Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

26-июнь: Президент Жапаров карындашы үчүн кечирим сурады, Тажикстанда бүбү-бакшы камалат


Лаззат Нургожоева Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагынын жанында.
Лаззат Нургожоева Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагынын жанында.

26-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Садыр Жапаров карындашынын окуясы үчүн элден кечирим сурады

Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу комментарий берип, “ысырапкорчулукту токтотууда президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин” айтып, карындашы үчүн элден кечирим сурады. 24-июндун кечинде Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду жарыялаган. ӨКМ тик учактын бир сааттык ижарасына 157 миң 662 сом төлөнгөнүн билдирди.

“Апрелчилерге” тигүү фабрикасы курула баштады

Министрлер кабинети “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомуна бөлүп берген жерде 15-20 күн мурун тигүү фабрикасы, бала бакча жана дагы бир имараттын курулушу башталганы белгилүү болду. “Ош базары” жана Батыш автобекети көчүрүлөт делген жерге жерге туштан бөлүнгөн аймакка салынып жаткан тигүү фабрикасынын курулушун ким каржылап жатканы боюнча маалымат жок. Президент Жапаров 22-июнда “Кабар” агенттигине курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткандар Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Президент алар “Курманбек Бакиев 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүнү убада кылган” деп айтышканын жана ал үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин айткан. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн коомдук бирикмелердин жетекчилери Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтышты.

ЖК Улуттук банктын төрагасы кызматына Тургунбаевди шайлады

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасына Мелис Тургунбаевди шайлады. Аны бул кызматка президент Жапаров көрсөткөн. 42 жаштагы Мелис Тургунбаев - экономика илимдеринин доктору. 2023-жылы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган. Бул кызматтан 26-июнда кетти. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кеткени 24-июнда белгилүү болгон. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болору айтылууда.

БУУ Газада ачарчылык коркунучу өтө жогору экенин эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматында айтылгандай, Газа тилкесинин түндүгүн гуманитардык жардам менен камсыздоо ал жакта ачарчылыктын жайылышына жол берген жок, бирок жалпысынан анклавда жардам жетиштүү болбой жатат. Программанын жаңыртылган “Азык-түлүк коопсуздугу фазаларынын жалпы классификациясына” (IPC) ылайык, Газанын 495 миңден ашуун тургунуна тамак-аш жетпей кырдаал “катастрофалык” деп бааланууда. Бул мурда болжолдонгон 1,1 млн адам деген көрсөткүчтөн аз экени, бирок сөз Газа калкынын бештен бир бөлүгүнөн көп киши тууралуу болуп жатканы белгиленди.

Украин президенти Владимир Зеленский фронттун алдыңкы тилкесине барды

Зеленский социалдык түйүндөргө Донецк облусунун Покровск шаарынан түшкөн видеосун жарыялап, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен күчтөрүнүн жаңы командачысы Андрей Гнатов катышкан жыйын өткөргөнүн айтты. Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, фронттун Харьков багытында азыркы тапта орус армиясы Волчанск айланасында эки жерден чабуул коюуда. Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу менен генерал Валерий Герасимовди камоо ордерин чыгарды. Киев бул чечимди кубаттаса, Москва ал "эч нерсеге арзыбайт" деп сыпаттады.

АКШ жана Орусиянын коргоо министрлери телефондон сүйлөштү

Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов телефондон сүйлөшкөнүн 25-июнда Пентагон билдирди. Сүйлөшүү Остиндин демилгеси менен уюштурулуп, эки өлкөнүн коргоо министрлери акыркы жолу 2023-жылдын мартында телефондон байланышканы кабарланды. Орусия Украинага басып кирип, анын төрт аймагын аннексиялап алышы жана орус аскерлеринин Украинанын чыгышында улам алдыга жылышы Москва менен Вашингтон ортосундагы мамилени 1962-жылдагы «Кариб кризисинен» берки эң кооптуу деңгээлге кептеди.

Тажикстанда бүбү-бакшы эми түрмөгө камалат

Коңшу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине кирген өзгөртүүлөргө ылайык, эми төлгө салып, дубалап тумар жасап берип, бакшылык кылгандар дээрлик 50 эсе көп айыппул төлөйт же эркинен ажыратылат. 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда эркинен ажыратуу жазасы жок болчу, 3 миң сомони (280 доллар) өлчөмүндө айыппул гана каралган. Эми жаңы мыйзамга ылайык, андай иш менен алектенгендер эки жылга чейин камалып же 144 миң сомони (13 350 доллар) төлөөгө милдеттүү болот.

Кыргызстандык балбандар 10 медал алды

22-26-июнь күндөрү Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын балбандары 10 медал алды. Эркин күрөштөн Садыр Кайыпбеков (45 кг), Өмүрбек Асан уулу (60 кг), Нурсадык Нурдинов (65 кг) алтын, Нуртилек Замирбеков (51 кг), Курсантбек Исаков (55 кг) күмүш жана Самидулло Алимжанов (80 кг) коло байге алды. Грек-рим күрөшүнөн Ислам Темирбеков (48 кг) менен Элдар Мурзакулов (55 кг) коло медал тагынышты. Ал эми кыз келиндер күрөшүнөн Асема Төрөгелдиева (49 кг) жана Асель Жапарова (61 кг) коло байге алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG