Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Райондук сот Султанбековду жана анын эки партиялашын 13-февралга чейин камакта калтырды


Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер сот залында. 2025-жылдын 9-январы.
Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер сот залында. 2025-жылдын 9-январы.

9-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы каралды. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аларды 13-февралга чейин камакта калтырды.

Соттук жараян кечке жуук башталып, жабык өттү. Ага партиянын тарапташтары, айыпталуучулардын жакындары жана журналисттер да киргизилген жок.

Адвокат Айбек Турдуевдин айтымында, шектүүлөргө коюлган кине анча оор эмес кылмыш болгондуктан үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилди, бирок судья аны канааттандырган жок.

Бүгүнкү соттук отурумда Темирлан Султанбеков өзүн начар сезгендиктен аны сотко саясатчынын үй-бүлөсү чакырган дарыгер карап чыкты. Дарыгер Асел Атаева журналисттерге Султанбеков колу калтырап, муундары ооруп жатканын айтканын билдирди. Саясатчы ачкачылык кармай баштагандан бери 12 кг арыктаганын айтканын, эгер дагы уланта берсе комага түшүп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

26 жаштагы Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы былтыр 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет.
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан партия лидери Султанбековдун ден соолугу начарлап жатканын адвокаты жана атасы айтып чыкты. Султанбеков алы кетип, көрүүсү начарлай баштаганы жана сол буту ооруп жатканы кабарланган.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы канааттандырарлык экенин, ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирүүдө. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG