Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:21

Экономика

Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусуна жооп ирети ага каршы жаңы санкцияларды макулдашты.

Еврокомиссия ал санкциялык чаралар Орусиянын каржылык жана өнөр-жай тутумун жок кыларын убада кылды. Бул жагдайда орус өкмөтү өнөктөштөрү менен санкцияларга каршы туруу чараларын сүйлөштү.

Евробиримдиктин санкциялык тизмесин Орусиянын президенти Путин менен тышкы иштер министри Лавров баштайт. Аны Думанын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, орусиялык ири компаниялардын жана банктардын жетекчилери, ири ишкерлер улайт.

Чектөөлөр Орусиянын банк-финансы, өнөр-жай-энергетика, транспорт-логистика тармагын ичине камтып, күндөлүк керектелүүчү товарларга, эл аралык соодага жана айрым виза маселелерине таасирин тийгизе турганы көрсөтүлгөн.

Урсуланын убадасы

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен бул санкциялар Орусиянын экономикасына чоң сокку ура турганын айтты:

Бельгия,. Урсула фон дер Ляйен. Еврокомиссиянын президенти.
Бельгия,. Урсула фон дер Ляйен. Еврокомиссиянын президенти.

"Биринчиден, бул пакет Орусиянын эң маанилүү деген капиталдык рынокторго кирүүсүн чектеген каржылык санкцияларды камтыйт. Биз азыр Орусиянын банк рыногунун 70 пайызын санкциялык бутага алуудабыз. Ошондой эле негизги мамлекеттик компанияларды, анын ичинде коргонуу тармагын да көздөп жатабыз. Бул каржылык санкциялар Орусиянын банктык-насыялык киреше-чыгашаларына багытталып, инфляциянын ыргагын абдан бат жогорулатат. Бул чаралар бара-бара Орусиянын каржылык тутуму менен өнөр жай базасын талкалайт", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Евробиримдик Орусиянын Украинага каршы агрессиясын айыптады. Европа Кеңеши Москва эл аралык укукту жана БУУнун Уставынын негизги принциптерин одоно бузуп, эгемен өлкөнүн аймагына басып киргенин белгиледи.

Брюссель кошумча санкцияларды даярдап, ага Беларустун кызмат адамдары, компаниялары да кире турганы айтылды.

Борбор Азиядан биримдик издеген Кремл

Мына ушундай жагдайда Орусиянын Федералык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Тажикстанга барып, тажик бийлиги менен өз ара соода-экономикалык алакаларды талкуулады.

Ошол эле күнү Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Нур-Cултанда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты.

Михаил Мишустин Украинага байланыштуу санкциялык басым күчөгөнүн айтып, ага биргеликте каршы турууга туура келерин билдирди:

Михаил Мишустин, Орусиянын премьер-министри.
Михаил Мишустин, Орусиянын премьер-министри.

"Глобалдык экономикада оор учур. Күчөп жаткан басым түз же тикелей түрдө ЕАЭБ уюмунун ар бир мүчөсүнө таасирин тийгизет. Биз мындай чакырыктарга каршы туруунун жалпы жолун иштеп чыгышыбыз керек. Ага ылайык, санкциялык басымдарды жумшарта турган чараларды көрүшүбүз зарыл. Албетте, азыркы түзүлгөн жагдайга карабай, биздин кызматташтыкты чыңдоону улантып жатканыбыз бардыгына эле жага бербейт. Батыш өлкөлөрү бизди обочолонтууга аракет жасашууда. Ал эми бул бүгүнкү жолугушуу биздин биримдигибиздин мыкты далили", - деди Мишустин.

Орусиянын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Тажикстандагы иш сапары учурунда Орусия Батышка жооп катары санкцияларды киргизерин билдирди. Бирок ал кандай санкциялар экенин атаган жок.

Ошондой эле Матвиенко жакында президент Владимир Путин Дүйшөмбүгө иш сапары менен бара турганын кошумчалады.

Кремлдин жогорку эки кызмат адамынын Борбор Азияга сапары Орусия эл аралык изоляцияга дуушар болгон учурга туура келди.

Орусияга салынчу санкциялардын таасири

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында каралган негизги маселеге токтолду:

Акылбек Жапаров, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы. Нур-Султан шаарындагы өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында. 25-февраль, 2022-жыл.
Акылбек Жапаров, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы. Нур-Султан шаарындагы өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында. 25-февраль, 2022-жыл.

“Биздин бир топ жылдан берки эң чоң соода-сатыгыбыз Орусия менен болгон. Анан соода алакасы ким менен болгон соң, аны менен биздин экономика терең байланышта болот. Анан ал жакта бир нерсе болсо, сөзсүз түрдө анын таасири бизге дагы тийбей койбойт. Биз мына ошол жагдайларды карап, чараларды талкуулап чыкты. Бул нерсе валютанын курсунун туруктуулугуна дагы таасир этип, инфляция маселесин пайда кылат. Биз мына ошондой олку-солкулуктардын алдын алышыбыз абзел. Биз өнүктүрүү программаларын каржылоонун ийкемдүү жана жеңилдетилген инструменттери менен өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган Евразиялык кризиске каршы фонд түзүүнү ойлонушубуз керек”.

Анда Батыштын Орусияга санкциялык басымына байланыштуу анын кесепеттерин алдын алуу чараларын карап, алака-катышты өнүктүрүү, кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Ал товарлардын, капиталдын жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүнү карайт. Бирок уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда жүк өткөрүүдө, миграциялык мыйзамдарда бир топ көйгөйлөр чыгып келди.

Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Австралия жана Жапония Орусия Украинага согуш ачканы үчүн ири орусиялык банктарга санкцияларды киргизген. АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын активи 1 триллион доллардан ашкан ВТБ банкы баш болгон бир нече банкы Кошмо Штаттардын финансылык тутумунан ажыратылганын билдирди. Ал жаңы чектөөлөр орус олигархтарына жана ал өлкөнүн технологиялык секторуна да терс таасир этерин кошумчалады.

Батыш жана анын Азиядагы өнөктөштөрү Орусияны баскынчылык үчүн айыпташты. Орусия болсо Кытай, Иран жана Сирия сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, саясий колдоо издеп жатканы кабарланды.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат 5де орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Киев орусиялык кол салуунун биринчи күнүндө 137 аскеринен жана элүүдөн ашуун жараынан ажыраганын билдирди. Орусия жоготуулары тууралуу маалымдай элек.

Кыргыз-казак чек арасында кыйналган айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кире албай кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, 23-февралда беш чакырымга чейин тизилип турушат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG