Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 40тан ашык документке кол коюлду


Документтерге кол коюу салтанаты. Үрүмчү, 26-июнь, 2024-жыл.
Документтерге кол коюу салтанаты. Үрүмчү, 26-июнь, 2024-жыл.

Үрүмчүдө өткөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети 26-июнда кабарлады.

Документтер энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарга таандык. Кызматташуунун суммасы 1 млрд 500 млн долларга бааланууда.

Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономдуу районунун борборундагы иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган аткаминерлер катышты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

Бишкек Бээжинди негизги өнөктөштөрүнүн бири катары сыпаттайт, көбүнчө жол куруу жанга өндүрүш долбоорлоруна Кытай көмөктөшөт.

Иш жүзүндө Кытайдын жардамы менен ишке ашкан ар бир долбоордун каражаты Кыргызстандын мойнуна карыз болуп илинет. Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборун, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүн, Бишкек шаарынын жолдорун, түндүк-түштүк облустарын байланыштырган альтернативдүү жол сыяктуу бир катар ири долбоорлорго салынган каражаттын баары Кыргызстандын тышкы карызына кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG