Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 28-февралда бул мамлекетти колдогондордун тилектештик акциясы өттү. “Украинага даңк!” деген жазууларды көтөргөн Бишкектин тургундары Орусия бийлигинин соңку кадамдарын сындап, украин жергесине тынчтык каалады. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко да бул күнү маалымат жыйынын өткөрүп, соңку окуялар кыргыз-украин алакасына кедергисин тийгизбей турганын, алдыда экономика жаатындагы кызматташуу боюнча бир катар пландар бар экенин билдирди.
Экономика
дүйшөмбү 28 Февраль 2022
Орусиянын Украинага басып киргенине беш күн болду. Кыргызстанда доллардын курсу кайрадан 97 сомго чейин чыкты. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дээрлик бир жылдан бери жабык турушу коңшу Согд облусунун экономикасына терс таасирин тийгизди.