Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Кыпчактар жана этностор аралык ынтымак


Маркум Иштван Мандоки Коңурдун кыпчактар тууралуу китебиндеги сүрөт. 18.5.2017.
Маркум Иштван Мандоки Коңурдун кыпчактар тууралуу китебиндеги сүрөт. 18.5.2017.

XXI кылымда деле айрым этностор гана эмес, уруулардын өкүлдөрү да өзүнчө шерине өткөрө калып жүрүшөт. Арасында кыпчактар да бар. Алардын Бишкектеги кереге кеңеши жана жалпы жарандык ынтымак жаатындагы тарыхчынын блогу.

Кыргызстанда кудайдын куттуу жылында ар кыл этностордун жана уруулардын өкүлдөрү өз алдынча жыйын куруп калышат. Айрым жыйындар чөлкөмдүк деңгэлде да өткөрүлүп жүрөт.

Ал эми кээ бир жыйындар эл аралык деңгээлде деле уюштурулуп келет. Ал иш-чаралардан дароо эле өөн табуу ылайыксыз.

Кыпчактардын кереге кеңеши

Жакында ошондой чогулуштардын бирин өздөрүн “кыпчак урпактарыбыз” деп санаган замандаштарыбыз жана алардын үзөңгүлөштөрү уюштурушканын казакстандык илимпоз Жаксылык Сабитовдун “Фейсбуктагы” жарыясы аркылуу окуп калдым.

Саясат таануучу Жаксылык Муратович Сабитов “Казакстандын чет өлкөлөрдөгү эл аралык бейнеси” (“Международный имидж Казахстана в зарубежных странах”) деген темадагы диссертацияны 2009-жылы Астана шаарында ийгиликтүү жактап, бул постсоветтик көйгөйлөр жаатындагы эмгеги үчүн саясий илимдер боюнча философия доктору (PhD) даражасына ээ болгон.

Ж.М.Сабитов орто кылымдардагы ар кыл чыгыш тилдердеги кайсы булактарды түп нускасында окуй алаарынан, ошондой эле биология, медицина жана генетика жаатында кошумча кесиптик билим алган-албагандыгынан эч кабарым жок, бирок ал өзүнүн саясат таанууга арналган диссертациялык темасы менен катар эле бери дегенде 2007-жылдан тартып байыркы жана орто кылымдардагы түрк жана башка евразиялык элдердин этностук тарыхына байланыштуу изилдөөлөрдү генетикалык маалыматтар менен айкалыштырып жүзөгө ашырып, өзүн палеогенетика боюнча адис катары да тааныштырып келет.

Жаксылык Сабитов мырза “Фейсбуктагы” жарыяларынын биринде өзүнүн Бишкекте кыпчактардын ар кыл элдерге чачыраган урпактарынын ортосунда отуруп калганын азилдеп жазган экен.

“Кыпчактар Евразиянын тарыхында: Тарых, тил илими жана генетика” деп аталган эл аралык кереге кеңеш (тегерек үстөл баарлашуусу) 2023-жылы 7-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин имаратында өткөн.

Бул эл аралык баарлашуунун жарнагына караганда, иш-чараны жогорудагы музейден тышкары “Улуу Кыпчак” этномаданий бирикмеси, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасындагы Венгриянын элчилиги, “Өзден” Бүткүл дүйнөлүк кумуктар коомдук бирикмеси жана Орусиядагы Томск мамлекеттик политехникалык университети биргелешип уюштурушкан экен.

“Кыпчактар Евразиянын тарыхында: Тарых, тил илими жана генетика” деп аталган эл аралык кереге кеңештин орусча жарнагы. КР Улуттук тарых музейи, Бишкек. 07.5.2023.
“Кыпчактар Евразиянын тарыхында: Тарых, тил илими жана генетика” деп аталган эл аралык кереге кеңештин орусча жарнагы. КР Улуттук тарых музейи, Бишкек. 07.5.2023.

Бул илимий иш-чаранын алкагында казакстандык илимпоздор Б.Е.Көмековдун (Кумековдун) жана Н.Е.Кузембаевдин “Кыпчак таануучулардын бибиблиографиялык сөздүгү” (“Бибиблиографический словарь кыпчаковедов”) деген орусча жаңы эмгеги да окурмандарга саамалык катары тааныштырылган экен.

Албетте, коомчулукта “кырк уруу түгүл, андан да көп сандагы этносторду өзүнүн 3 миң жылдык тарыхында жуурулуштурган кыргыз улуту үчүн, ошондой эле азыркы казактар, өзбектер, мажарлар ж.б. улуттар үчүн мындай шеринелер, кереге кеңештер, курултайлар, маданий чаралар зыяндуубу же пайдалуубу, анын канчалык кажети бар эле?” деген сыяктуу суроолор айтылып келээри да жашыруун эмес.

Бул маселеге этнограф катары караган бир жөн, саясатчы катары караган таптакыр башка.

Этнографиялык иш-чаралар – алгылыктуу

Этнографтар үчүн мындай жыйындар жана баарлашуулар – табылгыс окуя, анткени өзүн тигил же бул уруунун же этностун өкүлү катары санаган жана ар башка мамлекеттерде жашаган кишилердин ыктыярдуу чогулушун пайдалануу менен ошол тийешелүү уруунун же этностун тарыхый өңүттөрүн, каада-салттагы, диалектилик жана башка этнографиялык өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө жаңы маалымат алуу – бул заманбап этнография жана антропология илимий тармактарынын демейдеги милдеттеринин бирине кирет.

Кыпчактардын мындай маданий курултайлары жыл сайын жай мезгилинде Венгрияда (Мажарстанда) өткөрүлүп келет жана ага кыргыз түркологдору дагы катышып, илимий маалымат жыйнап жүрүшөт.

Бул өзгөчөлүктөрдү астейдил изилдөө Евразиядагы этностук жалпы кубулуштардын арасындагы мозаикалуу айырмачылыкты аныктоого көмөкчү кызмат аткарат.

Тар кызыкчылыктан жогору болуу

Ошол эле учурда мындай этностук жана уруулук чогулуштарды жана курултайларды көбүртүп-жабыртып, тар саясий кызыкчылыктарды канааттандыруу үчүн жикчил маанайды тымызын таңуулоого далаалат кылуу – илгерки унутулган этносаясий жүрүмдөрдүн ичиндеги тар уруучул жана жердешчил (трайбалисттик) агымдын бир “атависттик” калдыгы болоору айдан ачык.

Казакстандагы эл аралык кыпчак таануу институтунун башчысы, тарыхчы, чыгыш таануучу, этнолог академик Болот Көмеков (Болат Ешмухамедович Көмеков) агай жаштайынан эле орто кылымдардагы кимак жана кыпчак тарыхын арап, парсы жана башка жазма булактардын маалыматтарынын негизинде ырааттуу изилдеп келе жаткан бараандуу адис.

Биз Болот агайга Бишкекте болуп өткөн кереге кеңеш жаатында кайрылып, анын жүрүшү жана максаты жөнүндө пикирине кызыктык.

Болот Көмеков агай бул кереге кеңеш Евразиядагы ар кыл өлкөлөрдүн калктарынын арасына жуурулуп, чачыраган кыпчактардын тарыхын астейдил үйрөнүүгө чакырык жасагандыгын дурус иш-аракет катары баалады.

Албетте, кыраакы илимпоз биздин сурообуздагы көлөкөдө катылып турган кошумча маанини да аңдап, ар бир этнос таануу жыйынынын жалпы мамлекеттерибиздин эгемендигин чыңдоодогу олуттуу маанисин баса белгиледи.

Академик Болот Көмековдун баса белгилешинче, кыргыздарга жуурулуп кеткен кыпчактар азыркы тапта кыргыз улутунун ажырагыс бөлүгү, ошондуктан кыргыз-кыпчак уруусу кыргыз улутунун бүтүндүгү, Кыргызстандын жалпы эгемендиги жана бакыбаттыгы үчүн гана салым кошуусу зарыл.

Казактардын арасындагы кыпчактар, Венгриядагы (Мажарстандагы) кыпчактар, Өзбекстандагы кыпчактар да өз эгемен мамлекеттеринин кызыкчылыктарын эң жогору коюшу керек, дейт Б.Көмеков.

Мен Ташкенде аспирантурада окуп жүргөнүмдө самаркандык кыпчак окумуштуу жигитке көп кезикчүмүн. Ал өзбек тили боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган, өзбек тилинде мыкты сүйлөгөн тамашакөй адис эле. Өзүнүн түпкү теги кыпчак экендигин ал сыймыктана айтчу, ошол эле учурда Өзбекстандын нагыз патриоту болчу.

Эсиме айтылуу кыргыз кыпчак баатыры Алымкул аталык түштү. Анын бейнесин кыргыздар алгач Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы аркылуу, б.а. көркөм каражат аркылуу тааныган. Тимур Бейсенбиев жана башка тарыхчылар иликтегендей, Алымкулдун тарыхый жазмалардагы чыныгы бейнеси да каарман, акылман, дипломат, чечкиндүү колбашчы жана ар кыл этносторду ынтымакка чакырган мамлекеттик ишмер экендигин тастыктайт.

Алымкул аталык көп этностуу Кокон хандыгынын падышалык Орусиянын оторчул өкүмүнөн эгемен бойдон калышы үчүн күрөшүп жатып баатырларча мерт тапкан.

Улут жана жарандык ынтымак

Уруулардын, ошондой эле, чакан диаспоралык топтордун этнографиялык, туугандык жыйындары, шеринелери өткөрүлгөн учурларда да, тиешелүү өлкөдөгү жалпы ынтымакты башкы назарга коюу зарыл.

Бир ирет Оштон Жалал-Абат облусу аркылуу өтүп келе жатып, бир кыргыз уруусунун өкүлдөрүнүн туугандык курултайына капысынан катышып калдым. Ошондо тарыхчы Өскөн Осмонов: “Силердин урууңардан мынча кишини тарых боюнча окуу китебине киргизип бердим!” деп мактанганда, чынында, чыдабай кеттим да, сөз алып сүйлөп, элди мындайча жиктөө туура эмес экендигин, жалпы өлкө тарыхы боюнча окуу китептерге ар кандай татыктуу тарыхый инсандар тегине карабастан киргизилиши керектигин ачык айттым.

Маселен, сөздүкчү Константин Юдахин, синолог Галина Супруненко, музыка таануучулар Виктор Виноградов, Александр Затаевич, астронавт Салижан Шарипов, альпинист Рудольф Маречек, бедизчи Ласло Месарош сыяктуу залкарларды, спорт тарыхын жазганда, Валентина Шевченкону, машыктыруучу Семён Иткинди, ж.б. кантип сыймыктана эскербей коё алабыз?

Тээ 1990-жылдардын башында кыргыз-кыпчактарды өзүнчө этнос катары расмий каттатуу далаалатын жасагандар болгон, дешет. Алардын бардыгы эми эгемендик доорунун алгачкы учурундагы “балалык оору” сыяктуу артта калышты.

Айрым фолк-хисторичи калемгерлердин кыргыздарды “жалаң гана кыпчактардын бир бучкагы болчу”, Алтайда “кыргыз” этнонимин кокусунан өздөштүрүп алып, кийинчерээк, XV кылымдан кийин гана Теңир-Тоого журт которуп келген, деген сыяктуу жоромолдору да четке кагылды.

Ал эми ушул этнологиялык илимде четке кагылган жоромолду ДНК маалыматтарына таянымыш этүү аркылуу кайра тастыктагысы келгендер деле генетикалык маалыматтарды бир тараптуу чечмелегендерге, илимий жактан үстүрт маңыздагы жоромолдорду “жаңы чапанга жамынтып” курулай таңуулагандарга кирет ко деп санайм.

Эгемендик – этностордун ынтымагына таянып чыңдалат

1990-жылдары өлкөбүздө айрым жерлерде шайлоо өнөктүгү маалында уруусуна карата жаатташуу аракеттери да болгон. Көп партиялуу система андайларга чекит койду, ар бир партиялык тизмеде ар кыл этностордун өкүлдөрүнөн да болушу керек, деген талаптар да ысык сүткө күйгөн соң, айранды үйлөп ичкен коомдук тажрыйба болду да.

Айтмакчы, академик Болот Көмеков агай 2023-жылы 15-майда Казакстанда онлайн шартында өткөрүлгөн "Түрк каганаттары доорундагы мамлекеттүүлүктүн өзгөчөлүктөрү” деген аталыштагы эл аралык илимий жыйын маалында тигил же бул уруу аталыштарын азыркы тапта эч качан саясий чайкоочулукта колдонбоо керектиги тууралуу оюн кайталады.

Казакстандык тарыхчы, кыпчак таануучу, академик Болот Ешмухамбетович Көмеков. 15.5.2023
Казакстандык тарыхчы, кыпчак таануучу, академик Болот Ешмухамбетович Көмеков. 15.5.2023

Анын бул баалуу оюн андан ары улантсак, Кыргызстанда кыргыз улутунун ичине эчак жуурулушуп кеткен этностук бөлүктөр гана эмес, азыркы алатоолук азербайжан, алтай-кижи, балкар, башкыр, дунган, немис, орус, казак, корей, өзбек, тажик, татар, түрк, уйгур, украин, ж.у.с. этностор да биздин демократиялуу жумуриятыбыздын келечеги үчүн кыргыздардан кем калышпай жарандык салымдарын кошуп келишет.

Курама темир курч болот, дегендей, коомубузда ар кыл тектүү үй-бүлөлөр да арбын.

Боордош Түркиядагы 14-майда өткөн соңку президенттик жана парламенттик шайлоолордун мүнөзү тастыктагандай, түбүнөн ар кыл этностук тектүү жарандар саясий көз караштары боюнча өз ара ынтымакка ширелишип, жалпы өлкө тагдырын тар топтук кызыкчылыктардан жогору коё алышат тура.

Алардын арасында түпкү ата-теги ар кыл түрк калктарынын өкүлдөрү, ошондой эле түрктөшкөн грек, грузин, армян, арап, күрт, черкес жана башка этностордун урпактары да бар.

Кыргыз Республикасында этностук теги башка болгон мекендештерибизди кыргыз жараны катары арабызга теңата жана жигердүү камтуу аркылуу өлкөбүздөгү жарандык коомду мыкты деңгээлде калыптандыра алабыз жана ал аркылуу келечектүү, демократиялуу жумуриятыбызды андан ары чыңдай алабыз.

“Манас” эпосунда баяндалган курама жыйып журт кылган кезеңдин, – б.а. көп этносторду Кыргыз мамлекетинин жалпы кызыкчылыгы үчүн баш коштурган доордун – жаңы сереси көз алдыбызда жаралууда.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG