Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Экономика

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга расмий сапары башталды. 3-февраль, 2022-жыл.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга расмий сапары башталды. 3-февраль, 2022-жыл.

Кытайга алгач ирет президент макамында барган Садыр Жапаровдун сапары Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылышына катышуу менен башталды. Ал Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Кышкы Олимп оюндарына Кыргызстандан бир гана спортчу, лыжачы Максим Гордеев катышып жатат. Президент Жапаровдун сапарынын негизги бөлүгү дал ушул иш-чарадан соң башталып, Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь баштаган бир нече жетекчи менен жолугат.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу алака боюнча көп маселе сүйлөшүлөт.

"Негизинен экономикалык жана социалдык-гуманитардык маселелер. Эки жана көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилебизди, кызматташууну бекемдөө, күчөтүү жана андан жогорку жаңы деңгээлге чыгаруу маселелери талкуулат",-деди министр.

Бээжин шаарындагы Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы. Кыргызстандын атынан катышып жаткан спортчу Максим Гордеев
Бээжин шаарындагы Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы. Кыргызстандын атынан катышып жаткан спортчу Максим Гордеев

Кыргыз президенти Бээжинге барар алдында Кытайдын СGTN медиакорпорациясына маек курду. Анда Садыр Жапаров кыргыз-кытай алакасынын учурдагы абалын өтө жогору деп баалап, бул өлкө менен "Бир алкак - бир жол" демилгеси менен ишке ашырчу долбоорлорду санаган.

Темир жол курулабы?

Президент Жапаров бир нече жылдан бери сөз болуп, бирок ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакын арада башталат деген ишенимин билдирген. Анын айтымында, Борбор Азия чөлкөмү үчүн өзгөчө маанине ээ долбоор учурда макулдашуу баскычында.

"Бул долбоор ар дайым эки тараптуу алаканын күн тартибинде болуп келген. Анын маңызы жана максатка ылайыктуулугу боюнча эч кандай саясий пикир келишпестик жок. Тек гана, долбоордун техникалык аспекти жана финансылык жагы боюнча айрым суроолор бар. Анын үстүнөн үч өлкөнүн адистери иштеп жатышат. Жакынкы арада биргелешкен аракеттер менен достуктун, ынак коңшулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн жолуна айланчу бул темир жолдун курулушун баштайбыз деп ишенем",-деп билдирди.

Негизи Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек.

Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.

2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Андан бери кезек-кезеги менен сөз болгону менен курулушу баштала элек.

Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкан 2016-жылдан бери күчөдү. Эми Садыр Жапаровдун дал ушул сапарында бул ири долбоордун башы ачылабы деген үмүт жаралууда.

Буга чейин "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын алдындагы темир жолду долбоорлоо дирекциясынын башчылыгын аркалаган, экс-министр Жамшитбек Калиловдун айтымында, соңку жылдары долбоорду ишке ашыруу боюнча аракеттерде жылыш байкалууда.

Жамшитбек Калилов
Жамшитбек Калилов

"Жалпысынан акыркы жылдары бир аз жылыш байкалгандай. Кытай жана Өзбекстан менен эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Былтыр "талаа жумуштары" деп аталган топографиялык, геологиялык иштер аткарылган. Бул долбоорду каржылоого байланыштуу маселелер бар. Азыр Садыр Нуркожоевичтин сапарынын соң долбоор алга жылабы деген үмүт жаралууда",-деди Калилов.

Экс-министр кошумчалагандай, темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүнүн маршруту боюнча алдын ала макулдашуу болгон. Ага ылайык, Торугарттан Арпа аркылуу Макмалга чыгарып, андан ары өлкө түштүгүн аралап салуу каралууда. Долбоордун алдын ала баасы 5 миллиард доллар деп бааланган.

Кытай инвестиция береби?

Садыр Жапаровдун бул сапардан кыргыз тарап кубаттуу коңшудан тоо кен, энергетика, транспорт тармагында ири инвестицияларды күтүп жатат. Тагыраагы, коронавирус пандемиясынын кесепетинен солгундап кеткен соода жүгүртүүнү көбөйтүп, экономиканы өстүрүү планы коюлууда. Мында Кытай менен чектеш “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү зарылдыгы турат.

Мындан сырткары соңку жылдары нааразылыктан улам токтоп калган Ат-Башыдагы логистикалык борбор сыяктуу талаштуу долбоордун тагдыры да турат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Иманалиев президенттин сапарында бул жаатта да жылыш болот деген үмүттө турат. Анын айтымында, кыргыз-кытай алакасындагы пикир келишпестиктердин жаралышына буга чейинки кыргыз бийлигини айрым аракеттери себеп болуп келген.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

"Кытай менен эң узун чектеш өлкөлөрдүн катарына киребиз. Бирок, бул өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн колдоно албай келебиз. Мында кеп Кытайда эмес, кеп бизде. Бизде буга чейин алынган каражаттарды коррупция аралашып, кайра ызы-чуу чыгарып, коңшу өлкөнү жаманатты кылдык. Кытай бизнесине каршы айрым аракеттер болду. Анда өкмөттүн ички себептери бар, бөлөк себептер бар, башка өлкө аралашкан себептери бар. Ат-Башыда, Казармандагы окуяларда канча инвесторду кууп чыктык. Ушундай кырдаалда биз Кытай менен мамилени жакшыртып, мамилени жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек".

Кытайды океанга салыштырган Иманалиев учурда бул мүмкүнчүлүктү колдонууга чакырууда.

Ошентсе да, кыргыз коомчулугунда Кытай менен ишке ашчу долбоорлорго карата чочулоо да бар. Буга бир жагынан ири коңшунун активдүүлүгү себеп болсо, экинчи жагынан өлкөнүн Кытайга карызынын өсүп бара жатканы убайым жаратууда. Кыргызстандын тышкы карызы быйыл жыл ортосунда 4, 5 миллиард долларды түзсө, анын 45 пайызыга жакыны Кытайга туура келет.

Буга кошумча Бээжиндин соңку жылдардагы Шиңжандагы улуттук азчылыктарга карата катаал саясаты да өлкөдө ар кыл пикирлерди пайда кылган.

Мындай маанай бир эле Кыргызстанда эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү жергиликтүү элдин арасында Кытайдын долбоорлоруна жана саясатына байланыштуу тынчсыздануулар жок эмес. Маселен, соңку бир канча жылда Казакстан менен Кыргызстанда кытайлык ишканаларга байланыштуу митингдер өткөнү белгилүү. Тажикстандын Согд облусундагы "Тажик-кытай тоо-кен компаниясындагы" тополоңдо кытай жаранын өмүрү кыйылганы кабарланган.

Мындан тышкары Шинжаңдагы этникалык казактардын укугу бузулуп жатканы тууралуу кабарлардан улам Казакстанда Кытайга каршы акциялар утур-утур уюштурулуп келет.

Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.
Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.

Борбор Азия энергошакекчесиндеги авария чөлкөмдөгү криптовалюта өндүрүшүнүн келечегинен күмөн жаратты. Санариптик акча чыгарууда дүйнөдө алдыңкы орундарга жеткен Казакстан майнингге электр энергиясын берүүнү убактылуу токтотту.

Өзбекстан бир-эки жылдан бери майнерлерге шарт түзүү аракеттерин жандантса, Кыргызстан менен Тажикстанда энергия дефицитинен улам аталган өндүрүш өрүш ала албай турат.

Мурдараак эң чоң өндүрүүчү Кытайда криптомайнингге чектөө коюлгандан улам көп майнерлер Орусияга жана Борбор Азияга көчүп келишкен эле. “Элдик экономика” түрмөгүндө криптовалюта рыногундагы соңку жагдай тууралуу баяндайбыз.

Валюталар

“Азаттык” криптовалюта темасына мурдараак бир нече жолу кайрылган эле. Бирок ал жаңы түшүнүк болгондуктан бул ирет да алгач анын өзүн чечмелейбиз.

Кайсы бир өлкөнүн акча бирдиги – улуттук валюта деп аталарын жакшы билебиз. Аны мамлекеттин Борбордук же Улуттук банктары чыгарат. Кадимки валюта кагаз же тыйын түрүндө болот. Мындай акча жүгүртүлсө да, сакталып турса да, накталай же накталай эмес формада которулса да, иш жүзүндө анын колго кармай турган нерсеси бар. Улуттук валютанын кепилдигин мамлекет алат.

PayPal төлөм системасынын сайты.
PayPal төлөм системасынын сайты.

Ал эми ушул эле акчага альтернатива болуп саналган “санариптик валюта” деген да түшүнүк бар.

Мунун биринчи формасы - кадимки эле акчага байланган электрондук валюта. Тагыраагы, WebMoney, PayPal, “Яндекс.Деньги” сыяктуу эл аралык төлөм системаларында жүгүртүлгөн каражаттар.

Мында жарандар банк эсебиндеги акчасын так ушул системаларга өткөрүп, алып-сатууну ошол жерде жүргүзө алышат. Жарандар андагы капчыгына акча да сала алышат, башкалар которгон акчаны накталай чыгарып алууга да мүмкүнчүлүгү бар. Бул учурда төлөм системасында жүгүртүлүп жаткан валютанын кепилдигин ал системага ээлик кылган компания алат.

Санариптик валютанын экинчи формасы – криптовалюта. Ал дагы кайсы бир төлөм системасы аркылуу онлайн жүгүртүлүүчү акча. Аны менен кадимкидей кайсы бир нерселерди сатып алса болот. Бирок жогоруда айтылган электрондук акчадан кыйла айырмасы бар.

Криптовалюта – жөн гана код

Ачык булактарда, криптовалюта – криптографиялык коргонуу усулдарынын негизинде иштелип чыккан санариптик акча деп түшүндүрүлөт. “Криптография” деген (байыркы грек. “крипто” – “жашыруун”) – маалыматтын купуялуулугун камсыздоочу илим болуп саналат. Биздин мисалда “криптографиялык усулдар” деп кадимки компьютердик программалар сөз болууда.

Биткоиндин курсу. 2018-жылы 6-февралда тартылган.
Биткоиндин курсу. 2018-жылы 6-февралда тартылган.

Ооба, криптовалюта эч кандай кагазга же металлга байланбайт, материалдык формага ээ эмес. Жарандар криптовалютаны улуттук валюта менен алып-сата алышат. Бирок анын өзүн накталай алуу мүмкүн эмес. Анткени ал жөн гана шифрленген коддордун жыйындысы. Же тиешелүү компьютердик программалар аркылуу эсептелип, иштелип чыккан сандардын топтому.

Алгачкы криптовалюта – биткоинди Сатоси Накамото деген теги жапониялык программист 2009-жылы түзгөнү белгилүү. Анын жүзү азырга чейин белгисиз. Ошол себептүү "ал бир киши эмес, псевдонимдин артында програмисттердин тобу турат" деп эсептегендер да арбын.

Сатоси Накамото мунун алдында жарыялаган макаласында "2008-жылы дүйнөнү экономикалык кризис каптагандан кийин адамдар интернет аркылуу бири-бирине акча которууга өтүшү керек" деп жазып чыккан. Анда ал “келечекте эч кандай банктар, эч кандай PayPal же башка төлөм системалары болбой турганын, санариптик акча бир адамдан экинчи адамга заматтын ичинде ортомчусуз түшүп каларын” белгилеген.

Кожоюнсуз системадагы акча

Башка маселе, криптовалютаны өндүргөн компания да, аны алмаштыруу менен алектенген фирма да, саткан киши да, бул санарип акча үчүн кепилдик албайт. Арзандап кетсе, кымбаттап кетсе, же таптакыр эч нерсеге жарабай калса, аны алган киши өзүнө-өзү жоопкер. Анткени төлөм системасына эч ким кожоюндук кылбайт.

Криптобиржаны карап турган киши.
Криптобиржаны карап турган киши.

Мына ушундан улам дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда деле колго кармалбаган интернеттеги акчадан кооптонгондор көп. Ал тургай адистер арасында да криптовалютанын жүгүртүлүшүн сынга алгандар бар. Айрымдар аны “финансылык пирамидалар” менен салыштырып, кээси виртуалдык акчаны “экономикалык көбүк” (“экономический пузырь”) деп атаган.

Бирок санариптик акчанын тарапкерлери мындай айыптоолорду четке кагып, бул келечектин валютасы экенин айтышат. Алар криптовалюталар иштелип чыккан коддорду эч ким буза албай турганын жана ал толук коопсуз экенин билдирип келишет.

Бир катар финансылык басылмаларда ушул тапта криптовалютанын миңден ашык түрлөрү бар экени көрсөтүлгөн. Алардын эң популярдуусу – биткоин. Андан башка риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) деген түрлөрү да көбүрөөк таанымал.

Баанын секириги жана майнинг

Биткоин 2009-жылы алгач жүгүртүүгө чыккан учурда анын 109 даанасы бир АКШ долларына сатылган. Бирок жыл айланбай бир биткоиндин наркы 50 центке чейин көтөрүлгөн.

Криптовалюта төрт жылдан кийин алгачкы секиригин жасады. 2013-жылга келгенде анын бир даанасы алгач 90 долларга чыгып, жыл соңуна чейин 1200 доллар менен жабылат. 2015-2016-жылдары кийинки туруксуздук орун алып, баа бирде ылдыйлап, бирде өйдөлөп олтурат. 2017-жылы нарк 7 миң долларга чейин чыгып, кайра тең баасына арзандаган.

Биткоиндин символикалык тыйынын кармап турган киши.
Биткоиндин символикалык тыйынын кармап турган киши.

2018-жылы бир биткоин 20 миң долларга чейин жогорулап, бирок эки жылча 10 миң доллардын тегерегинде кармалып турган. 2020-жылдын башында 7 миң доллардын тегерегинде болсо, 2021-жылдын башында ал 33-35 миң долларга чейин жеткен.

Ошентип, былтыркы жылы 50-60 миң долларга чыгып барып, кайра ылдыйлаган. Быйыл 1-январда биржаларда бир биткоин 47 миң доллар турса, 1-февралда ал 38 миң доллардын тегерегинде бааланды.

Криптовалютанын наркынын мына ушундай секириги көп өлкөлөрдө аны өндүрүүгө болгон кызыгууну жаратып келет. Кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле криптовалюта өндүрүү да майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Бирок санариптик акча өндүргөндөр үчүн компьютердик жабдуулар жана үзгүлтүксүз электр энергиясы гана керек.

Алгачкы жылдары криптовалютаны майнинг кылууда Кытай алдыңкы орунду эч кимге берчү эмес. Эгер биткоинди эле алсак, дүйнөдөгү 70-75% өндүрүмдү жалгыз ушул өлкө камсыздаган. АКШ, Орусия, Казакстан, Малайзия, Иран сыяктуу мамлекеттердин өндүрүшү ар бириники бир пайыздан он пайызга чейинки көлөмдү түзгөн. Бирок 2021-жылы Бээжиндин бул жааттагы саясатын кескин өзгөртүшү криптомайнинг тармагын астын-үстүн кылды.

Тыюу жана өндүрүштүн оошу

Кытайдын бийлиги алгач “криптовалюта өлкөнүн финансылык системасынын туруктуулугуна коркунуч жаратарын” маалымдаган. Өлкөнүн Улуттук банкы санариптик акчанын бул түрү акчанын чет жакка мыйзамсыз чыгарылып кетүүсүнө, каражаттарды адалдоого жана башка нерселерге себеп болуп жатат деп билдирген.

Мына ушундай саясаттын аркасында 2021-жылдын май айында криптомайнингдин ордосу саналган Кытайдын Ички Монголия аймагында бул өндүрүшкө чектөө коюлду. Анда бул убактылуу чара деп айтылып жаткан.

Майнинг-ферма.
Майнинг-ферма.

Бирок июлда Кытайдын мамлекеттик энергетикалык корпорациясы өлкөнүн бардык аймагында электр энергиясын криптовалюта өндүрүү үчүн пайдаланууга тыюу салды. Натыйжада бул өлкөдө майнинг толугу менен мыйзамсыз болуп, майнерлер сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Алар Орусияга, Казакстанга, АКШга, Канадага жана башка өлкөлөргө отурукташты. Жакын тургандыктанбы, айтор көпчүлүк майнерлер коңшу Казакстан менен Орусияга көчкөнү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында ырасталган.

Албетте, жер которгон ишкерлердин расмий санын так айтуу кыйынга турат. Бирок кеп миллиондогон майнерлер жөнүндө болуп жатат.

Кантсе да криптовалютаны өндүрүүдөгү рейтингдин көрсөткүчтөрүн талдасак, сөз кылып жаткан картина ачык көрүнчүдөй. Былтыркы жылдын баштапкы эсептеринде, АКШ биринчи орунга чыкса (35,4%), Казакстан экинчи орунду (18%) жана Орусия үчүнчү орунду (6,8%) багындырганы маалымдалды. Эсептер такталса мындагы пайыздар өзгөрүшү мүмкүн. Бирок орундар ошол бойдон эле калат.

Энергетикалык авария жана майнерлер

Криптомайнингдин өсүү темпине өткөн айдагы Борбор Азиядагы энергетикалык авария да бир топ таасир этти. Мурда беш өлкөнү, учурда үч өлкөнү бириктирген энергошакекче 25-январда кырсыкка кабылды. Натыйжада Казакстандын түштүк облустары, Кыргызстан менен Өзбекстандын дээрлик бардык аймактары бир топ убакытка электр энергиясыз калды.

Албетте, ар бир өлкө кошумча линияларын туташтырып абалдан чыгышты. Бирок авариянын себеби кыйла суроо жаратты.

Майнинг-ферма.
Майнинг-ферма.

Казакстандын электр тармактарын башкарган компания (KEGOC) көйгөйдүн келип чыгышына айрым тетиктердин иштебей калганы жана оңдоо иштери себеп болгонун айтты. Бирок кийинчерээк өкмөт муну криптовалюта ишмердүүлүгү (майнинг) менен байланыштырды. Натыйжада 31-январга чейин майнинг компанияларга электр берүүсүн убактылуу токтотуп турду.

Бул жааттагы эксперттер да соңку аварияда майнинг-фермалардын тиешеси бар деп эсептешет. Маселен, Орусиянын Стратегиялык иштелмелер борборунун ("Центр стратегических разработок") адиси Александр Амираягян “РИА-Новости” маалымат агенттигине курган маегинде, биринчи үзгүлтүк Казакстанда катталганын белгилеп, бул аталган өлкөдө криптомайнинг кескин көбөйүп, кубаттуулук жетпей жаткан учурга туш келгенин айтат.

“Азаттык” радиосу менен болгон маегинде Бишкекте жайгашкан Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариел Искаков да ушундай ойго кошулду. Ал дагы мурда казак жергесинде майнерлер аз болгону үчүн электрдин таңкыстыгы сезилбегенин, алардын саны көбөйгөндөн кийин керектөө да ошончолук өскөнү менен байланыштырат.

Арийне, майнинг-фермалар криптовалюта өндүрүүдө өтө көп электр энергиясын керектей турганы белгилүү. Тариел Искаков түшүндүргөндөй, 10-15 эле майнинг-ферма Кыргызстандын бир облусунун калкы пайдалангандай электр энергиясын керектеп коюшу мүмкүн. Ал эми Казакстанда майнинг-фермалардын саны жүздөп саналат.

Орточо эсепте 100 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүргөн Казакстан акыркы жылдары профицит менен чыгып жаткан. Бирок расмий органдар өлкөдө керектөө 7-10% чейин өскөнүн моюнуна алууда.

Азыр расмий сандар айтыла элек, бирок майнинг компанияларынын кескин көбөйүшү менен коңшу мамлекетте электр өндүрүү дефицитке чыга башташы мүмкүн.

Мына ушул жагдайда Казакстандагы майнинг-фермалардын келечеги бүдөмүк болуп калды. BBC басылмасы бул өлкөдөгү майнинг-фермалардын ишмердүүлүгүн иликтегенден кийин, “январдын башындагы кандуу тополоң жана энергетикалык кризис майнерлер үчүн оор мезгил келатканын көрсөтүүдө жана аларды Түндүк Америкага жана Орусияга көчүү жөнүндө ойлонтууда” деп жазды.

Орусиядагы жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү абал

Деген менен Орусиянын өзүнүн криптомайнинг индустриясында дагы кырдаал тынч эмес. Бул өлкөнүн Борбордук банкы январдын ортолорунда Орусияда криптовалютаны майнинг кылууга жана аны жүгүртүүгө толук тыюу салууну сунуштады.

Мунун алдында Bloomberg басылмасы Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) оппозициялык саясатчыларга жана медиаларга сырттан акча которуунун алдын алуу үчүн криптовалютага тыюу салууну Борбордук банктын төрайымы Элвира Набиуллинадан талап кылып жатканын жазган.

Набиуллина өзү мурдараак берген басма сөз жыйынында криптовалютаны жүгүртүүнү көзөмөлдөө мүмкүн эмес экенин белгилеп, ал алдамчылыктарга жол берип коюшу мүмкүндүгүн айткан эле.

Биткоин саткан биржалардын бири.
Биткоин саткан биржалардын бири.

Борбордук банктын бул сунушу учурда Орусиянын Министрлер кабинетинде жана Мамлекеттик думасында каралууда. 26-январда президент Владимир Путин да маселени комментарийлеп жатып, Борбордук банктын жүйөсүндө негиз бар экенин айткан. Ал башкы банк менен өкмөт кеңешкенден кийин бир чечимге келерин айткан эле.

Криптовалютага байланыштуу Орусиядагы чечим Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге да таасир этиши мүмкүн. Бирок антейин десең, Казакстандан башка Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда бул тармак анча өнүккөн эмес. Түркмөнстандыкы таптакыр белгисиз.

Былтыр Гонконгдук компания Тажикстанда майнинг-ферма ачышы мүмкүндүгү кабарланган. Бирок маалымат ырасталган эмес. Ал арада өлкөнүн укук коргоо органдары мыйзамсыз иштеп жаткан бир нече майнинг-фермаларды жапканын кабарлап жатты. Тажикстандык майнерлер өздөрү өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгынан, кубаттуулуктун аздыгынан чыгып кетишкенин сайттарга курган маектеринде ырасташкан.

Өзбекстанда болсо криптовалютага 2018-жылдан тартып көңүл бурула баштаган. Президент өзү атайын токтом чыгарып, атайын лицензиясы менен криптобиржа ачылган. Майнингге болсо 2019-жылдан баштап уруксат берилген, бирок ушу кезге дейре өлкөдө канча майнинг-ферма бар экени белгисиз. Басылмалар Өзбекстандагы криптовалютанын жагдайына “сатса болот, сатып алса болбойт” деген аныктама беришкен.

Кыргызстандын жагдайы

Кыргызстанда майнинг-фермалар кайсы жылдан тартып иштеп баштаганы белгисиз. Айрым маалыматтарда алар 2013-2014-жылдары ачылганы айтылат. Мамлекеттик органдар алгач алардын иштешине маани бербей келсе, фермалар электр энергиясын өтө көп колдонору аныкталгандан кийин күрөш башталган.

“Улуттук энергохолдинг компаниясы” 2019-жылы Кыргызстанда 45 майнинг-ферма аныкталганын кабарлап, алар менен келишимди расмий үзгөн. Натыйжада, компаниялар көбү жабылып же башка өлкөлөргө чыгып кетишкен. Бирок айрымдары көмүскө же мыйзамсыз иштөөгө өткөн.

Андан бери деле Бишкекте, Чүйдө, Нарында жана башка жерлерде мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталып, бөгөт коюлду. Акыркы жолу былтыр декабрда атайын кызмат Ысык-Көл райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы үйүнө криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруп алганын таап чыккан.

Бирок өлкөдө криптомайнингге тыюу да салынган эмес. Мурдагы Салык кодексинде да, быйыл күчүнө кирген жаңы Салык кодексинде да майнингге салык каралган. Электр энергиясын пайдалануу тарифи да бекитилген. Иш жүзүндө өлкөдө электр энергиясынын дефицитинен улам аларга ток берилбейт.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Кайра эле ушунча же андан көбүрөөк ток пайдаланат, жетпегенин сырттан импорттойт. Башкача айтканда, кайра ошол Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана башка өлкөлөрдөн сатып алып келет.

Ошондуктан эгер криптомайнерлер Кыргызстанда иш алып баргысы келсе, анда жеке менчик гидроэлектрстанциялары менен иштеп турушу керек. Алардын саны канча экени белгисиз. Мурдараак биз Ысык-Көлдүн Тоң районундагы “Көк-Сай” ГЭСинен жана "Коңур-Өлөң" ГЭСинен электр алып, иштеп жаткан майнинг-фермалар тууралуу жазганбыз.

Башка маселе, криптовалютаны жүгүртүү жана алып-сатуу Кыргызстанда азырынча көзөмөлгө алына элек.

Бишкектеги криптовалюта саткан финансылык брокери.
Бишкектеги криптовалюта саткан финансылык брокери.

Улуттук банк 2020-жылдын 31-декабрында “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” жана “Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Учурда анын мөөнөтү бүткөн. Башкы каржы көзөмөл мекемеси азыр долбоорду Министрлер кабинети менен президенттик администрация изилдеп жатканын ырастады.

Мындан сырткары былтыр октябрда Жыргалбек Турускулов баштаган депутаттар тобу “Криптоактивдерди жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап чыккан. Жогорку Кеңештин жалпы палатасында анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Өткөн жылы ноябрда парламентте жаңы чакырылыш шайланды жана мыйзамдын кийинки тагдыры азыр белгисиз бойдон турат.

Ага карабай өлкөдө криптовалютаны алып сатууга чектөө жок. Атайын сайттар биржа сыяктуу уюштуруп алышкан. Жарандар биткоин же башка криптовалюталарды ошол жерден, же дүйнөлүк биржалардан сатып-алып, тегеретип жатышат. Бирок бирдиктүү болбогондуктан канча кыргызстандыкта криптовалюта бар экенин айтуу мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG