанда техникалык жөнгө салуу системасын кайра түзүүгө багытталган мыйзам долбоору менен программа талкууланат. Техникалык жөнгө салуу системасын өзгөртүү чечими былтыр Экинчи инвестициялык саммитте кабыл алынып, ага негиз берчү мыйзам менен программаны иштеп чыгуучу жумушчу комиссия түзүлгөн. Комиссия бир жыл ичинде техникалык жөнгө салуу концепциясын жана «Техникалык жөнгө салуунун негиздери» аттуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты. Президент Аскар Акаев 16-октябрдагы парламентке кайрылуусунда ал мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталаарын билдирген. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдиргенине караганда, мамлекеттик стандарттар боюнча Совет доорунан калган талаптар азыркы шартка дал келбей, уруксат берүүчү кагаздар 70% түзөт. Бул жагдай чет элдик инвестициянын келишине жана ишкерликке башкы бөгөт болууда. Ушундан улам товарлардын сапаты тууралуу сертификаттарды сөзсүз алуу талабын жоюу зарылдыгы пайда болду. Ал тууралуу Жоомарт Оторбаев мындай дейт:

- Административдик тоскоолдуктардын арасында техникалык жөнгө салуу 70% түзөт. Эми ошол көйгөйдү чечпесек болбой калды. Себеби, базар экономикасында иштеген соң, эл аралык стандарттарга жана Дүйнөлүк Cоода Уюмунун стандарттарына ылайык жашашыбыз керек. Мыйзам кабыл алынса, ал алдыдагы 5 жылдык программага негиз болуп берет. 5 жыл ичинде биз мамлекетибизде стандартташтыруу жана метрология боюнча ар түрлүү базар институттарын түзүшүбүз керек.

Жоомарт Оторбаевдин билдирүүсү боюнча, жаңы мыйзам товарлардын эки гана талапка жооп берүүсүн шарттайт.

- Эки гана техникалык талап киргизип жатабыз. Алар – «элдин саламаттыгына жана экологияга зыяны тийбесин» деген талаптар. Калган талаптардын кереги жок, - деди Жоомарт Оторбаев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG