Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Казакстанда менчик бала бакчада жапырт уулануу катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда бала бакчадагы жапырт уулануу болгон окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын 26-июнда «Азаттыктын» казак кызматы жазды. Окуя 25-июнда Түркистан облусунун Келес районундагы «Уалихан» менчик бала бакчасында катталганы кабарланды.

Эки жаштан беш жашка чейинки курактагы 34 бала ооруканага жеткирилген, алардын үчөө калтырылып, калгандары үйгө чыгарылган.

Облустук саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, эртең мененки тамакка балдар буламык жеген, түшкө маал өзүн начар сезе баштаганда доктур чакырылган.

Үч бала инфекциялык ооруканада дарылануусун улантууда, дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

Түркистан облустук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти териштирүү жана текшерүү жүргүзүп, балдардын жапырт ууланышынын себебин иликтөөдө.

Полиция департаменти Кылмыш-жаза кодексинин «Санитардык эрежелердин жана гигиеналык нормалардын бузулушу» деген берене менен кылмыш ишин козгоп, териштирүү баштады.

Жалпысынан аталган менчик бала бакчага 130 бала барат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG