Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Бишимбаевдин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды


Куандык Бишимбаев сот залында. 2024-жылдын 26-июну.
Куандык Бишимбаев сот залында. 2024-жылдын 26-июну.

Казакстанда жубайынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр Куандык Бишимбаевдин жана аны менен чогуу соттолгон жакын тууганы Бакытжан Байжановдун апелляциялык арызын канааттандыруусуз калтырды. «Азаттыктын» казак кызматы жазгандай, бүгүн 26-июнда Астана шаарынын кылмыш иштери боюнча сотунун апелляциялык коллегиясы алардын даттануусун карап, биринчи соттук инстанциянын өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды.

Бишимбаевди быйыл 13-майда Астананын район аралык кылмыш соту жарандык жубайы Салтанат Нукенованы «өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн» деп 24 жылга эркинен ажыраткан, жаза мөөнөтүн абактын коопсуздугу күчөтүлгөн колонияда өтөөгө жөнөткөн.

Байжанов Бишимбаевдин «кылмышын жаап-жашырган» деген айып менен төрт жылга кесилген.

Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Окуя былтыр 9-ноябрда болгон. Прокурор мурдагы министр аялын тынымсыз сабаганын, аны өлтүрүп коюп, бир нече саат дарыгер да, полиция да чакырбай, тамак ичип, тааныштары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрө бергенин билдирген. 31 жаштагы Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылган, бирок 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Нукенованын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG